Санкция: Келгендер "коңгуроо кагып" кетишкенби?

Published

Абдыбек Казиев, Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчылары

Кыргызстандык компаниялардын бири АКШнын "кара тизмесине" кирди. Азырынча толук тастыктала элек маалыматка караганда, ал компания Токмокто жайгашкан. Негизинен ишмердиги электр жабдууларына байланыштуу экени айтылууда. Санкция тууралуу бул жолку кабар Жапонияда "Чоң Жетиликтин" саммити башталып жаткан учурга туш келди.

Кыргызстандын ишканасы санкция салынган компаниялардын тизмесине киргени тууралуу кабарлар желдей тарады. Буга чейин этияттайлы деген мазмунда турдүү чакырыктар айтылып келди. Бул алгачкы окуя катары азыр кызуу талкууга түшүп жатат. Соңку мезгилде эле санкция темасын башкы маселе катары белгилеп, Кыргызстанга чет өлкөлүк делегациялар, өкүлдөр келип кеткен жайы бар.

Би-Би-Си алардын орчундууларын учкай тизмеледи.

18-19-майда Улуу Британиянын Общиналар палатасынын Тышкы иштер боюнча комитетинин төрайымы Алисия Кирнс жана Комитеттин мүчөсү Нил Койл Кыргызстанга келип кетти.

Алар бир катар расмийлер менен жолугуп, сапардын соңунда чакан маалымат жыйын да өткөрүштү. Андагы эң негизги маселелердин бири дагы дал ушул санкция темасына арналды.

Ага чейин Кыргызстанга Британиянын Тышкы иштер министрлигинин санкциялар боюнча директору Дэвид Рид келип кеткен эле.

Анын сапары Европа комиссиясы Россияга каршы санкциялардын 11-пакети даярдалып жаткан убакка туш келген. Бул жолу санкциялар "Россияга жардам берип, товар ташып жатат" делген үчүнчү өлкөлөргө киргизилиши мүмкүн экени айтылууда.

Рид орус өкмөтүнө каршы киргизилген санкцияларды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бийлик жана ишкерлер менен талкууларды өткөргөн.

Ал ошондой эле Россиянын санкцияларды кыйгап өтүү аракеттерин алдын алуу жолдору боюнча кызматташууну да талкуулаган. Британия эл аралык өнөктөштөрү менен бирге Россияга экономикалык санкцияларды киргизип, Москванын согушту улантпоосу үчүн технологияларга жана каржы булактарына чектөө киргизүүнү көздөйт.

“Украинада согуш башталгандан кийин Россияга салынган санкциялар анын аскердик мүмкүнчулүктөрүн чектеп, Москванын согуштуу улантуусун чектеп жатканы тууралуу далилдер чыгууда. Бирок биздин санкцияларды кыйгап өтүү үчүн бар аракетин жасап жатат, бул согуштун дагы узакка созулушун шартташы мүмкүн. Улуу Британия, Кыргызстан дагы санкцияланган британ товарлары жана технологиясы үчүнчү өлкөлөр аркылуу Россияга ташылышын каалабайт деп эсептейбиз. Биз азыр Бишкекте бул боюнча биздин анализди талкуулап, маалыматыбызды бөлүшөлү деп жүрөбүз”,- дейт Дэвид Рид.

Рид 2022-жылы Британиянын ТИМинин санкциялыр боюнча директору болуп дайындалган. Ал дипломатиялык карьерасын 2003-жылы юридикалык жогорку билим алгандан кийин баштаган. Санкциялар боюнча директоратка дайындалардан мурда Канадада британ Жогорку комиссарынын орун басары болуп иштеген. Ошондой эле Кипр, Франция жана Польшада дипломаттык кызматтарды аркалаган.

Бишкектеги бриан элчилигинин басма сөз өкүлү Аскар Акталов Дэвид Рид жергиликтүү банктардын биримдигинин, Эл аралык бизнес кеңештин жана Электрондук коммерция ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолукканын билдирген.

Украинада согуш башталганы Евробиримдиктен Кыргызстанга товар ташуу 300% өстү. Европадан Кыргызстанга өтө көп өлчөмдө ташылып баштаган товарлардын 770 түрүн согушта колдонуу ыктымалдыгы бар. Бул тууралуу Бишкекке расмий сапар меннек елип кеткен Евробиримдиктин санкциялар боюнча өкүлү Дэвид О'Салливан билдирген.

“Бул жерде сөз алдыңкы технология жабдыктары жана эки башка максатта колдонулушу мүмкүн товарлар тууралуу болуп жатат. Мисалы, смартфон, видеокамера жана таатал технологиясы бар жабдыктар. Буларды баары согушта колдонулушу мүмкүн”.

Евробиримдиктин өкүлү экспорттолгон товарды иликтөө жана алардын Россияга сатылуусуна жол бербөө үчүн кыргыз бийлигинен так маалымат алуу маанилүү экенин да айткан эле.

“Кыргызстандын Россия менен тыгыз соода-экономикалык алакасы бар экенин билебиз. Биз ал кызматташтыкка кедергибизди тийгизгибиз келбейт. Евробиримдик менен Кыргызстан ортосундагы мамилени бекемдеп, жакшырткыбыз гана келет. Соода агымы боюнча так маалымат үчүн диалог керек”.

Улуттук статистикалык комитетинин билдирүүсү боюнча 2022-жылы Кыргызстан менен Россия ортосундагы товар алмашуу 40,3% өсүп, 2,9 миллиард долларга жеткен.

Былтыр Кыргызстандын Россияга болгон экспорту да 2,4 эсе көбөйгөн.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кыргызстандын экспорту өсүп жатканын ырастайт. Кыргыз чиновниги Дүйнөлүк соода уюмунун эрежесине таянып, Евробиримдиктин өкүлчүлүгүнөн шектүү товарлардын тизмесин сурап жатат:

“Биз өзүбүздүн статистикабызды бергенге даярбыз, бирок силер товарлардын тизмесин бизге беришиңер керек дедик. Кайсыл товарлар кыйыр санкцияга түшүп жатат, балким тиричилик товарларынын эле алкагында жүрүп жаткандыр дедик. Анткени биз мунун негизинде экономикабызга терс таасирин тийгизип албашыбыз керек. Себеби, биздин соодабыз Россия менен эле өскөн жок. Мисалы, Европанын бир катар мамлекеттери менен 300% өсө турган жагдайбыз бар. Анткени санкциялардын арты менен кээ бир мамлекеттер бизден товарларды ташыганга муктаж болуп калды. Биз транзиттик мамлекетпиз”,- деген эле Амангелдиев.

Британиянын Тышкы иштер министрлигинин санкциялар боюнча директору Дэвид Рид Кыргызсандагы бир катар ишкерлер менен жолукту. Бирок ал жолугушууга барбай калган бизнес өкүлдөрү Европадан келип кетип жаткан расмийлерге өз сунуштарын берүүдө:

“Эгер ошондой көрүнүштөр болуп атса анда алар ачык айтса. Эгер такталган болсо. Анда эмне үчүн товар сатып жаткан өздөрүнүн Европадагы фирмаларына чара көрбөйт. Алар бизге сатып атканда алар ажкшы киши, анан аны сатып алган кишилер жаман киши болуп калабы? Кайсы фирмалар сатып атканын билсе, эмнеге бөгөт коюшпайт”, - дейт бизнесмен Айбек Сарыгул.

Ошентип, Украинага кол салгандан кийин өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасынан обочолонуп калган Кремль өзүнө көз каранды мамлекеттердин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга өткөнү байкалат. Бирок анын андай өлкөлөр үчүн куну кандай болот, айтуу кыйын.