You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Токсон боолуу өзбек менен кырк уруу кыргыз алакасы
Өзбекстан байыркы цивилизациялардын азыркы мураскери
17-кылымдагы Турду акын (Фараги) 90 элден куралган өзбек деп жазганы бар. Ошондон уламбы биздин тарыхчы Белек Солтоноев да 90 боолуу өзбек деп атайт. Чындыгы бар. Анткени Фергана, Заравшан, Кашка-Дарыя, Сурхан-Дарыя, Хорезм оазистерин байырлаган, айрымдарынын аты калып өзү жок, азыркы Борбор Азия улуттарына ар кандай катышта кирген түрк жана иран тектүү түркүн этностордон куралган эл.
Гундар, сактар, согдулар, массагеттер, огуздар, хорезмилер, караханийлер, кийин орошон кыпчактар, чагатайлар, акыры түрктөшкөн перстер, айтор азыркы түркмөндөр, казактар менен кыргыздардын этникалык курамында кездешкен уруулардын бир тобу өзбек этносунун калыптанышына катышкан этностор. 20-кылымдын башында миллион ашык сарттар алеки саатта калем учу менен өзбекке айланган.
Өзбек этноними биздин айрым “панкыргызчылар” айткандай кечээ жакында пайда болгон эмес. Өзбек антропоними 12-кылымдан бери белгилүү. Ибн Мункуздун (болжолу 1140-1190-жылдары жашаган) “Насаат китеби” чыгармасында “Өзбек” энчилүү аты Мосул шаарынын башчысы катары эскерилет. Рашид-ад-диндин айтымында огуз династиясынын өкүлү катары Өзбек Музаффар Тебриз шаарын 1210-1225-жылдары башкарган имиш. Хорезмдин шахы Жалал-ад-Дин монголдордон жеңилип, Ооган тарапка качканда аскер башчыларынын бири Жахан палван Өзбек болгону айтылат.
“Өзбек” антропоними жана этноними Алтын Ордонун ханы, Мөңкү-Темирдин онунчу уулу Өзбек ханга (болжолу 1283 — 1341-жылдар) чейин эле белгилүү. Өзбек этноними Өзбек хан доорунан тарта түрк-монгол урууларынын этносаясий бирикмесинин аты катары белгилүү боло баштайт. Ошондон улам айрымдар өзбек этносу кечээ гана пайда болгон деген пикирде жүрүшөт. Алишер Навои “ала топу, чапанчан карапайым өзбек” деп ырга кошот, 16-кылымдагы айрым жазууларда “Өзбекстан” топоними да кездеше баштайт, мисалы Сефевид шахы Тахмасл Шейбани хандын ээлигин ушинтип атаганы бар.
Ошентип, өзбек кандашыбыз байыркы түрк жана перс тектүү түркүн этностон куралган, кыска убакыт ичинде улуттук идентификациясы бекем, динамикалуу өнүккөн бирдиктүү улут. Албетте, трайбализм, регионализм өзбек туугандарыбызда да бар, бирок жалпы улуттук аң-сезими жогору, темирдей ширелип, сомдолгон этнос.
Өзбек эли орус сымал, маданий, интеллектуалдык баалуулуктарды сиңире билген, башка этноско таандык экен деп жерибеген калк. Биздегидей чыгаан чыккан инсандарды калмак, сарт, казак, уйгур экен деп жеримей жок. Орошон инсанды өзбек, мыкты оокатты өзбектики дейт. Мусулман ренессансы деп аталган, маданият, искусство, илим-билим гүлдөгөн доордогу перс, араб, түрк ж.б. ойчулдары, акындары, окумуштуулары, өнөрпоздору, ишмерлери, хандары, саякатчылары өзбек аталды. Ажайып архитектура, көркөм өнөр, искусство чыгармалары, сепилдер, гүлдөгөн шаарлар Өзбекстандын маданий мурасы деп эсептелет бүгүн. Тарыхты ким үңүлө тиктеп отуруптур.
Азыр Өзбекстанга таандык, анткени “улуу өзбек акыны Навои”, Улуу өзбек мамлекеттик ишмери Темирлан” деген сыяктуу саясат ичте жана тышта сабаттуу, системалуу, калыбынан жазбай жүргүзүлүп отуруп, көпчүлүктүн кулагына сиңди. Европалык же Латын Америкалык журт, Чыгыш Азиядагы же Африкадагы коомчулук ошондой кабыл алат.
Президент Шавкат Мирзиеев жакында Луврга барып өзбек маданиятын даңазалаган көргөзмөнү ачып келди. Эми эр болсоң кийин кайта Луврга барып, ошол кезде өзбектики турбайбы суктанып чыккандарды туш-туштан кайра чакырып, бул мындай эле деп көр.
Бабур барлас уруусунан, чагатай жана перс тилинде сүйлөгөн, насили Чингизиддер тукуму деп кимге далилдеп отурасың, интернетти ачсаң эле Бабур - өзбек, Анжиянда төрөлгөн, Моголдор империясынын негиздеген деп турса. Демек өзбектики эмес, анын тарыхы андай, бул инсандын теги тигил, а мынабу керемет нерсенин жайы мындай деш майнапсыз кепталаш. Өзбекстан ошол баалуу мурастардын баркына жетип, кадырын баалай алды, тээ алмустактан бери өзбек улутуна таандык экендигин дүйнөгө таанытууга чамасы жетти.
Өзбекстан байыркы жана орто кылымдардагы улуу цивилизациялардын мурастарын ээлеп калган, ошол мурастар өзбекке тиешелүү дөөлөттөр деп өзү да ишенген жана өңгөнү да ишендире алган мамлекет. Түрк тектүү, Борбор Азиядагы улуттар үчүн орток, бирок ар бири үчүн улуттук даам болуп эсептелеген ашын, палоосун, мастабасын, мантысын, чүчпарасын, самсысын, лагманын, тандыр нанын, шишкебегин, айтор дүр-дүйүм оокатты нукура өзбектики деп алдыңа тартат, килем, парча, жибек, шайы, айтор кулпунган кездемелерди тышкы дүйнөгө насили өзбектерге таандык деп соодалайт. Бали, тууганым дегенден башка аргаң кем.
“Өзбекстан - келечеги буюк давлат”
Өзбекстан кең аймакты ээлеген, жаратылыш байлыктары (суудан башкасы) жетиштүү өлкө - кен байлыктарынын 20% гана араң изилденди. Ушул изилденген байлыктары 5,7 триллион доллардан ашык. Ар жылы Өзбекстанда 80 тонна алтын казылат, алтындын запасы боюнча дүйнөдө 4-орунда турат. Башка баалуу металлдардын запасы боюнча 8-орунду ээлейт.
Коңшубуздун эмгек ресурстары зор, демографиялык өсүшү динамикалуу, экономикалык потенциалы арбын, Борбордук Азиядагы кубаттуу өлкө. Өзбекстан ар бир доордун жетишкендиктерин андан ары улап кеткен, туруктуу, пландуу экономикага, ошол эле учурда рынок мыйзамдарын сырткы соодада эң мыкты колдонгон өлкө. Маселен совет заманындагы индустрия талкаланып, таландыга түшкөнү жок.
Өнөр-жай ишканалары модернизацияланып, кадимкидей иштеп келет, товарлары экспорттолот. Өзбекстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна эми киргени турат. Бирок соода-экономикалык байланыштарда өз кызыкчылыгын коргой алат. Эми бул уюмга кирсе уюмдун жеңилдиктерин колдонуп, ого бетер пайдага туйтунат. Анткени, Өзбекстан Москвага улам каяша айтып отуруп, Евразия экономикалык бирлигине кирбей туруп, ушул биримдикке кирген өлкөлөрдүн баары менен соодасы артып, экономикалык алакасы мүчө мамлекеттердикине караганда мыкты болду.
Өзбекстан темирдей бекем тартипти сактаган өлкө. Кеп туңгуч президенти Ислам Каримовдун партократиялык тажрыйбасы же диктатордук умтулуусунда гана эмес. Ташкент деструктивдүү “исламчыларды” жон териси менен сезди, диндин атын жамынган экстремизмдин кесепетин башкаларга караганда эрте түшүндү. Ушул жагдай да ар кандай сынга карабастан катаал мамилеге мажбурлады. Сын демекчи, Европа жана АКШ Кыргызстанда же башка өлкөдө адам укугу же сөз эркиндиги дегенде ичкен ашын жерге коет, Өзбекстанга же Казакстанга келгенде кайдыгер, байкамаксанга салып, үн катпай келди.
“Өзбекстан келечеги кең, улуу мамлекет”. Эсил кайран Салижан Жигитов элчи кезинде (1995-жылы) Ташкенге эки аптага илимий иш менен барганымда ушундай ураандарды ар кандай жазылышта кадам сайын кездештире берип, келгенимде Бишкекте англисче чыккан “Kyrgyzstan Chroniclе” гезитине ушундай аталышта макала жазгам. Ошондо Ташкендин айрым кафелеринде, ал тургай ресторандарында пивонун калай челеги кап ортосунан кесилип, тамекинин күлүн түшүргүч катары пайдаланганын көргөм. Долларды алмаштыруу паспорт аркылуу банктарда гана жүрчү. Бирок ураан куру сөз эмес экен, мен да ошондо туура талдап, изги тыянак чыгарыпмын.
Мына, президент “Санарип Өзбекстан – 2030” деген программа кабыл алды, IT-парктардын тармагы түзөбүз, 1 млн программист даярдалып, ошончо адис жогорку технологиялык ишке тартылат, өлкө Улуу Жибек жолунун боюндагы “санарип оазисине” айланат деп чамынып туру. Өзбекстан Борбор Азияда эң ири, кубаттуу мамлекетке айланууда. Эл аралык коомчулукта мүнөздөмө, ачкан эле интернет булактарында аныктамасы ушундай. Аймакта негизги роль ойноого дымагы күч, аракети арбын.
Кыргыз-өзбек алакасынын күңгөй-тескейи
Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрү менен дипломатиялык мамилелерин мухиттин ар жагындагы Америкага жана башка Европа өлкөлөрүнө караганда кеч, 1993-жылы гана түздү. 1996-жылы декабрда “Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы түбөлүк достук” жөнүндө келишим түзүлгөн. Чын-чынына келгенде түбөлүк достук эки тараптан тең сезилген жок.
Учурда соода-экономикалык алака 1 миллиард өлчөмүндө. Негизинен биз коңшулардан импорттойт экенбиз (77%), экспорттоп деле кыйратпаптырбыз. Кыргыз Республикасы Өзбекстанга цемент, мал, кара металл, айнек, таш ж.б. сатат. Коңшулар бизге айыл чарба азыктарын, желим буюмдарын, жер семирткич, дары-дармек, жеңил өнөр жай товарларын, автомобиль, электромашина, электр товарларын, газ, нефть ж.б. товарларын сатат. Океанга чыга албай куурадык, океанга чыкканыбызда ааламга ээлик кылмак элек деп жер сабаган чиновниктерге убагында кайрылып, “бу турган Анжиянды камсыз кыла аласыңбы, Кытай деген мухит турат, бир шаарына товарыңды чыгарып жетише аласыңбы, океандын ар жагын кое туруп” деп айттым эле. Эми деле ошол кеп актуалдуу. Уставдук фонду 200 млн доллар Кыргыз-өзбек өнүгүү фонду түзүлдү. Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров эмдиги жылы соода-сатыктын көлөмүн 2 миллиард доларга чыгарабыз деди. А бирок экспорт-импорт катышы тескери пропорционалдуу болсо, биздин элге пайдасы азыраак болушу ыктымал.
Чечилбеген чек ара, чийилбеген чектер, лидерлердин өөдө-төмөн мамилеси, эки жолку кандуу трагедия бир тууган эки өлкөнүн ортосундагы алакага терс таасирин тийгизип туруп алды. Дегеле Борбордук Азиядагы коңшуларыбыз айрымдарын айтууга болбой турган, объективдүү жана субъективдүү себептерден улам бизге көбүрөөк ыдык көрсөтүп келди.
Жерибизге куралчан кирип келет, жарандарыбызды жана товарыбызды өткөрбөйт, газын токтотот, чек арасын жабат, ички ишибизге ыксыз кийлигишет, түркүн дооматын коет. Өзбекстан да ушундай кадамдарды жасай коюп жатты. Биз кызывкчылыктарыбызды дурустап коргой албадык, потенциалыбызды колдоно албай келдик. Айрыкча суу ресурстарына ээлик кыла албай, эмдигиче суунун башын ача элекпиз. Суу товар, ичүүчү суу да, агын суу да биздин байлык, товар катары сатылууга тийиш. Мыйзам да бар. Бирок негедир мажүрөөлүк кылып, маселени чече албай келебиз. Ушунун баары чек аранын айынан деп өзүбүздү ишендирип келдик. 2017-жылы чек аралар боюнча келишимге кол коюлган эле. Бир аз жери калган экен, эми толук чечилгени турат. Өзбек лидери Шавкат Мирзиеев Бишкекке ошон үчүн келе жатат, акыры.
Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүндөгү таасири зор. Биздин аймак, биздин жер, биздин эл. Бирок өзбек калкы Ташкенге ыктап, таасир этүүнүн фактору катары пайдаланылды. Тилекке каршы, эки мертебе, 1990-жылы жана 2010-жылы трагедиялуу конфликти баштан кечирдик. Ошол жаңжалда, айрыкча 2010-жылкы июндагы жаңжалды өзбек журт башчысы ыраматы болгур кайран киши Ислам Каримов позитивдүү роль ойногонун, эстүүлүк кылганын адилеттик үчүн айтууга тийишпиз. Эки окуя тең бизди сынады, тиешелүү сабак алуубуз абзел.
Эки жак тең мындай жаңжалдар эки жакка тең кесепетин бирдей тийгизе турганын, мындай конфликттерде жеңген тарап болбой турганын түшүндү. Жаңжалды кызытуу, козутуу, ар кандай автономия же башка өзгөчө статуска умтулуу жакшылыкка алып барбай турганын тарых далилдеп келди.
Экономикалык, инфраструктуралык артыкчылыктан, же коңшунун утурумдук ички проблемаларынан пайдаланып, ыдык көрсөтүү, үстөмдүккө умтулуунун акыры эки тарапка тең зыян экенин түшүнгүдөй болду окшойт. Басмырлоо, эске албоо, четке кагуу же сөздөн кайтуу, убаданы тануу эртеӊ тескери жыйынтыкка ээ болот. Демек эми тең ата мамилени түзүүгө жана өз ара ишенимди бекемдөөгө тийишпиз. Эки тараптан тең. Тамырлаш, тагдырлаш, боордош элдер арасында ишенбөөчүлүк мамилени оңдобойт, боорду бүтүн кылбайт. Бир тууган өлкө, биздин стратегиялык өнөктөш, жакын кошунабыз болгон Өзбекстан жоопкерчиликтүү мамилени, кылдат дипломатияны талап кылат.
Алмаз Кулматов, коомдук ишмер, тарыхчы