Мандатынан ажыраган эки депутат сотко үмүт артат

Published

Сталбек Абдижалил, Би-Би-Си, Бишкек

Мандатынан ажыраган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжанов Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы сотко арызданышты.

Алар БШК чыгарган чечим менен макул эмес жана акыйкат чечим чыгарат деп сотко үмүт артып турушат.

Бишкек шаардык административдик соту алардын арызы келип түшкөнүн ырастады. Исмаиловдун арызы боюнча баштапкы отурум 17-июлда, Алимжановдуку анын эртеси болот.

Боршайком депутатарды мандатынан 6-июль күнү ажыраткан. Жыйында маалымат берген билим берүү министринин орун басары Уланбек Усеков, эки депутатка диплом мыйзамсыз берилгени комиссия тарабынан аныкталганын билдирди.

“Эл өкүлдөрү” эмне дейт?

Фарходбек Алимжанов "Альянс" партиясы аркылуу депутаттык мандат алган. Жогорку Кеңештин сайтында анын Ош мамлекеттик университетин жана Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын аяктаганы жазылып турат.

Алимжанов Би-Би-Сиге кыскача маек берип, биринчи дипломун кантип алганын айтып берди.

“Мен окуу жайды сырттан бүтүргөм. Улам окуудан четтетилип, кайра калыбына келтирилгенде ылдыйкы курска отуруп калып, баш аягы 11 жыл окудум. Кадимки тартипте окуганга менде шарт туура келбей калды. Үйдө жалгыз бала болгондуктан атам каза болгондон кийин үйдөгү милдеттер мага жүктөлгөн. Кезинде чет өлкөдөн билим алууга деле мүмкүнчүлүк болгон бирок шарт туура келбей сырттан окуп, иштөөгө туура келди. Дипломду 2016-жылы колума алдым. Сынактарга катышкам, чогуу окуган курсташтарым деле бар”, – деди Алимжанов.

Фархат Исмаилов "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы менен шайлоого катышып, мандат алган. Анын өмүр баянында Кыргыз улуттук университетин жана Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктагыны көрсөтүлгөн.

Би-Би-Си Исмаиловдун өзү менен байланышууга аракет кылып, майнап чыккан жок. Бирок ал "Стоп Беспредел" YouTube каналына берген маегинде токтоп калган иш кайра жанданганына таң калып турганын айткан.

Жасалма дипломдорду текшерүүгө жол ачкан жаңы мыйзам

Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана турган адам жогорку билимдүү болушу керектиги тууралуу мыйзам 2021-жылы кабыл алынган. Ага чейин айрым депутаттардын сессияларда жана чет өлкөгө чыккан сапарлары учурунда туура эмес сүйлөп, тексттерди оңдуу окуй алышпаганы коомчулукта талкуу жаратып келген.

Мыйзамга өзгөртүү киргенден кийин Рыскелди Момбеков 2021-жылдын ноябрь айындагы парламенттик шайлоого катыша албай калган.

Анда Борбордук шайлоо комиссиясы жүздөгөн талапкерлердин ичинен жалгыз гана Рыскелди Момбековду диплому жасалма деген негизде шайлоого саналуу күн калганда жарыштан четтеткен.

2022-жылдын январында БШК кайра эле дипломго такап Момбековду Биринчи май шайлоо округу боюнча кайра шайлоого талапкер кылып каттоодон баш тарткан.

Андан кийин “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан депутат болгон Орозайым Нурматова жасалма диплом алган делип мандатынан кол жууган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жасалма диплом алууга шектелип жатканы тууралуу 2022-жылдын март айында маалымат тараткан.

Бир айдан кийин БШК жасалма диплом алууга шектелгендер Алимжанов менен Исмаилов экенин ачыктап, материалдар текшерилген соң аларды мандатынан ажыратуу маселеси караларын айткан.

Бирок ошол бойдон бул иш токтоп калган. БШК мүчөсү Узарбек Жылкыбаев иштин создугушун билим берүү министрлигинен так жооп келбей жаткандыгы менен түшүндүргөн.

Мадумаровдун ишинен кийин жанданган мандат чуусу

2023-жылдын 29-июнунда билим берүү министрлиги №4501/1 буйругу менен эки депутатын дипломун текшерүү боюнча үч адамдан турган комиссия түзгөн.

Мунун алдында Жогорку Кеңеш (22-июнь) “Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду жооко тартууга макулдук берген.

Бул ишти кароо боюнча түзүлгөн комиссиянын курамына “Альянс” фракциясынан Фарходбек Алимжанов да кирген. Ал комиссиянын корутундусуна каршы добуш берген. Бирок жалпы жыйында кандай добуш бергенин ачыктагысы келген жок.

“Мен ал жерде Мадумаров болобу башкабы бары бир каршы добуш бермекмин. Менин табиятым ушундай. Ал эми жалпы жыйында каралган маселе жабык болгондуктан аны ачыктагым келбейт”, – деди Алимжанов Би-Би-Сиге.

Дайыма бийликти колдоп, айрым учурларда кесиптештери менен уруша кеткен Фархат Исмаилов да Мадумаровду жоопко тартууга макул болгон эмес. Бирок ал каршы да добуш бербегенин "Стоп Беспредел" YouTube каналына берген маегинде билдирди:

“Мен өзүмдүн добушумду берген жокмун, кармандым. Мен биринчиден өзүмдүн жүзүмдү тебелегим келген жок. Чындыкты тандадым. Ата-энеминдин жүзүн жер караткым келбеди”.

"БШК эч кандай жоопкерчилик тартпайт"

Эки депутат мандатынан кол жуугандан кийин бул маселенин укуктук жагы да талкууга түштү. БШК мүчөсү Узарбек Жылкыбаев бул жерде Боршайком эч кандай жоопкерчилик тартпай турганын айтты.

“Аларды мыйзамсыз мандат алып, депутат болуп жүрүшкөн деп айтса болбойт. Анткени бизге документ тапшырганда дипломдору бар болчу. Биз алардын дипломун кандай алганын текшере албайбыз да. Анткени кадимки эле дипломдорун алып келишкен”, – деди Жылкыбаев.

Боршайкомдун мүчөсү соттук иштер боюнча бардык инстанциянын жыйынтыктарынан соң кийинки турган тизмедегилерге мандат берилерин билдирди.