You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Ажал айдаган шалаакылык, аны калкалаган мораторий
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек
Ош шаарында эл жайнаган базардын оозунда газ баллону жарылып, бир адам каза тапты. Жеке бизнести текшерүүгө мораторий иштеп жаткан чакта, өрт коопсуздугунун эрежесин сактабай шалаакылык жайылып көбөйүп, арты ушундай трагедия менен аяктаган учурлар көп.
"Алай" базарындагы ашканада газ баллону жарылганда күндүзгү саат үчтөн өтүп калган убак экен. Так ошол учурда базардан чыгып бейкапар өтүп бараткан адам туш болуп, дароо каза тапты.
Ал ашканада иштеген эмес, ошол жерге аны ажал айдап барды, башкалардын шалаакылыгынан өмүрү чарт үзүлдү.
Көрсө, бул самсы бышырган кичинекей күркө экен. Ал күнү жабык болгон, ошол себептүү такси аны күркөнүн алдына түшүрүп кетип калган. Баллон бир күн кечке ысыкта жата берип, ысыгында тарс жарылган. Бул кырсыкка алып келет деп аны алпарган таксист да, күркөнүн ээси да такыр ойлобос керек. Эгер баллон жарылган убакта айланада толтура адам болгондо трагедиянын масштабы кандай болмок, элестете бергиле.
Мындай шалаакылыктын айынан газ баллону жарылып, адам өлүмүнө алып келген кейиштүү учурлар Бишкекте бир нече жолу болду. Башка региондордо да болуп жатат. 2021-жылы Таласта баллон жарылып, эки адам жарадар болгон.
Бишкек шаарында гамбургер, фастфуд жасалган жерлерде газ баллону көп колдонулат. Аларды коопсуздук эрежесин сактабай колдонууга тыюу салынат.
"Газ балллондорду эшикке атайы чыгарып, атайын торчо жасап, ошонун ичине бекитүү керек. Биз ошол эрежени талап кылып келебиз",-деди Би-Би-Сиге ӨКМдин өрт көзөмөлү кызматынын улук инспектору Хашимжан Абдракманов.
"Биздин кире албасыбызды билет, убагында барып текшере албайбыз, калаганын кылышат".
"Жеке менчикке кире албайбыз"
Ош шаарындагы базарда адам өлүмүнө алып келген окуяны укук коргоо органдары териштирип баштады, эми ким күнөөлүү болсо жазасын алар. Бирок эмнеге ушундай кырсыктын алдын алышкан жок, өзүнүн жана башкалардын өмүрүн ажал чеңгелине алып келген шалаакылык эмнеге тыйылбай жатат деген беймаза суроо бар.
ӨКМдин өрт көзөмөлү кызматы ишкерлик кылган жарандар газ баллонун өрт коопсуздугунун эрежесин бузуу менен колдонуп жатканы кырсыктарга алып келип жатканын айтууда.
Эреже боюнча газ баллону сыртта өзүнчө тордун ичинде болуш керек. Ысык жерде болбошу керек. Бирок бул эрежени сактагандар аз. Аларга көзөмөл дагы жок. Себеби көзөмөл кылып текшерип турууга мораторий коюлган.
"Мораторий бизге аябай тоскоолдук кылып атат, анткени жеке менчикке кире албайбыз",-деди ӨКМдин өрт көзөмөлү кызматынын улук инспектору Хашимжан Абдракманов.
Инспектордун айтымында, ашкана, чайхана. кафе-ресторан жана коомдук жайларда коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери гана болууда, бирок көбүнүн кулагына кирген жок. Газ баллонун эреже бузуу менен пайдалангандар толтура.
Ырас, коомдук жайлардагы өт коопсуздугун текшерүү таптакыр жок эмес. Пландуу текшерүү деген бар экен.
Расмий маалымат боюнча, пландуу текшерүү 22080 объектиге болду. Анын ичинен арыздар боюнча пландан тышкары 62 текшерүү жүргөн кооптуу жерлерге. Ошондой эле 800 контролдук текшерүү болду, 221 административдик штраф салынды.
Бирок пландуу текшерүүдө шалаакылык менен ээнбаштык билинбей калат. Текшерүүгө барардан он күн мурда билдирме берилиши керек. Текшерүү келатканда кемчиликтерди, мыйзам бузууларды жашырып, зыңкыйтып коюшат, текшерүү кетери менен кайрадан баягы ээнбаштыгы башталат.
"Рейд кылгыла"
Жеке бизнести текшерүүгө мораторий бар экенинен коомчулуктун жакшы кабары жок. Ошол себептүү көзөмөл органдарын тилдеп, сындаган пикирлер көп.
"Эми рейд кылгыла (кафе, тез татым, фаст-фуд) ушуга окшогон жерлерге. Өзү алдын ала иш-чараларды өткөзүш керек, ушуну көзөмөлдөгөн органдар иштебейт, качан караба кырсык болгондо гана иштеген адам болуп камераларды алып барып, рейд уюштуруп калышат,-деп жазды Гүлшайыр Нурмамбетова.
Ошол эле учурда элди тейлеген бизнести уюштургандар текшерүүнү күтүп отурбастан кырсыктын алдын алууга өздөрү чара көрүшү керек эмеспи. Алар шалаакылык менен ээнбаштыктын артында адам өмүрү кыйылып, оңбогондой материалдык зыян болорун билет, түшүнөт, бирок мойну жар бербейт. Кудай сактайт деген кенебестик, кайдыгерлик ошентип түпкө жетет. (КС)