Сары-Жазга кайсы инвестор ГЭС курганы жатат?

Published

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргыз-кытай чек арасына жакын жердеги Сары-Жаз суусуна ГЭС куруу долбоорун ишке ашыруу аракети жанданды.

Сары-Жаз суусуна 1100 МВт кубаттуулукта 6 ГЭС куруу планы советтер союзу учурунда эле иштелип чыккан. Эгемендик алган жылдары аны ишке ашырууга бир нече инвесторлор кызыгып келишкен, бирок чындап киришкен эмес.

Белгилүү болгондой бул жолу ГЭС курууга кытайлык инвесторлор кызыгып жатат. Бирок алар кандай шартта бул долбоорго киргени жатат тактала элек.

Министрликтин жообу

Энергетика министрлиги Сары-Жаз суусуна ГЭС курууга кызыгып жаткан кытайлык инвестор же компаниянын атын атай элек.

Бул кыргыз өкмөтүнүн жакында Кытайга болгон сапарынан кийин ачыкталат:

“Министр Таалайбек Ибраев жаңы эле Сары-Жаздан иш-сапардан келди. Азыр бул боюнча тийиштүү жолугушуулар өткөрүп жатат. 17-21-августта өкмөт өкүлдөрү Кытайга барып келишет. Эгерде ал жакта Сары-Жазда ГЭС каскаддарын куруу боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликтүү жүрө турган болсо, анда иш-кагаздарына кол коюу болот. Ошонун жыйынтыгында кошумча маалымат бере алабыз”- деди Энергетика министрлигинин басма сөз катчысы Айзада Сулайманова.

МинКабдын басма сөз кызматы да азырынча инвестор ысымын атай элек. Бул тууралуу анын пресс-релизинде Акылбек Жапаров жакынкы күндөрү Кытайга иш сапары менен барары, ал сапарда Сары-Жаз суусуна курула турган ГЭСтер боюнча кытайлык инвесторлор менен сүйлөшүү өтөрү гана жалпы жондоп айтылат.

Кыргызстан “Сары-Жаз суусунун үзүрүн көрөбү?

Сары-Жаз дарыясы борбордук Тянь-Шанда жайгашкан, ага аты уйкаш Сары-Жаз кырка тоосунун мөңгүлөрүнөн эрип чыккан суудан турат. Географиялык жактан да, климаттык жактан да шарты катаал. Дарыянын узундугу 400 километрден ашат, суу аянты 28 миң 500 чарчы километрди түзөт. Дарыяда секундасына 208 кубометр агат. Бул абдан чоң суу кубаты деп эсептелет. Андыктан эксперттер анын үстүнө плотина куруу абдан оңой экенин айтып жатышат.

Экономист Искендер Шаршеев учурда Сары-Жаз суусунун 75% кошуна Кытайга агып кетип жатат дейт:

“Сары-Жаз суусу Эңгилчек мөңгүсүнөн башатын алып, Кыргызстанга бир да пайдасын тийгизбей Кытай жакка агат дагы, Чоң Ашуу-Төр деген аймактан өтүп Таарим деген сууга кирип кетет. Ал барып отуруп Аксуу оазисине куят. Ошентип биздин суу жөн эле агып кетип атат. Бирок биз Сары-Жазды Кыргызстанга көбүрөөк пайда алып келтирсе болот”.

Эксперт Сары-Жаз суусун өздөштүрүү ишке ашса, бул кыргыз экономикасынын мүмкүнчүлүктөрүн кыйла эле жогорулатат эле дейт.

Мурунку инвесторлор эмнеден чочуган?

Сары-Жазда ГЭС куруу планы 1982-жылы иштелип чыккан. Ал түгүл, мамлекеттик планга киргизилип, тапшырмалар да берилген. Долбоору жазылып, 1990-жылдардын башында Сары-Жазга гидроэлектростанция салынарда союз таркап, иш токтоп калган.

Андан кийин Сары-Жазда ГЭС курууга кызыккан эки-ч курдай инвестор болду. Бирок анда инвесторлорго жасалган презентацияда ГЭСтин техникалык параметрлери эле көрсөтүп, бирок кыргыз тарап аны куруунун экономикалык пайдасын: канча жылда акчасын кайтарып алат, эмнеси менен рентабилдүү экенин кызыктыра албай калган.

“Сары-Жазда ГЭС курабыз деп 1995-жылы, 2011-жылдын башында аракеттер болду. 2019-жылы да аны курууга кызыкдар болуп бир топ инвесторлор келген. Бирок ал аракеттер эмнеге ишке ашкан жок? Бул жерде, биринчиден, инвесторду экономикалык жактан кызыктырыш керек. Мисалы, ар бир инвестор келгенде өзүнүн кызыкчылыгына карап келет да. Бул деген ал үчүн бизнес да, туурабы? Бирок ошол жагынан бизде электр энергиясына тариф качантан бери чечилбей, эми араң чечилип атпайпы. Кандай инвестор келбесин, өндүрүлгөн энергияны бир жакка сатышы керек. Кайсы бир убакыттан кийин ГЭСти тургузууга кеткен акчасын кайтарып алышы керек да. Инвестортор ошентип техникалык жагын карап, пайдалуу экенин билип, бирок ошол экономикалык жагына ишене бербей, карап эле кете беришкен”,- дейт энергетика тармагынын ардагерлеринин бири Камбар-Ата-1 гидроэлектростанциясы" ЖАКтын директору Чоробай Акунов.

Анын айтымында, Кыргызстан электр энергиясын өндүрүшкө бербейт, андан башка пайда таппай эле туруктуу тариф менен элге сатып отурганда инвестор өзү банкрот болот.

Дагы бир маанилүү жагдай бар: буга чейин тоо кен тармагын иштетип же мамлекеттик буйрутма менен жол курууга келген инвесторлордун айрымдары жергиликтүү элдин каршылыгына кабылган учурлар көп эле болгон.

ГЭС курула турган болсо, качан бүтөт?

Эксперттер Кытай менен курула турган 6 ГЭСтин иши уюштурулушуна, техникалык негиздемесине жараша, эң тез дегенде, 6-7 жылда бүтүп калат деп божомолдошот. Бирок объектти толугу менен бүтүрүү узакка созулган долбоор экени азыртан эле белгилүү.

“Бир каскад ГЭСти курууга бир убакытта алты-жети миң ? катышса жана бүт материалдар дайын болсо, ошого жараша жанында жол же темир жол өңдүү инфраструктурасы болсо анда бир жылда бүтүрсө болот эле. Бирок Сары-Жазда ала турган болсок, ал жерде жакшы жол жок, база деген жок, логистикадан кур, ЛЭП дагы жок, жанында калк жашабайт. Ошондуктан бул курулуш кеминде эле жети-сегиз жылга барат. Эгер бүт объектти бир убакытта куруу каралып жаткан болсо, андан узакка кетет. Бул маселе логистика байланыштуу”,- дейт экономист Искендер Шаршеев.

Сары-Жазда ГЭС куруу долбооруна байланыштуу дагы бир суроо – инвесторлор менен келишимде кыргыз тараптын үлүшү канча болот?

Чоробай Акунов ГЭС жайгашкан өлкө жана суунун башаты Кыргызстанда болгондуктан кыргыз тарап бул долбоордо өз үлүшүн 50% кем эмес деген шартта баштоосу эп болорун айтат.

Кыргыз өкмөтү буга чейин Бала-Саруу ГЭСин өз күчү менен кура баштаганын билдирген эле. Мурдагы министри Доскул Бекмырзаев өкмөттүн Орто-Токой, Сары-Жаз, Кара-Көл, Төрт-Күл гидроэлектростанцияларын куруу планы бар экенин айткан болчу.

Ушу тапта өлкөдө жети: Токтогул, Күрп-Сай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон, Камбар-Ата-2 жана Ат-Башы ири гидроэлектр станциясы иштейт: Алар өлкөдөгү электр энергиясынын 80% бир аз ашыгын өндүрөт. Бирок жыл сайын ансыз да эски ГЭС жабдууларынын эскирип жатканы айтылып келет.

Соңку жылдары Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан улам кышкысын Кыргызстанда энергетикалык каатчылык байкалып жатат.