You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Президенттик шайлоо качан өтөт? Коомдогу талкуулар жана демилгелер
Коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, жалпы 75 кишинин аты жазылган кайрылуу президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна жолдонду. Анда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү сунушу айтылган. Ошол эле кезде шайлоо боюнча бул демилгени негизсиз деп сындагандар да бар. Буга чейин парламент мыйзам боюнча кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында өтүшү керектигин аныктаган.
75 ишмердин кайрылуусу
9-февралда тараган кайрылуунун авторлору 2021–2025-жылдар аралыгында мамлекетте олуттуу ийгиликтер жаралганын белгилешкен. Атап айтканда, өлкөдө тартип жана мыйзамдуулук орноп, кыргыз армиясынын күжүрмөн дарамети бир нече эсе күчтөнгөнү айтылат. Ошондой эле кошуна Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара маселелеринин ийгиликтүү чечилиши, коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында казынага 352 миллиард сомдун кайтарылышы жана уюшкан кылмыштуу топтордун жоюлушу жетишкендик катары бааланган. Кайрылууда социалдык өнүгүү боюнча да жакшы жыйынтыктар болуп, жаңы мектептер, жолдор, маданият жана спорт объектилери курулганы айтылат.
Ошону менен бирге, коомчулук өкүлдөрү мамлекеттин андан ары өнүгүшүнө тоскоол болуп жаткан бир катар көйгөйлөргө токтолушкан. Анын ичинде "Кумтөр" кенинен акыркы беш жылда 5 миллиард доллар пайда түшкөнүнө карабай, Кыргызстандын карызы көбөйүп жатканын белгилешкен. Расмий статистика боюнча, учурда Кыргызстанда 2 миллион адам жакырчылыкта жашары, анын 1 миллиону балдар экени белгиленген.
Кайрылуу ээлери өлкөдөгү учурдагы бийликтин ишмердүүлүгүнүн биринчи этабы логикалык жактан аяктады деп эсептешет. Алардын пикиринде, өнүгүүнүн жаңы баскычына өтүү үчүн жаңы программа жана элдин жаңыланган ишеними керек.
Мындан тышкары, президент 2021-жылы мурдагы Конституция боюнча шайланганы, ал эми өлкө учурда жаңы Баш мыйзам менен иштеп жаткандыгы коомдо ар кандай укуктук талаштарды жаратып жатканы белгиленет. Ушул жагдайларды эске алуу менен авторлор тез арада президенттик шайлоо өткөрүүнү демилгелөөнү сунушташкан.
"Урматтуу Садыр Нургожоевич! Урматтуу Нурланбек Тургунбек уулу! Жогоруда белгилеген өлкө алдыдагы чакырыктарды жана президенттик шайлоого байланышкан талаштарды эске алуу менен, сиздерге өлкө Президенти жана Жогорку Кеңештин Төрагасы катары мүмкүн болушунча тез арада жаңы президенттик шайлоону өткөрүү демилгесин көтөрүүнү сунуштайбыз жана чакырабыз.
Мындай кадам ар кандай талаш-тартыштардын, кошумча түшүндүрмөлөрдүн, коомдук бөлүнүп-жарылуулардын жана мүмкүн болгон Конституциялык сотко кайрылуулардын алдын алат деп ишенебиз. Биз ишенебиз, элдин толук ишенимин алган жаңы президент жана анын командасы натыйжалуу программа иштеп чыгып, мурдагы ийгиликтерди улантып, эффективдүү жаңы заманбап идеялардын негизинде олуттуу маселелерди чечип, ири долбоорлорду ишке ашырып, өлкөнү туруктуу өнүгүүнүн жаңы деңгээлине көтөрөт деп терең ишеним артабыз" деп айтылат кайрылууда.
Кайрылууга Кыргыз Республикасынын Баатырлары Миталип Мамытов, Кубат Осмонбетов, экс-премьер-министрлер Турсунбек Чынгышев, Жантөрө Сатыбалдиев, Мухаммедкалый Абылгазиев, Кубатбек Боронов жана бир катар коомдук ишмерлер кол койгону көрсөтүлгөн.
Демилгечилердин бири Бекболот Талгарбеков Би-Би-Сиге буларды билдирди:
"Себеби дегенде коомдо талаш-тартыш күчөп жатпайбы. Бирөөлөр "президенттин мөөнөтү бүтүп калды" деп айтып жатат. Бирөөлөр "дагы бир жылы бар" деп айтышууда. Ошону менен бул аябай чоң талаш болуп жатат. Ошон үчүн биз ушундай кайрылуу кабыл алдык. Андан көрө бийлик өзү демилгени колго алып, шайлоону июнь-июль айларына коюп койсо, талаш-тартыштын баары токтойт эле да. Бизге азыр туруктуулук керек, тынчтык керек. Жаңы бийлик мурунку жетишкендиктерди улантып, кемчиликтерди оңдоп, жаңы күч менен кирсе деген максат менен демилгечи топ ушундай кайрылуу жасадык. Биз бийлик менен сүйлөшкөн жокпуз, бул өзүбүздүн демилге. Эч кандай бийлик менен макулдашкан демилге эмес. Анын үстүнө бизди "акшакалдар", "дүжүр чалдар" деп айтпасын деп, эл ичинде айтылып жаткан кемчиликтерин да көрсөттүк".
Бекназаров: Окубай эле кол коюп коюшкандары бар
Ал арада соцтармактарга коомдук ишмер Азимбек Бекназаровдун кайрылуусу чыкты. Анда ал президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү демилгесин көтөгөндөрдү сындады:
"Айрымдары 30 жылдан бери, айрымдары 20 жылдан бери бири-бирибизди тааныйбыз, арасында көп достор да бар, үзөңгүлөш жүргөндөр бар, аркы жээк-берки жээк болуп жуүргөндөрү бар. Айрымдарына чалып, "ушуга сен кол койдуңбу, кантип кол койдуң" деп сурадым. "Бүгүн саясий стабилдүүлүк бар, экономикалык стабилдүүлүк бар, социалдык стабилдүүлүк бар, гуманитардык стабилдүүлүк бар. Эмне жылан чакпай, жылкы теппей эле президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда болушу керек деп чыктыңар" десем, ой, биз аны жакшы окубай эле кол коюп койгом дегендер болду арасында. Баягы эле музыкалары да. Азыркы Конституцияда кайсы убакта президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтөрү, анын себептери жана негиздери жазылып калган, 72-беренеде. Андан башка себеп, негиз деген болбошу керек. Бүгүн андай негиз да, себеп да жок".
Бекназаров сөз кылган Баш мыйзамдын 72-беренесинде "Президент арызы боюнча кызматынан кеткен учурда, Конституцияда каралган тартипте кызматтан четтетилгенде, ошондой эле оорусу боюнча ыйгарым укуктарын аткара албай калганда же каза болгон учурда анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулат" деп жазылган.
Депутаттар эмне дейт?
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов көтөрүлүп жаткан демилге тууралуу буларды айтты:
"Парламентте ар кандай ойлор бар. Негизи учурунда болсо деле туура эле болот. Азыркы мыйзам боюнча 2027-жылдын 24-январында өтүшү керек. Бул жерде журналисттер сурамжылоо кылып жатат, социалдык тармактарда талкуулар болуп жатат. Бул жөндөн-жөн эмес. Эч ким жөндөн-жөн мындай чоң маселени көтөрбөйт. Демек бир нерсе бар. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого акырындан даярдык болуп жатат".
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаева өлкөдөгү саясий процесстерге токтолуп, шайлоолорду мөөнөтүнөн мурда өткөрүү адатка айланбашы керектигин билдирди.
"Мен мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү деген практиканы токтотсок деген ойду айткым келет. Анткени биз абдан көп саясий окуяларды башыбыздан өткөрдүк. Ар кандай себептер менен, элдин нааразылыгы менен, шайлоодогу нааразычылыктар менен көпчүлүк мезгилде мөөнөтүнөн мурда шайлоолор өттү. Мындан ары биз, айрыкча жогорку бийлик бутактары алмашып жаткан кезде, президент же жогорку кеңеш болобу, бардыгы тең эле мөөнөтүндө өтсө жакшы болмок. Жол берилет, Конституцияда мөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрсө болот деп, мына былтыр парламенттик шайлоо өткөрдүк. Эми быйыл да ушундай сөздөр болуп жатат. Дегеле бул нерсе адатка айланып калбаса экен дейм. Азыркы учурда биздин президентибиз абдан жакшы реформаларды жүргүзүп, жакшы иштерди алып барып жатат. Мамлекеттик саясатта, мамлекеттик өнүгүүдө абдан чоң бурулуш, өзгөрүүлөр болуп жатат", - деди депутат.
Президенттик шайлоо: соцтармактагы талкуулар
Садыр Жапаров 2021-жылы 10-январда шайлоодон жеңип чыккан. Өткөн айда президент болгонуна беш жыл толду.
Ал мурдагы Баш мыйзамдын негизинде шайланган. Ал кездеги Конституцияга ылайык, президент алты жылга жана бир гана мөөнөткө шайланышы керек. 2021-жылы кабыл алынган Конституция боюнча Кыргызстанда президент беш жылдан эки мөөнөт шайлана алат. Ага ылайык, Жапаров дагы бир мөөнөт президент болууга укуктуу.
Юрист Таттыбүбү Эргешбаева өз анализинде президенттик шайлоо 2027-жылдын январь айында өтүшү керек деп эсептейт.
"Жыйынтыктап айтканда, Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 67-беренесинин негизинде экинчи мөөнөткө шайланууга укуктуу. Аталган берене бир эле адамдын эки мөөнөттөн ашык Президент болуп шайланышына чектөө коет, бирок бир мөөнөт иштегенден кийин кайрадан талапкерлигин көрсөтүүгө тыюу салбайт. Ал Президент болуп бир жолу — 2021-жылдын 10-январында шайлангандыктан жана 2021-жылдын 5-майындагы Конституция мурда алынган мандатты жокко чыгарбагандыктан, ошондой эле шайлоого кайрадан катышууга чектөө киргизбегендиктен, шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамдын талаптары сакталган учурда, анын экинчи президенттик мөөнөткө талапкерлигин көрсөтүү укугу сакталат", - деди Эргешбаева Фейсбукка жазган өз талдоосунда.
"Элибиз президентти кайра шайлайт"
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 24.kg басылмасына маек берип жатып, кийинки шайлоодо Садыр Жапаров кайрадан президент болорун билдирди.
Ал Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында өлкө туруктуу өнүгүп жатканын жана жарандардын көпчүлүгү аны колдой турганын белгиледи.
"Кудай буюрса, элибиз президентти кайра шайлайт. Болгону 75, 85 же 90% болобу деген гана суроо турат. Кандай болгон күндө да кайра шайланат. Өзүңөр билесиңер, аябай көп иш жасалды", — деди Эдил Байсалов.
Садыр Жапаров өзү президенттик шайлоого катышарын так кесе айта элек. Болгону шайлоого катышса, көп добуш менен өтөрүн гана ишенимдүү белгилеп келет.
"Кээ бир саясатчылар же оппозициячылар бир жылдан кийинки президенттик шайлоого кам көрүп жатат деп ойлошу мүмкүн. Жок, туугандар. Мен эч бир депутаттан тарагыла деп суранган деле жокмун. Мен 5 жыл мурун 80 пайыз элдин колдоосу менен өткөм. Кийинки шайлоого талапкерлигимди койсом, 90 пайыз менен өтөм деп ишенем. Анткени элдин колдоосу мурдагыдан да күч экенин сезип турам", - деген Жапаров 2025-жылдын 30-сентябрындагы элге кайрылуусунда.
Өткөн жылы парламент "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизген.
Ага ылайык, кезектеги президенттик шайлоо 2027 жылдын 24 январына белгиленген.