You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Путин менен ХАМАС Европанын энергетикасына таасир этеби?
Алексей Калмыков, Би-Би-Си
Европа ушуну менен үчүнчү жылытуу мезгилин Орусия менен болгон газ согушунун шартында баштаганы турат. Бул жолу Евробиримдик (ЕБ) мүмкүн болушунча даярданып, бир ай мурун европалыктар эми жазга чейин тоңбойбуз деп ишенишкен. Бирок бул айда Европаны кайрадан энергетикалык кризистин босогосуна алып барган эки окуя болду.
Биринчиден, Жакынкы Чыгышта жаңы согуш башталды. ХАМАС Израилге кол салды жана планетанын негизги мунай жана газ өндүрүлгөн чөлкөмүндөгү жаңжал эл аралык болбосо да, аймактык конфликтке айланып кетүү коркунучун жаратууда.
Экинчиден, Балтика деңизинин түбүндө европанын газ куурунда кызыктай авария болуп, бир жыл мурун Түндүк агымдагы ири саботажды эске салды. Бул өз учурунда дээрлик жарым миллиард калкы бар Евробиримдиктин 27 өлкөсүн энергия менен камсыздаган инфраструктуранын коопсуздугунан күмөн жаратты,.
Болбосо бир ай мурун эле баары абдан сонун болчу.
ЕБ кышка кандай даярданды?
Орус лидери Владимир Путин Европага газды 2021-жылдын жай айларында чектей баштаган жана 2022-жылдын февралында Украинага басып киргенден кийин газ менен камсыздоо кескин азайган.
Орус газына каршы санкцияларды киргизбеген Европа чымырканып, “Газпромго” болгон көз карандуулуктан кутула алды. Эгер согушка чейин орус газы Европанын керектөөсүнүн кырк пайыздан ашыгын жапса, азыр он пайызга да жетпейт.
Бул үчүн газды үнөмдөө, Орусиянын куурлар менен келчү газын өтө кымбат баадагы суюлтулган газга алмаштыруу, калкты жана өнөр жайды субсидиялоо керек болчу.
Синоптиктер Европага кыштын башталышы жылуу болорун убада кылышууда. Өткөн жылы адаттан тыш жумшак аба ырайы Евробиримдикке орусиялык газ блокадасынан аман калууга жардам берген
Европалыктар келе жаткан кышка өзгөчө кылдаттык менен даярданышты: кампаларды болуп көрбөгөндөй – токсон тогуз пайызга чейин толтурушту, суюлтулган газды кабыл алуу үчүн терминалдарды ишке киргизип, аны кийинки жылдарга жеткирүү боюнча мега-контракттарды түзүштү.
Баары ойдогудай болуп жаткан, баалар былтыркы туу чокусунан эки-үч эсеге төмөндөдү, атүгүл Франциянын атомдук электр станциялары кадимки иштөө режимине кайтып келди. Былтыр кышта атомдук станцияларда пландуу жана кээде пландан тыш профилактикалык техникалык тейлөөдөн улам өндүрүш үзгүлтүккө учураган болчу.
Бирок кылдат даярдык дагы Европаны жакынкы жылдарда Кремлдин же араб өлкөлөрүнүн энергетикалык шантажынын алдында алсыз кылган структуралык көйгөйлөрдү жоё албады.
Эмне үчүн Европада жылуу кышка кепилдик жок?
Биринчиден, ЕБ Орусиядан толук эркин боло элек. Газпром жана Новатек европалык керектөөчүлөргө кадимки жана суюлтулган газдын олуттуу көлөмүн берүүнү улантууда. Путин Газпромго жана бүтүндөй Орусиянын экономикасына зыян келтирсе дагы, саясий жана аскердик максаттарына жетүү үчүн газды токтото аларын далилдегендиктен, бул камсыздоолордун туруктуулугу суроо жаратат.
Экинчиден, Газпром сыяктуу ири газ берүүчү компания менен узак мөөнөттүү келишимдерден баш тартуу Евробиримдикти суюлтулган газдын эркин алып-сатуу рыногундагы баага көз каранды кылып койду. Ал рынок деле кубулма жана геосаясий көйгөйлөрдөн улам өзгөрүп турат.
Энергия менен камсыздоонун үзгүлтүккө учуроо коркунучу бааларды көтөрүп, рынокто чыңалуу жаратат. Согуш камсыздоону оорлоштурат, анткени ал дүйнөлүк энергетика рыногунун инфраструктурасына: деңиз кысыктарына, түтүктөргө, портторго, тоо-кен платформаларына коркунуч туудурат.
Былтыр кышында Евробиримдик элди жана бизнести колдоо жана кымбат суюлтулган газдын альтернативалуу жеткирилишин уюштуруу үчүн дээрлик 1 триллион евро короткон. Балтика боюндагы Германиянын Любмин шаарынын жаңы суюк газ терминалы, ал жерге былтыр жардырылган “Түндүк агым” газ кууру келген.
Өткөн жылы күздө Орусиянын Европага барчу негизги суу астындагы газ кууру – Түндүк Агым жардырылды. Быйыл күздө Финляндия менен Эстониянын ортосундагы деңиз астынан кеткен “Балтикконнектор” газ куурунда кызыктай авария болуп, баалар кескин көтөрүлүп кеткен.
Европада газдын учурдагы баасына геосаясий тобокелдиктер таасир этиши ыктымал. Ар кандай чыңалуу кыш мезгилинде электр энергиясына жана жылуулукка болгон төлөмдөрдү жогорулатат. Бул азыртадан эле болуп жатат.
Газ көп, суроо-талап жоюлду, бирок баалар түшпөй жатат. Эмнеге?
Быйыл газга болгон талап өткөн жылга салыштырмалуу он пайызга, 2017-2021 жылдар аралыгына караганда он жети пайызга төмөндөсө да, Европада газдын баасы согушка чейинки баалардан эки-үч эсе жогору болуп жатат.
Бир жыл мурун баалар мурдагыдан үч эмес, он эсе жогору болгон, бирок алардын ошол чокулардан төмөндөшү суроо-талаптын калыбына келишине алып келген жок, анткени Европа экономикалык кризисти баштан кечирип, калк акчасын үнөмдөп, өндүрүш төмөндөп жатат. .
Ошол эле учурда камсыздоо жагынан баары жакшы – Евробиримдиктин газ сактаганга жери калбады. Европанын жер астындагы кампалары толду, газдын бир бөлүгү согушка карабай Украинанын кампаларына айдалды, соодагерлер азыр суюлтулган газды кемелерде сактоодо. Жыйырмадай газ ташыган кемелер Европанын жээгинде өз кардарларын күтүп турушат.
Орусия согушка карабай Украина аркылуу газ ташууну улантууда. Транзит токтосо, бир гана маршрут калат – ал түрк маршруту.
Бирок, суроо-талаптын азайганына жана газдын ашыкча көп экенине карабастан, баалар өсүп жатат. Андай көрүнүш согушка жана Европадагы куурларга саботаж жасоо коркунучуна байланыштуу, деп белгилешет ICIS аналитиктери.
“Камсыздоонун ыңгайлуу деңгээлине карабастан, чыңалуу коркунучу жогору болуп турат. Келечекте, эгер аба ырайы жумшак болуп, жаңы көйгөйлөр жаралбаса, баалар төмөндөшү мүмкүн”, - деп жазат алар, бирок эгер Европада баалар төмөндөсө, бул газ үчүн Азияда атаандаштык пайда болорун жана суюлтулган газды ташуучулар Кадистен кетип, Кытайга жана Индияга багыт алышы мүмкүн деп эскертишет.
Араб эмбаргосунун карааны
Евробиримдик Орусиянын куур менен келчү газын суюлтулган газга алмаштырды. Газ импортунун жарымына жакыны дүйнөдөгү эң ири мунай жана газ өндүрүүчү - АКШдан келет.
Калган жарымын Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы жаңжалда түз же кыйыр түрдө Батышка карама-каршы туруп калган өлкөлөр - Орусия, Катар, Алжир жана Египет камсыздайт.
Египет былтыр ЕБга суюлтулган газ берген, бирок Европада баалар арзандап, Африкада ысык болуп, газга болгон ички суроо-талапты канааттандырууга туура келгендиктен камсыздоо жайында токтогон. Октябрда ХАМАС Израилге кол салганда, Израиль Египетке газ берүүнү азайткан, андыктан Египет кайрадан суюлтулган газды экспорттоону токтоткон. Ал экспорттоону жаңы эле баштаган болчу.
Орусия менен Катар Европанын укмуштуудай кирешелүү рыногуна суюлтулган газды сатууну азырынча улантууда. Бирок эки өлкө тең Европа террорчу деп эсептеген ХАМАС тобу менен дос.
Саясий себептерден улам камсыздоонун үзгүлтүккө учуроо коркунучу рынокторду чыңалтып, Европада газдын баасын жогору кармап турат. Анын үстүнө башка араб өлкөлөрү - эң алдыңкы энергия экспорттоочулары Батышка салкын мамиледе болуп, кээ бирлери Израилге карата ачык эле кастык көз карашты карманууда.
Мисалы, учурда АКШ менен Ирандын ортосунда ири чыр-чатак чыгып кетсе, алар потенциалдуу түрдө көшөрүп алышы ыктымал жана жоготууларга карабастан, Йом Киппур согушунан кийинки мезгилге окшоп ОПЕКке кирген араб өлкөлөрү Батыш экономикасын муунтууга аракет кылышы мүмкүн. Израиль быйыл 7-октябрда Йом Киппурдун 50 жылдык мааракесин белгилеп жатканда акыркы элүү жылдагы эң ири чабуулга кабылган.
2011-жылы Египеттен Иорданияга өтөкн газ куурунун жардыруу. Анын максаты Израилге газ жеткирүүнү үзгүлтүккө учуратуу болгон. Ошондон бери Израиль өзү газ экспорттоочусу болуп калды, бирок саботаж коркунучу жоголгон жок.
ОПЕК өлкөлөрү мунай жана газ эмбаргосун кайра киргизип, Европа менен АКШны ондогон жылдарга кризиске кептей алабы?
Баары болушу мүмкүн, бирок андай кылуу алардын кызыкчылыгына туура келбейт, дешет серепчилер, Катар да, Сауд Аравиясы да Йом Киппур согушу учурундагыга салыштырмалуу азыр дүйнөлүк экономикага алда канча бекем чырмалышкан.
“Катар башка өлкөлөр сыяктуу эле Европанын орус газынан баш тартуусунан пайда тапты. Ал бул рынокту сактап калууга абдан кызыкдар”, - дейт Брюгель изилдөө борборунан Агата Лоскот-Страчота.
“Бааларды өстүрүү үчүн Катар белгисиздик абалын сактап турушу мүмкүн. Бирок, алар газ менен камсыздоону атайылап токтотууга барат дегенге ишене албайм”, - деди ал.
Белгисиздик ЕБны газ менен камсыздаган башка тараптар үчүн да ыңгайлуу.
Евробиримдик газды Африка менен Норвегиядан деңиз астындагы куурлар аркылуу алат. Ар кандай авария дефицит менен, баалардын көтөрүлүшү жана жаңы энергетикалык кризис менен коштолушу турган иш.
"Эгер кимдир бирөө бул тобокелдиктерди күчөтүп, бааларды көтөргүсү келсе же европалык керектөөчүлөргө жөн эле зыян келтирүүнү кааласа, анда куурлар чабуулчулардын бутасына айланышы мүмкүн."- дейт Лоскот-Страчота.
“Түндүк Агымдагы жарылуудан жана “Балтикконнектордогу” жакында болгон окуядан кийин мындай кооптонууларга себеп бар десек болот. Ал эми Жакынкы Чыгыштагы туруксуздук жана кризис отко ого бетер май тамызат”. (DO)