Садыр Жапаров октябрь окуялары жана саясий коррупция жөнүндө

Published

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Октябрь окуялары

Президент Садыр Жапаров октябрь окуяларынын бир жылдыгына карата калкка кайрылуу жолдоду. Анда мамлекет башчы бир жыл мурдагы бийлик алмашууга алып келген окуялардын башкы себеби катары бийликтеги саясий коррупциялашкан системаны атады.

Октябрь окуялары
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Октябрь окуяларында Садыр Жапаров камактан чыгып, премьер-министр болду.

"Себеби 2010-жылдагы Конституциянын редакциясы пропорционалдык шайлоо системасын киргизип, тилекке каршы шайлоолор жабык тизме менен өткөн. Бул система саясий коррупцияга жагымдуу шарттарды жараткан. Натыйжада саясий партиялардын лидерлери жабык тизмени кызылдай эле соодалап, шайлоодо добуштарды сатып алуу күчөгөн. Бул саясий коррупция андан ары уланып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн түзүү укугуна ээ болгон парламент министрлик портфелдерин бөлүшүп, Өкмөттүн, дегеле аткаруу бийлик бутагынын өз алдынча иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, талкалаган. Элдин алдындагы жоопкерчилик дээрлик жоголгон. Парламент Өкмөткө, Өкмөт болсо, кайра парламентке түртө салып, президент эч нерсе болбогондой мамиле кылып отуруп жоопкерчиликти эч бир бийлик бутагы алгысы келбей калган".

Коронавирус каптап, чек аралар жабык болуп, экономикалык-социалдык  кыйынчылыктар курчуп турган мезгилде Кыргызстан шайлоо өткөрдү.

Шайлоодо административдик ресурсту колдонуу, добуштарды сатып алуу эң оркойгон мыйзам бузуулардан болгонун эл аралык байкоочулар белгилешти.

Ошону менен катар пандемия убагында оорулуулар жакшы каралбай, медицина тармагы жеткиликтүү чараларды көрө албаганы аз келгенсип, мамлекеттик каражаттардын дагы уурдалып жатканы элдин кыжырын кайнатты.

"Коррупциянын пандемия шарттарында гүлдөшү да элдин кыжырдануусун күчөткөн жана бийликке болгон ишенимин биротоло жоготкон",-дейт Садыр Жапаров.

Октябрь окуялары

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Эксперттер өз кезегинде өлкөдө саясий элита өз милдетин аткарбаса, эл жашоосун оңдобосо, ушундай көтөрүлүш, революциялар, төңкөрүштөр боло берет дешет.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Эң башкы революционер –биздин өлкөдө жана жалпы эле постсоветтик мейкиндикте бул - бийлик. Алардын кайдыгерлиги, маселе чечкендин көзүн билбегени, компетентсиздиги, ач көздүгү, коррупциялашканы, бюрократизм. Мына ушунун баары биригип келип революцияга алып келүүдө. Кыргызстанда отуз жылдан бери революциялык кырдаал сакталып келатат. Ошондуктан бийлик адамдын көйгөйүнө башкы көңүлдү буруш керек. Анткени, бир да революция карапайым элге эчтеке берген жок”,-дейт профессор Зайнидин Курманов.

Кыргызстанда шайлоодо бийлик күчкө салганда дайыма массалык толкундоолор чыгып келген. 2005-жылы дагы Акаевдин бийлигинин кулашына алып келген окуялар парламенттик шайлоодогу чоң нааразылыктардан башталган. Ошондой эле кырдаал 2020-жылы да кайталанды.

“Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо таза өтөт деп убада берип, бирок көрүнөө жасалып жаткан мыйзам бузууларды көрмөксөн болуп койгон. 5-6-октябрда болгон окуялар бузукулук менен ишке ашкан шайлоого карата реакция болуп калды. Эл мыйзам жолу менен калктын тандоосу менен келген шайлоолорду күткөн, бирок андай болгон жок",-дейт саясий талдоочу Эмил Жураев.

Байкоочулардын бир даары эл каатчылыкка, жокчулукка чыдайт, бирок саясий адилеттик жоголгон убакта чыдабайт, кандай гана бийлик болбосун оодарып сала берет дешет.

“Октябрь айында эл айлык, турак жай оокат сурап чыккан жок. Эл адилеттүүлүктү талап кылып чыкты. Акчанын күчү менен өткөн шайлоого эл чыдай албай койду. Отуз жылдын ичинде үчүнчү жолу президентти мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүүгө аргасыз кылды. Эмне үчүн? Мунун себеби үчөө эле. Биринчи, баш мыйзамда эл мүдөөсүн аткарбаган президентти кызматтан четтетүү мүмкүн болбогон үчүн эл аргасыздан ушундай ишке барды. Эгер баш мыйзамда элдин талабына жооп бербеген президентти мыйзамдуу жол менен чегинтүүгө мүмкүнчүлүк болсо, эл мынчалыкка барбайт эле. Экинчиден, президенттер канча мөөнөт бийлик жүргүзсө дагы эч кимге жооп бербейт. Капчыгын толтурат, адилетсиздикти жайылтат, коррупцияны өстүрөт. Үчүнчүдөн, эгемендик башыбызга келгени жаңы жол тандаганда батыштын демократиясы таңууланды”,-дейт мурдакы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов.

Кыргызстан

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Бир жыл мурда жараксыз болгон парламенттик шайлоо бир жылга кечигип, ноябрдын аягында өткөн жатат. Андан бери конституциялык реформа жүрүп, шайлоо мыйзамы да өзгөрдү. Парламенттин курамы 120 дан токсонго кыскарып, партиялык тизме менен гана эмес, бир мандаттуу округдардан дагы преференциалдык система менен шайланмай болду.

"Азыр бир убаданын гана статусунда турабыз, элдин мүдөөсү, талабы ишке аша элек. Бир жыл бою ар кандай трибунадан эки ай, б ай, бир жыл, беш жыл күткүлө деген сөздөр айтылып жатат. Албетте, мамлекетти оңдоо тездик менен бүтпөйт. Бирок өлкөдөгү мыйзам бузууларды, ар кандай зукулуктарды оңдоого көп убакыт кептейт. Экиничиден оңолууга багыт алдыкпы деген суроо туулат. Макул, ишке аша элек болсун, бирок багытыбыз кайда баратат? Багытыбыз деле суроо туудуруп, күмөн жараткан кырдаалда турат десек болот. Анткени элдин талабы ушул экен деп,  Конституцияны, толгон токой мыйзамдык системаны кайра өзгөртүп жатыбыз. Жакында Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт, бул боюнча дагы ар кандай суроолор чыгууда. Кандай партия, кандай тизме менен жүрүп жатат деген суроолорго эл дагы деле тынчсызданып жатат”,-дейт аналитик Эмил Жураев.

Парламенттик шайлоого катышарын 75 партия билдирген. Садыр Жапаров шайлоодо бийликтин партиясы болбойт деген. Эми  бул шайлоодо саясий адилеттик болобу деп эл карап турат. Кыргыз бийлиги үчүн октябрь окуяларынын сыноосу да, сабагы да ушунда. 

Октябрь окуялары