You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Өзбекстандагы кыргыз ишкери: Өзбекстан бизнес менен инвестицияга болушунча кучагын жайып жатат
- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Си, Бишкек
- Published
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары уланууда. Анда эки элкөнүн соода алакасына да абдан чоң көңүл бурулууда. Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылы 11 айда эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 543 млн доллардан ашканын билдирди - бул 2021-жылга салыштырмалуу 21% көбүрөөк.
Мындан сырткары, “Кыргызстан – Өзбекстан” бизнес-форумунун жүрүшүндө 168 млн долларлык 11 документке кол коюлду.
Би-Би-Си Кыргызстандан Өзбекстанга барып, чоң завод куруп, иштетип жаткан инвестор Жамиля Турдакунова менен кенен маек курду.
Би-Би-Си: Чоң инвестиция менен европалык технологияны алып, Өзбекстанга баруу чечимин кабыл алышыңызга эмне түрткү болду?
Жамиля Турдакунова: Мурдагы бийлик жетекчилерине суу маселесин чечүү керек деп көп кайрылдым. Эгемендүүлүктү алгандан кийин суубуз табигый шартта 30 пайызга азайды. Дагы 20-30 жылдан кийин ушундай көлөмгө азайып кетсе эмне болот? Азыр жөн эле бизде суу бар деп төш кагып жатабыз. Кезинде Бишкектин 9-кичи районунда тогуз кабат имарат бар эле. Азыр ал Бажы кызматынын имараты. Мурда Суу чарба министрлиги ошол жерде жайгашчу. 9 кабатту имаратта бүт адистер отурчу. Азыр ошолордун бири да жок. Суу маселеси менен көп жумуштарды жасаса болот. Жаңы технологияларды алып келип, өзүбүздүн окумуштуулар болобу, мыкты адситер менен өзгөрө турган иштерди жасоого тийишпиз. Эч кимди чочуткум келбейт, бирок суу маселесин чечпесек экологиялык жактан кесепеттерге кабылышыбыз мүмкүн.
Би-Би-Си: Убагында сиз азыр Өзбекстанда кылып жаткан ишиңиз боюнча мурдагы бийликтегилерге кайрылыптырсыз. Кандай жооп алдыңыз эле?
Жамиля Турдакунова: Убагында көп жолу кайрпылгам. Анан Өзбекстанга кеттим. Азыркы заводду жөн эле салып коймокпуз, бирок технология маселеси менен көп иштөөгө туура келгендиктен Өзбекстанга кайрылдым. Коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев өзү ирригатор болгондуктан маселени ичинен түшүнүп, жардам берип келет. Бизге завод кургула деп жер бөлүп берип, суу, электр энергиясынан бери камсыздап беришти. Ал тургай жол салып, темир жолдон бери куруп беришкен. Алар суунун зарылдыгын билип, бул технологиянын келечегин көрүп жатышат.
Би-Би-Си: Кыргызстанда жана Өзбекстанда ишкерлик кылуунун негизги айырмачылыктары кайсылар?
Жамиля Турдакунова: Өзбекстанда глобалдуу пландар кабыл алынат жана тез ишке ашат. Президенттин сөзү да катуу, эмнени айтса аткарылат. Кыргызстан дагы ошого баратат деп ойлойм.
Кыргызстанда адистер, окумуштуулар жетишпейт. Жаңы технологиялар менен иштей турган адамдар саналуу эле калды. Адистердин көбүнүн жашы өтүп, көбү эски система, эски ой менен жүрүшөт. Азыр жаштарды үйрөтүү керек. Технология өнүккөн заманда комьютердин тилин билген жаштар бат эле өздөштүрүп кетет. Биздин жаштар жөндөмдүү. Биздин окуу жайларда ирригациялык факультеттер барбы, жокпу так билбейм. Айтор көп жагынан биз артта калып жатабыз.
Бизде бир маселени чечүү үчүн жүз кишиге барууга туура келет. Ошон үчүн көп нерсе чеилбей калат. Өзбекстанда болсо тиешелүү мекемеге барсаң ошол жерден ишти бүтүргөнгө болот.
Би-Би-Си: Мурун оозеки сөз же кагаздагы долбоор экен. Эми иш жүзүндө турат. Сиз айыл чарба министрлигине ушул долбооруңузду сунуштап көрдүңүзбү? Кандай жооп алдыңыз?
Жамиля Турдакунова: Сунуштарымды жазып, расмий кат жибердим. Бирок алар азырынча каралбайт дегендей жооп кылышты. Бизде жооптордун баары ушундай. Так эмне деп жооп бергенин да түшүнбөйсүң.
Би-Би-Си: Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден бери Кыргызстан менен Өзбекекстандын мамилеси жакшырат, дипломатия күчөйт деп айтылып келет. Ишкер катары сизге таасири сезилдиби?
Жамиля Турдакунова: Айырмасы бар. Экономикалык жактан туура келишимдерди түзүү керек. Анын баарын ачык айтып турган жакшы. Эмне жөнүндө сүйлөшүп, кандай келишимдер кабыл алынганын билсек, ишкер катары бизге да жеңил болот.
Өзбекстанда пахта экспортко чыкпайт, текстил фабиркалары көп болгондуктан өздөрү иштетишет. Биз дагы кенедей болсо деле пахтаны жөн эле сатып жибербестен чакан ишканаларды куруп, өзүбүз иштетүүбүз керек. Ишкерлерибиз бул жагынан кыйын, кудайга шүгүр.
Би-Би-Си: Өзбекстанда инвесторлорго, анын ичинде сиз сыяктуу Кыргызстандан барган инвесторлорго мамиле кандай?
Жамиля Турдакунова: Жакшы мамиле кылышат. Ким эмне кылып жатканын, көзөмөлдөп турушат. Эгер кандайдыр бир жардам керек болсо атайын мыйзамдар аркылуу колдоо көрсөтүшөт. Ошон үчүн Өзбекстан инвесторлорду өзүнө тартып жатат.
Би-Би-Си: Өзбекстан акыркы эки-үч жылда жакшы шарттарды түзүп, бир эле Кыргызстандан эмес Казакстан сыяктуу коңшу өлкөлөрдөгү бизнести өзүнө имергени сөз болуп келет. Чын эле ушундай болдубу?
Жамиля Турдакунова: Мындайлар көп. Алсак Казакстандын Алмалык кен-металлургия комбинаты иштейт. Орусия менен Түркиядан жаңы келип жаткан компаниялар бар. Кимде акча болсо келип, инвестор болушуна шарттарды түзүп беришет. Биз дагы ушундай кылсак жакшы болот. Жакшы шарттарды түзүп бергендиктен кадимкидей тартылып жатышат.
Би-Би-Си: Ошол жерде жашап, көзүңүз менен көргөн адам катары кандай өзгөрүүлөр болуп жатканын айтып берсеңиз
Жамиля Турдакунова: Өзгөрүүлөр аябай чоң. Жакында болгон энергетикалык кризис дагы өзгөрүүнүн белгиси. Мурда аз нерсеге ылайыктап салынган энергосекторлор баарын камсыздоого жетишпей жатат. Ири заводдор салынууда. Текстиль өнөр-жайы менен Орусияны кошуп көп өлкөнү “басып алышты”. Кыргызстанда тигүү тармагы өнүгүп баратат дегенибиз менен өзбек туугандарга жетишпейбиз. Дизайн менен модель жагынан жакшы болсок керек, бирок сапты жагынан арттабыз. Ошондуктан Биздин ишкерлер коңшу өлкөгө барып, бизнес форумдарга катышып, заводдорун көрүп көп нерсени үйрөнүүгө тийиш. Мен жөнөкөй эле бир нерсени айтайын, керек болсо Өзбекстандын карапайым эли да аябай эмгекчил. Кенедей жери болсо да ошону тытып, иштетип, күнөсканаларды курушат. Аларда деле мамлекет элдин баарына насыя берип, колдоп жаткан жери жок. Тилекке каршы бизде гектарлаган жери болсо да иштетпей таштап салган мисалдар бар го.