You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Украинада согуш уланууда, Кызыл аянттагы парад кандай өттү?
Москванын Кызыл аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына карата салтанатуу жүрүш өттү. Бул парад Орусиянын Украинага каршы согушу башталгандан бери карай төртүнчү ирет өтүп жатат. Бул жолу Орусия президенти Владимир Путин өз сөзүндө Украина тууралуу дээрлик кеп кылган жок.
Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга бир гана Орусия президенти Владимир Путин эмес, отузга жакын мамлекеттин лидерлери дагы катышты. Арасында Кытай, Бразилия, Венесуэла, Словакия, Сербия жана Борбор Азиядан барган президенттер бар.
Ошондой эле бул парадга башка өлкөлөрдүн аскердик бөлүктөрү дагы катышып, Кызыл аянттан 13 өлкөнүн салтанатуу жүрүшкө барган бөлүктөрү дагы өттү. Алар: Кытайдын, Вьетнамдын, Египеттин, Монголиянын жана Мьянманын аскерлери да бар.
Салтанатуу жүрүшкө Жөө аскерлердин башкы командачысы Олег Салюков жетекчилик кылды. Парадды болсо Коргоо министри Андрей Белоусов (жарандык кийимчен турду) кабыл алды. Путин парадда Кытай лидери Си Цзиньпин менен жанаша олтурду.
9-майды утурлай Владимир Путин Украинадагы согушта ок атышууну бир тараптуу токтоткон эле. Москва жана Киев Кремль сунуштаган үч күндүк жарашуунун шарттарын аткарган жок деп бири-бирин күнөөлөп жатышат.
Путин эмне деди?
Буга чейинки үч жылдагысында Путин Кызыл аянттагы салтанаттуу кайрылуусунда Орусиянын Украинага каршы согушу тууралуу айтып келген. Бирок бул жолу бул темада бир нече эле сөз айтты.
Путиндин сөзүнө караганда, орусиялыктар Улуу Ата-Мекендик согуштун "укмуштуудай тарыхий кырдаалдарын" дагы деле эстерине бекем түйүп жана "Мекенди сактагыла" жана "өзүңөрдүн улуттук кызыкчылыгыңар үчүн бекем тургула" ошондой эле салттуу баалуулуктарыңарды унутпагыла деп мурас калтырган муунду унутпайт.
Орусия нацизм, русофобия, антисемитизмге каршы күрөштө бузулгус чеп болуп турган жана өз билемдикке каршы туруп, мындай агрессивдүү талкалоочу идеяларды жактагандар менен күрөшөт. Чындык жана адилеттик биз тарапта",- деди Путин.
"Бүтүндөй өлкө, коом, эл атайын аскердик операциянын катышуучуларын колдойт. Биз алардын каармандыктары жана чечкиндүүлүктөрү менен сыймыктанабыз",- деди орус президенти. Орусия Украинадагы согушту "атайын аскердик операция" же ААО деп аташат.
Украинага басып кирүүгө катышкандар дагы Кызыл аянттан басып өтүштү. ТАСС агенттигинин кабарчысы билдиргендей, 11 миңден ашуун аскер кызматкерлеринин ичинен бир жарым миңге жакыны "атайын операциянын жоокерлери".
Путин үч жылдан ашуун убакыттан бери токтобой келе жаткан Украинадагы согуш тууралуу айтпаганы менен диктор аянттан өтүп бара жаткан "атайын аскердик операциянын" катышуучулары тууралуу такай айтып, тааныштырып турду.
Парадга келген чет өлкөлүктөр
Би-Би-Синин аскердик талдоочусу Павел Аксенов баяндайт
Кызыл аянттагы салтанатуу жүрүшкө 13 өлкөнүн аскерлери катышты. Азербайджан, Вьетнам, Беларусь, Египет, Казахстан, КЭР, Кыргызстан, Лаос, Монголия, Мьянма, Таджикистан, Туркмөнүстан жана Өзбекстандан келишти.
Москвада Түндүк Кореянын аскерлери дагы катар тизилип өтөт деген божомол тастыкталган жок. Бирок параддан соң Путин аскер кийимчен турган түндүккореялык офицерлерге басып барды. Телетрансляциянын алып баруучусу Орусиянын президенти аларга Курск облусундагы согуштук аракеттерге катышканы үчүн ыраазылык билдирет деп божомол кылды.
Орусия 2010-жылдан бери карай мындай парадга чет өлкөлүк аскерлерди кошо аралаштырууну салтка айландырган. Ошол жылкы биринчи аракет таасирдүү болуп, анда Москвадагы Кызыл аянт аркылуу Азербайджандын, Армениянын, Беларустун, Казахстандын, Кыргызстандын, Молдованын, Тажикистандын, Түркмөнстандын жана Украинанын ошондой эле батыш өлкөлөрүнөн АКШ, Улуу Британия, Польша жана Франциянын аскерлери катышкан эле.
Деген менен беш жылдан кийин жеңиштин 70 жылдыгын Орусия Крымды аннекциялап жана Укрианада согуш башталган шартта тосту.
Ал учурда Орусиянын батыш өлкөлөрү менен мамилеси кескин начарлап, ал жагдай парадды-н катышуучуларынын курамына кадимкидей таасирин берген. Анда парадга Азербайджандын, Армениянын, Беларустун, Казахстандын, Кыргызстандын, Индиянын, Монголиянын, Сербиянын жана Кытайдын аскрелери келген.
2020-жылы жеңиштин 75 жылдыгында короновирус пандемиясынын айынан Орусия парадды 24-июнга жылдырган. Бул дата 1945-жылы биринчи жолу өткөрүлгөн датага белгиленген. Анда чет өлкөлүк катышуучулардын катарына Молдованын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын аскерлери катышкан.
Параддагы эски жана жаңы аскердик техникалар
Павел Аксенов баяндайт
Сонку эки жылдагы параддар мурункуларга салыштырмалуу "кыйла жөнөкөй" болгон. Бул Орусия Укрианага кол салганга чейинки параддар менен салыштыргандагы көрүнүш.
Аларда сооттолгон техникалар азыраак болгон. 2015-жылдан бери салттуу түрдө катышып келе жаткан "Армат", "Курганец" сыяктуу жана башка соотолгон унаалар катышкан эмес.
Бир жагынан бул орус армиясынын сынынан улам болушу мүмкүн. Себеби согуш башталгандан тарта эле фронтто жаңы танк жана БМПлар эмес, алардын ордуна эски техникалар, ал тургай граждандык автомобилдер пайдаланылууда. Башка жагынан алып караганда, орус армиясында парад үчүн жөнөкөй техникалар тартыш болуп жатышы да мүмкүн.
Экинчи Дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 80 жылдыгына карата орусиялык бийлик парадга мурункусундай көрк берип, масштабдуу көрсөткүсү келди.
Анда дөнгөлөктүү, өзү жүрө турган жаңы артиллериялык түзүмдөр 2С44 "Гиацинт К" жана 2С43 "Мальва", ошондой эле учкучсуз уча турган ыраакка жете турчу "Шахеддер" (Орусияда буларды "Герань" деп аташат) жана Гарпии, чалгыдоочу "Орландар" жана "Ланцет" камикадзе дрондору көрсөтүлдү.
Эксперименталдык машиналардан БМП "Курганец-25" жана "Бумеранг" гана көрсөтүлдү. Танктардан Т-14 "Армат", САУ "Коалиция". Жалпысынан алганда 2015-жылдан бери карай көрсөтүлгөндөр Кызыл аянтта болгон жок.