You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"75 адамдын кайрылуусу": Курсан Асанов жана Аалы Карашев кармалды
Ички иштер министрлиги массалык башаламандыктарды уюштурууга шектелип дагы эки жаран кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, кармалгандар - мурдагы ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жана экс-депутат Аалы Карашев.
Бул кармоолор 9-февралда интернетте тараган маалыматтарга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында болгон. ИИМдин маалыматы боюнча, шектүүлөр Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмү (Массалык башаламандыктар) менен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Милиция булардын "иш аракеттери коомдогу саясий чыңалууга, коомдук ажырымга алып келмек" жана "өлкөдөгү туруктуулукту солгундатып, жалпы команданын ички биримдигине терс таасир тийгизүүгө багытталган" деп эсептейт.
Тергөө тарабынан кармалган жарандардын жашаган жерлеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, алар айрым жарандарды бириктирген топ түзүп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү боюнча кайрылууларды уюштурууга жана коомчулук арасында такталбаган маалыматтарды жайылтууга аракеттенишкен", — деп билдирди ИИМ.
9-февралда коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, жалпы 75 кишинин аты жазылган кайрылуу президент Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун атына жолдонгон. Анда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү сунушу айтылган.
Алар президент 2021-жылы мурдагы Конституция боюнча шайланганы, ал эми өлкө учурда жаңы Баш мыйзам менен иштеп жаткандыгы коомдо ар кандай укуктук талаштарды жаратып жатканы белгилешкен. Ушул жагдайларды эске алуу менен авторлор тез арада президенттик шайлоо өткөрүүнү демилгелөөнү сунушташкан. Кол койгондордун арасында Курсан Асанов, Аалы Карашев да болгон.
Бүгүн жогорудагы кайрылууга кол койду делген коомдук ишмерлер жана саясатчылар Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев жана Курманбек Дыйканбаев да кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кармалган жарандардын үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлгөн.
Бекболот Талгарбековун уулу Арстан Талгарбеков атасын милиция алып кеткенин ырастаган.
"Иш атамдын кайрылуусу боюнча экен. Ал кайрылууда эч кандай чакырык, мыйзамсыз аракет жок. Толугу менен Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин саясатын колдойт. Үйдө тинтүү болгон-болбогонун айта албайм. Себеби мен атама келген учурда алар үйдөн чыгып баратышыптыр, алар менен кошо ИИМге келдим", – деген Арстан Талгарбеков.
Ал эми камакка алынган башка адамдардын жакындарынан же адвокаттарынан комментарий алууга мүмкүн боло элек.
Президент шайлоонун мөөнөтүнө байланышкан талкуулардын фонунда, 10-февралда президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан алды. Учурда Германияда дарыланып жүргөнүн айткан Ташиев өз билдирүүсүндө кызматтан алынышы ага күтүүсүз болгонун билдирди.
Ал арада президент Садыр Жапаров президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу түшүндүрмө берүүнү сурап, Конституциялык сотко кайрылды. Бул кадам өлкөдөгү саясий жана эксперттик чөйрөдө президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча талаш-тартыштардан улам жасалганын Конституциялык соттон 11-февралда билдиришти.