"Опурталдуу мыйзамдар кирбесин". Талаштуу долбоор кылдат каралышы керек

Published

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстанда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору коомдо курч сын пикир жаратты. Буга байланыштуу, президент Садыр Жапаров долбоордун үстүндө иштеген жумушчу топтун мөөнөтүн төрт айга узартты.

Жергиликтүү жана эл аралык уюмдар бул долбоорго карата тынчсыздануусун билдирип, кыргыз бийлигин аны кабыл албоого үндөгөн.

Кыргызстанда 17 миңдей бейөкмөт уюмдары бар

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда 17 миңдей бейөкмөт уюмдары бар. Сүрөт- иллюстрация

Талаштуу мыйзам долбоорунун айланасында коомдук сын пикир курчуган маалда президент аны карооо мөөнөтүн узартканын жарандык коом кош колдоп кабыл алды.

“Кыргызстан өнүгүп келе жаткан өлкө болгондуктан Россиядан көз карандылыгы бар. Алар өз өлкөсүндө кылып жаткан өзгөчө бир саясий климатты бизге да акырындап таңуулап атат. Бул өтө негативдуү тенденция. Кыргыз Республикасы, биз өзүбүздүн саясатты алып барууда эл аралык келишимдерди ратификация кылганбыз да, ошолорду карашыбыз керек. Эл аралык коомчулукта демократиялык укуктук статусубузду сактап калышыбыз керек. Бирөөнү артынан кайталап, сапаттуу эмес, өлкө келечегине опурталдуу болгон мыйзамдарды киргизбешибиз керек”,-деди Таттыбүбү Эргешбаева, юрист, жумушчу топтун мүчөсү.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча Россиядагыдай болуп, бейөкмөт уюмдарына “чет өлкөлүк агент" макамы берүү каралган. Бирок, документтин соңку редакциясында анын ордуна “чет өлкөлүк өкүл" түшүнүгү киргизилди.

Учурда бейөкмөт уюмдары мамлекеттик органдарга финансылык отчет берип турат. Ошого карабастан, долбоордо бейөкмөт уюмдарынын каржы булактарына жана каражат кандай максатта жумшалып жатканына чейин көзөмөл орнотуу каралууда.

ЖК депутаты Надира Нарматова

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ЖК депутаты Надира Нарматова

“Мамлекеттин бүтүндүгү, коопсуздугу үчүн, мамлекетте тартип, көзөмөл болсун деп, кайсы жактан кандай адамдар келип атат, каражатты кайдан алып келип атат деп, эмне максат менен алып келип атканын ачык, элге көрсөтүп, мамлекет тарабынан көзөмөл болсун деген максатта бул мыйзамдын долбоорун иштеп чыктым. Мен артка кайтпаймын”, -деген эле буга чейин Надира Нарматова.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Документке Нарматовадан тышкары дагы отуздай депутат демилгечи болуп, кийин алардын тогузу чыгып кетти.

Бул мыйзам долбоору бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү ашкере күчөтөт деп сынга кабылды. Андагы ашыкча чектөөлөр, укук коргоо органдарына бөрк ал десе, баш алууга шылтоо болчу нормалар киргени активисттерди кооптондурууда.

“"Акча туура жумшалган эмес", "отчет убагында тапшырылган эмес", "каржы булактары ачыкталган эмес" деген өңдүү шылтоолор менен кылмыш ишин козгогусу келсе, кандай гана бейөкмөт уюм болбосун иш табат. Он жылга чейин эркинен ажыратууга болот делет, үчүнчү тарап деген түшүнүк кирип атат”, -дейт укук коргоочу Азиза Абдирасулова.

Юристтер бул мыйзам долбоору Россиянын бейөкмөт уюмдары тууралуу мыйзамынын көчүрмөсү экенин айтып чыгышкан.

Мындан улам жарандык коомдун көзүнө бул демилгенин аркасында Кремлдин карааны көрүнүүдө.

Кыргызстанда он жети миңден ашык ар кандай бейөкмөт уюмдар катталган, анын ичинен миңге жакыны активдүү иш алып барат.

Кыргызстанда бейөкмөт уюмдары Борбор Азия аймагындагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу активдүү ишмердүүлүгү менен айырмаланат.