Белгилүү блогер Гүлзат Мамытбек (Алымкулова) кармалды, Өкмөт көмүргө бирдиктүү баа киргизди

Белгилүү блогер Гүлзат Мамытбек (Алымкулова) кармалды

Сүрөттүн булагы, Akipress

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гүлзат Мамытбек
Published

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, аталган блогердин үстүнөн милицияга жети адам кайрылып, алданып калганын айтышкан.

Алдатып жиберген акчалардын жалпы суммасы 110 миң долларга чыгары айтылууда.

Кылмыштар реестрине бул факт көз боёмочулук беренеси менен катталды.

Гүлзат Мамытбек (Алымкулова) былтыр февралда Кыргызстандан чыгып кеткен.

2020-жылдын 8-июнунда ал көз боёмочулукка шектелип жатканы кабарланган. Ал эми 8-августта ага издөө салынган.

Кечээ 25-октябрда ал Кыргызстанга келери менен Биринчи май райондук милициясы тарабынан кармалды. Учурда тергөө абагында. (EK)

Өкмөт көмүргө бирдиктүү баа киргизди

Монополияга каршы агенттигинин директору Кеңешбек Тайлаков

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Монополияга каршы агенттигинин директору Кеңешбек Тайлаков

Монополияга каршы агенттигинин директору Кеңешбек Тайлаков бүгүн басма сөз жыйынында  өлкө боюнча көмүргө бирдиктүү баалар бекитилгенин  билдирди:

“Бишкекте кампаларда саткан көмүрдүн баасы 4 миң 500 сомдон ашпашы керек. Көмүрдү килограммдап саткан жерлерде буга чейин көмүрдүн баасы 7 сом 20 тыйынга чейин көтөрүлүп кеткен, эми ал 5 сом 80 тыйындан ашпайт. Чүй облусунда да бааларга талап ушундай. Ош облусунда көмүргө балган баанын жогорку деңгээли - 6 миң сом, Жалал-Абад облусунда -  6 миң 500 сомго чейин деп бекитилди. Нарында эң төмөнкү чек Ак-Талаа жана Жумгал районуна коюлду -2 миң 400 жана 2 миң 500 сом. Себеби, ал жерлер көмүрдүн мекени, ташуу чыгымдары да аз.  Нарын шаарында көмүргө баа 4 миң сом болду. Ысык-Көл облсунун ар бир районуна өзүнчө баа белгиленди. Караколдо көмүндүн тоннасы 6 миң сомго барат. Талас облусунда баа 5 миң 300 сом болду. Баткенде 8 миң 500 сом деп белгиледик”.

Тайлаков көмүрдүн баасына жалгыз Монополияга каршы агенттиги эле эмес, аймактардагы жергиликтүү бийлик, салык органдары жана милиция көзөмөл кыларын да белгиледи.

Өкмөт койгон баадан ашыра баа койгондорго айып пул салынары эскертилди.

Кыргызстанда кышкысын көмүргө болгон муктаждык 3 миллион тоннадан ашат. Анын ичинде 1 миллион 146 миң тоннасы жеке турак жайларга, ал эми 1 миллион 600 миң тоннасы Бишкек ЖЭБине, калганы мамлекеттик ишканаларга  туура келет. EK