Трамп АКШда "төрөт туризмине" тыюу салды

Сүрөттүн булагы, Aaron Schwartz/EPA/Shutterstock
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
- Published
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
АКШнын президенти Дональд Трамп 6-августта эки атайын жарлыкка кол койду. Муну менен Трамп туулгандыгы боюнча АКШнын жарандыгын алуу укугун чектөөгө экинчи жолу аракет жасады. Бир ай мурда эле Жогорку сот анын биринчи аракетин Конституцияга туура келбейт деп тапкан.
Жарлыктардын бирине ылайык, бала Американын аймагында төрөлсө да, бирок ата-энеси башка өлкөнүн жараны болсо, анда ал бала АКШнын жарандыгын ала албайт.
Экинчи жарлык "төрөт туризмине" тыюу салат – бул практика боюнча кош бойлуу чет элдик аялдар баласы төрөлгөн жери боюнча АКШнын жараны болушу үчүн атайын Кошмо Штаттарга келип көз жарышат. АКШ – мамлекеттин аймагында төрөлгөндүгү үчүн жарандыкка укук берген саналуу өлкөлөрдүн бири.
"Муну көп жыл мурда эле жасаш керек болчу, бирок биз бул маселени мына азыр чечип жатабыз", - деди Трамп. Ал шайлоо алдында АКШдагы миграцияны чектөөгө убада берген.
Жарлыктардын маңызы
"Менин администрациям өлкөбүздүн берешендигинен пайдаланып, Американын жарандарын алдоого аракет кылган, ниети жаман чет элдик субъекттерден келип чыккан тобокелдиктерге каршы чараларды көрдү", - деп түшүндүрдү биринчи жарлыкты Трамп.
Биринчи жарлыкка ылайык, эгерде АКШда төрөлгөн баланын ата-энеси АКШнын жараны болбосо, же алардын бири террордук уюмдун мүчөсү болсо, же алдамчылык жолу менен АКШнын жарандыгын алууга аракет кылса же АКШдагы иши башка мамлекеттин өкүлчүлүгү менен байланышса (бул, атап айтканда, дипломаттарга тиешелүү) анда балага автоматтык түрдө жарандык берүүгө тыюу салынат.
"Төрөт туризмине" тыюу салуу тууралуу экинчи жарлык "эч кимге мындан ары алдамчылык максатта виза алууга уруксат берилбейт" дегенди билдирет", - деп түшүндүрдү Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Стивен Миллер.
"[Мындай] адамдар бул жакка турист сыяктуу болуп келишет, - деди Миллер. – Бирок алардын чыныгы максаты – бала төрөп, ага автоматтык түрдө жарандык алып, өлкөбүздөн чыгып кетүү. Мындай балдар социалдык жөлөкпул алышат, шайлоо укугуна жана америкалыктарга гана таандык болгон бардык башка укуктарга жана артыкчылыктарга ээ болушат".
Миллер президенттин Иммиграция жана жарандык жөнүндө мыйзамынын бөлүмүнө ылайык "төрөт туризмине" тыюу салууга укугу бар экенин, ал президентке өлкөгө кирүүгө чектөөлөрдү орнотууга укук берерин айтты.
Көйгөйдүн масштабы
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
6-августта жарлыктарга кол коюлганын жарыялап жатып, Трамп "төрөт туризминин" натыйжасында АКШда жүз миңдеген балдар төрөлгөнүн билдирди.
"Учурда бул бизнеске айланып калды, туулгандыгы боюнча жарандык алуу укугунун тегерегинде бай адамдар бизнес куруп жатышат. Мындай болбошу керек", - деди АКШнын президенти.
Трамптын маалыматы Миграциялык саясат институтунун АКШнын эл каттоосу боюнча алынган маалыматтардын негизинде жасаган баалоосунан айырмаланат. Бул эсептөөлөргө ылайык, АКШда жыл сайын "төрөт туризминин" натыйжасында 22 миңден 26 миңге чейин бала төрөлөт. Өкмөттүн маалыматы боюнча, 2024-жылы башка мамлекеттерден АКШга келип 9 600 аял төрөгөн. Улуттук статистиканын маалыматтары боюнча, 2024-жылы АКШда жалпысынан 3,6 миллион бала жарык дүйнөгө келген.
Сүрөттө: Шайлоо өнөктүгү учурунда эле Трамп туулгандыгы боюнча жарандык алуу укугун чектөөгө убада берген.
Reuters агенттиги бала төрөп, жарандык алуу максатын көздөп АКШга келген чет элдиктердин саны же бул үчүн америкалык салык төлөөчүлөрдүн канча акчасы кетип жатканы тууралуу расмий маалымат жок экенин белгиледи.
Сотто чечилчү иш
АКШда туулгандыгы боюнча жарандык алуу укугу өлкөнүн Конституциясына киргизилген 14-түзөтүү менен кепилденген. Анда: "Кошмо Штаттарда туулган же жарандыкка өткөн жана алардын юрисдикциясына кирген бардык адамдар Кошмо Штаттардын жана алар жашаган штаттардын жарандары болуп саналат", - деп айтылат. Бул түзөтүү 1868-жылы, АКШда Жарандык согуш аяктагандан көп өтпөй ратификацияланган жана мурдагы кулдардын укуктарын бекемдеп, айрым штаттарга бул укуктарды чектөөгө мүмкүнчүлүк бербөө максатын көздөгөн болчу.
Трамп өзүнүн жарлыгы менен түзөтүүнү чектөөгө биринчи аракетин 2025-жылдын январында президент катары биринчи иш күнүндө жасаган.
Ошол кезде кол койгон жарлык азыркы эки жарлыкка караганда катаал болчу: ал америкалык ведомстволорго эгерде баланын ата-энесинин бири да АКШнын жараны болбосо же жашап турууга уруксаты, грин-картасы болбосо, Кошмо Штаттарда төрөлгөн балдардын жарандыгын тааныбоону буйруган.
Ушундан кийин башталган соттук териштирүү Жогорку сотко чейин жетип, сот 2026-жылдын июнунда Трамптын 2025-жылдагы жарлыгы 14-түзөтүүгө каршы келет деп таап, муну менен туулгандыгы боюнча жарандык алууга укукту тастыктады.
Соттун бул чечими Трамптын АКШда жашоого, иштөөгө жана жарандык алууга укугу бар адамдардын чөйрөсүн чектөө аракеттерине олуттуу сокку болду. Бейшемби күнү жаңы жарлыкка кол коюп жатып, Трамп Жогорку соттун чечимин "жаман жана абдан адилетсиз" деп атап, "биздин өлкө мындан жапа чегип жатат" деп кошумчалады.
Сүрөттө: Трамптын жарлыгы Конституцияга канчалык туура келери боюнча соттук териштирүү демонстрациялар менен коштолгон.
Трамптын жаңы жарлыгы боюнча да соттук териштирүү жүрүп, 14-түзөтүүгө канчалык шайкеш келери текшерилиши мүмкүн.
Дейвистеги Калифорния университетинин юридикалык мектебинин профессору Габриэл Чиндин айтымында, жарлыктын айрым жоболору сакталып калышы ыктымал, бирок анын башка өңүттөрү "олуттуу конституциялык суроолорду жаратууда".
Чин президент чындыгында эле адамдардын АКШга кирүүсүн, анын ичинде, бул өлкөдө бала төрөө максатында кирүүсүн чектөө боюнча айрым бир ыйгарым укуктарга ээ болгонун тастыктайт.
"Бирок бала Кошмо Штаттарында төрөлүп калгандан кийин президенттин бул бала жаран эмес деп чечүүгө кандайдыр бир ыйгарым укугу бар деп ойлобойм", - деди ал.
Ал "төрөт туризмин" АКШдагы миллиондогон төрөттөргө салыштырмалуу "деңиздеги бир тамчы" деп атады. "Бул адаттан тыш көрүнүш", - деп эсептейт Чин. (ZMa)
































