Израиль-Хамас согушунан Кытай эмне тапкысы келет?

Published

Тесса Вонг

Asia Digital кабарчысы, BBC News

Израил менен ХАМАСтын ортосундагы жаңжал күчөп турган чакта күтүүсүз жагдай пайда болду - Кытай тынчтыкты орнотуу боюнча ортомчулук ролун өзүнө алды. Бирок анын аракетин кайсыл бир факторлор чектеп коюшу мүмкүн.

Кытайдын башкы дипломаты Ваң И дем алыш күнү Вашингтондун расмий өкүлдөрү менен жаңжалды талкуулады. АКШ конфликтти жайгарууда Кытай менен иштешерин билдирди.

Кытайдын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Чжай Цзюнь араб лидерлери менен жолугушуу үчүн аймакка учуп кеткенден кийин Ваң мырза Израилдик жана Палестиналык кесиптештери менен да сүйлөштү. Кытай ошондой эле БУУнун жыйындарында ок атышууну токтотууну эң катуу жактагандардын бири болгон.

Кытай кырдаалды басаңдатуу үчүн Газадагы ХАМАСты жана Ливандагы Хезболланы колдогон Иран менен жакын мамилесин колдонот деген үмүт бар. Америкалык аткаминерлер ирандыктарды "тынчтыкка үндөсүн" деп Ваң мырзага басым кылгандай, деп жазат Financial Times.

Кытай Ирандын эң ири соода өнөктөшү жана ушул жылдын башында Бээжин Иран менен Сауд Аравиянын ортосундагы сейрек жолугушууга ортомчулук кылган. Тегеран Газадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча “Кытай менен байланышты бекемдөөгө даяр экенин билдирди.”

Кытай өкмөтү конфликттин бардык катышуучулары менен салыштырмалуу тең салмактуу мамиледе болгондуктан, аны чынчыл ортомчу катары кабыл алса болот, деди АКШнын Коргоо министрлигинин алдындагы Улуттук согушту изилдөө колледжинин Кытайдын тышкы саясаты боюнча профессору Доун Мерфи.

Тагырак айтканда, Кытайдын палестиндер жана арабдар менен, Түркия жана Иран менен мамилеси жакшы, деди ал. "Израиль менен жакшы мамиледе болгон АКШ менен биргеликте алар бардык тараптарды сүйлөшүүгө чакыра алышмак."

Бирок башка серепчилер Кытай Жакынкы Чыгыш саясатында кичинекей оюнчу бойдон калганын белгилешет.

"Кытай бул маселеде олуттуу оюнчу эмес. Аймактын эли менен сүйлөшкөндө, Кытай конфликтти чечүүгө салым кошот деп эч ким күтпөсүн айткан", - деди Атлантика кеңешинин улук илимий кызматкери, Кытайдын Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен мамилелери боюнча адис Джонатан Фултон.

Кытайдын жаңжал боюнча биринчи билдирүүсү Израилди кыжырдантты. Израиль Кытайдын ХАМАСты айыптабаганына жана Израилдин өзүн коргоо укугу бар экенин айтпаганына "терең нааразычылыгын" билдирди.

ХАМАСтын куралчан топтору 7-октябрда Газа тилкесинен Израилге болуп көрбөгөндөй чабуул жасап, 1400дөн ашуун адамды өлтүрүп, кеминде 239 кишини барымтага алышкан.

ХАМАС башкарган Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ошондон бери Израил Газага жооп катары соккуларды жасап, 8 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган. Израиль азыр да бул аймакка аскерлерин жана танктарын жиберүүдө.

Биринчи билдирүүсүнөн кийин чуу чыккан соң Ванг мырза Израилге "бардык өлкөлөр өзүн-өзү коргоого укуктуу" деп айтты, бирок ал Израилдин аракеттери "өзүн-өзү коргоонун чегинен чыгып кетти" деп билдирген.

Кытай көптөн бери Палестинага ачык боор тартып келгендиктен, тең салмактуулукту сактоонун оор аракетинин алдында турат.

Анын тарыхы Кытайдын Коммунисттик партиясынын негиздөөчүсү Мао Цзэдунга барып такалат. Ал дүйнө жүзү боюнча “улуттук-боштондук” деп аталган кыймылдарды колдоо үчүн палестиналыктарга курал жөнөткөн. Мао атүгүл Израилди АКШ колдогон Тайвань менен салыштырып, батыш империализминин базасы деп атаган.

Кийинки жыйырма-отуз жылда Кытай Израиль менен экономикалык байланыштарды түзүп, мамилелерин оңдогон. Учурда анын Израиль менен миллиард долларлык соода алакасы бар.

Бирок Кытай палестиналыктарды колдоону улантаарын ачык айтты. Соңку жаңжал боюнча сүйлөгөн сөзүндө Кытай бийликтери, ал тургай президент Си Цзиньпин да көз карандысыз Палестина мамлекетинин түзүлүшүнүн зарылдыгын баса белгилешти.

Ошол эле убакта Кытайда улутчул блоггерлер тарабынан колдоого алынган онлайн антисемитизмдин күчөшү терс таасир жаратышы мүмкүн. Кытай социалдык тармактарында айрымдар Израилдин аракеттерин нацизмге теңеп, палестиналыктарды геноцид кылды деп айыптап, Германиянын Бээжиндеги элчилигинин сынына кабылышты.

Израилдин Бээжиндеги элчилигинде иштеген кишинин үй-бүлө мүчөсүнүн бычакталып өлтүрүлүшү да тынчсызданууну күчөттү.

Мунун баары Кытай Израилдин өкмөтүн сүйлөшүүлөргө тартууга аракет кылганда терс натыйжага алып келиши мүмкүн.

Ушул сыяктуу талаштуу маселелерди эске алганда, эмне үчүн Кытай бул жаңжалга аралашып жатат?

Мунун бир себеби - анын Жакынкы Чыгыштагы экономикалык кызыкчылыктары.

Бээжин азыр мунай үчүн чет элдик импортко абдан көз каранды жана талдоочулардын болжолунда, анын жарымына жакыны Перс булуңунан келет. Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү Кытайдын тышкы жана экономикалык саясатынын негизи болгон “Бир алкак - бир жол” (BRI) долбоорунун маанилүү оюнчуларына айланган.

Бирок дагы бир себеп - бул жаңжал Бээжинге өз аброюн көтөрүп алуу үчүн сонун мүмкүнчүлүк.

Доктор Мерфинин пикиринде, Кытай "палестиндерди колдоо - араб өлкөлөрүнүн, мусулмандардын басымдуу бөлүгүнүн жана глобалдык түштүктүн чоң бөлүгүнүн маанайына шайкеш келет" деп эсептейт.

Согуш Кытай өзүн АКШга караганда дүйнө үчүн жакшыраак талапкер катары көрсөтүп жаткан учурда тутанды. Жыл башынан бери Кытай өзү жетектеген дүйнөлүк тартиптин көз карашын сүрөп, ал эми АКШнын “гегемондук” чекиликтерин сындап келет.

Расмий түрдө Кытай АКШга Израилди колдогону үчүн сын айтуудан карманып турат. Бирок ошол эле маалда Кытай мамлекеттик маалымат каражаттары “улутчулдук маанайды карманууда … алар Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуяларды АКШнын Израилди колдоосу менен байланыштырып жатышат”, - деп белгиледи доктор Мерфи.

Кытайдын аскердик PLA Daily гезити АКШны "отко май чачып жатат" деп айыптады – ушундай эле сөздөр менен Бээжин Украинадагы согушта Киевге жардам бергени үчүн Вашингтонду сындаган. Мамлекеттик англис тилиндеги The Global Times гезити “Сэм байкенин” колу канга боёлгон карикатураны жарыялады.

Байкоочулардын дагы бир пикири боюнча, Бээжин Батыштагы атаандашынын дүйнөлүк аброюн төмөндөтүү үчүн АКШга карама-каршы позицияны ээлеп жатат. Бирок ХАМАСты ачык айыптабагандан улам Кытай өз позициясына доо кетирип алуу коркунучу бар.

Кытайдын узак мөөнөттүү амбицияларын кыйынчылыктар күтүп турат.

Алардын бири Кытайдын өзүнүн тажрыйбасы анын дипломатиялык позициясын кантип бекемдейт деген суроо. Кытай мусулмандар басымдуу бөлүгүн түзгөн элдер менен тилектештигин билдирип, Израилдин Палестин аймактарын оккупациялоосуна каршы чыкканы менен, Бээжин уйгур мусулман азчылыгынын укуктарын бузуу жана геноцид кылуу, ошондой эле Тибетте мажбурлап ассимиляциялоо боюнча айыпталып келет.

Байкоочулардын айтымында, Кытайдын Араб дүйнөсү менен курган бекем мамилелерин эске алганда, жогоруда айтылган маселелер ортодо көйгөй жаратпашы мүмкүн.

Андан да чоң көйгөй, эки жаатты элдештирүү аракетинде Бээжин үстүртөн мамиле кылып жаткандай көрүнүп, андан да жаманы Израил-ХАМАС жаңжалынан пайда көрүп калгысы келип жаткандай каралышы ыктымал.

Кытай "Палестинаны колдойм деп айтуу менен араб өлкөлөрүндө упай топтогусу келет жана бул баарына белгилүү ыкма" – дейт, доктор Фултон. Ал араб мамлекеттеринин ортосунда бул эки анжы маселе боюнча бир пикир жок экендигин белгиледи.

Ваң мырза Кытай Жакынкы Чыгыш үчүн тынчтыкты гана каалайт жана "Палестина маселеси боюнча эч кандай жеке кызыкчылыктарды көздөбөйт" деп ырастады.

Чын эле ушундай болооруна дүйнөнү ынандыруу кыйын болчудай. (DO)