Черниговдогу тозоктун 21 күнү

Published

Любовь Иващенко

Украина, Чернигов

“Менин үй-бүлөм үчүн согуш 24-февралда эртең менен саат жетиде  башталган. Агам телефон чалып, калаада ок атылып жатканын айтты. Биз өзүбүз уккан жокпуз. Дагы бир агам чабуул башталып, орус аскерлери чек арадан өткөнүн айтты.”

Черниговдун тургуну Любовь Иващенко Орусия артилериясы менен жардырылган шаардын жертөлөсүндө балдары менен үч апта кантип коргонгонун жана кантип чыгып кеткенин айтып берди.  

Алгачкы сезимдер - коркунуч жана айласыздык эле. Балдарым бешикте бейпил уктап жаткан, мен аларды карап ичтен сыздап ыйладым. Мен эмне кылуу керектигин билбейм. Мындай болуп кетерин эч качан күткөн эмесмин, баары заматта өзгөрдү.  Калаадан качуу керекпи же калуу керекпи, билбейм. Менин оюмда мунун баары жакында бүтөт деген үмүт болду, бул узакка созулбайт деп ойлодум. Биздин аскерлер чабуулга каршы туруп, согуш аяктайт деп күткөнмүн.

Эмне үчүн дароо кете албай калды?

Мен азыр эмнеге биринчи күнү чыгып кетпегенибизди так айта албайм. Анын көптөгөн себептери бар, шектендик, кетүүнүн артыкчылыктарын жана кыйынчылыктарын карадым, узак жол жаш балдар үчүн кыйын болоорун айтышты, адамдар бир-биринен кайда барышаарын сурап жатышты. Батыш Украина менен Европада биздин эч кимге керегибиз жок экенин билемин. Биз ыңгайлуу учурларды колдон чыгардык. Бул үчүн мен өзүмдү эч качан кечирбейм. Анткени балдарымдын үч апта бою тозокто жашаганына мен күнөөлүүмүн".

"Мен эртерек чечим чыгарбаганым үчүн Черниговдон убагында чыгып кетпедик. Ошонун айынан менин эки жашар кызым эки аптадан ашык убакыт суук жертөлөдө түнөдү. Менин кичинекей кызым жумшак кызыл куртка жана шапкачан кир зындандын үстүндө жатты, чаң менен аралаш дем алып, ачкалыктан ооруп да калды.   

Эң чоң уулум үн катпады, кээде мага суроо салат: “Апа, бизде баары жакшы болот, туурабы?”

“Ооба, уулум,”- баары өз ордуна келерин айттым, бирок өзүм ишенбедим. Шаардагы абал тескерисинче күндөн-күнгө оорлоп баратты. Баары өтө тездик менен болду. Балдарымды аман сактап калуу үчүн шаардан кетүү керектигин согуштун үчүнчү күнү түшүндүм жана кетүүгө даяр элек. Бачогу толо бензин бир машина үйдүн алдында турган. Бирок ошол кезде Чернигов областык акиминин башчысы Вячеслав Чаус : “Шаардын бардык жеринде жардыруучу заттар коюлган, чыгып кетүү кооптуу”-деп айтты. Ошондон кийин алар Десна өзөнү аркылуу шаардан чыгып бараткандагы автомобил көпүрөсүн жардырып жибергенин айтышты. Биз калдык. Жолдор миналанган болсо кете алмак эмеспиз. Башка мүмкүнчүлүктөрдү издеп жаттык.

Ийгиликсиз аракеттер

Бир убакта снаряд биз турган үйгө келип түштү. Биз жертөлөдө элек. Жогорудан катуу үн чыкты. Ошол убакта кошунам чуркап келип, ортодогу балкон жардырылып, көптөгөн үйлөрдүн терезеси учуп түшкөнүн, үйдүн кабыргасынан тешик пайда болгонун, куткаруучулар аймакты текшерип, атылбай калган снаряддарды издеп жатканын айтты. Биз жашаган турак жай зыянга учурабаптыр. Бирок ал жакка барып жашоо кооптуу эле. Ошондуктан жертөлөдө калдык.

Бир нече күндөн кийин Вячеслав Чаус кезектеги билдирүүсүндө азырынча борбордук эвакуациялоо болбой турганын, Черниговдун тургундары өздөрү унаа менен чыгып кетишип жатканын айтты. Аябай таң калдык. Шаардан чыгуучу бардык жолдор миналанган эмес беле? Биз ага ишенгенбиз. Ошол үчүн кеткен эмеспиз. Биз ишенгендиктен убакытты жоготтук.  Ошондон кийин согуштун биринчи аптасында биз качууга чындап тырыштык.

Аман калуу үмүтүн жоготуп муздак жер төлөгө кайра кирип баргандагы абалыбызды сүрөттөө кыйын эле.

Жертөлөдөгү жашоо

Согуш башталган экинчи күнү эле биз корголоп, жертөлөгө качып кирип баштаганбыз. Башында шаарда сирена болгондо анын чыга беришинде туристтик килемчеде жөн эле отурчубуз. Жер төлөдө бир топ убакыт өткөргөндөн кийин түн ичинде үйгө кайтчубуз. Бирок үйдө мен уктай алчу эмесмин, эки жакты тыңшап жатчумун.

Сирена жаңырар замат же жарылуунун үнү чыкканда терезеге чуркап барчумун. Биринчи күндөрү шаардын эли кечинде же түн ичинде үйдө жарык күйгүзгөндөн коркчу эмес. Анан россиялыктар Черниговдогу көп кабаттуу үйдү бомбалашты. Адамдар өлдү. Менин байкем жакын жерде жертөлөдө экен, чоң энемдин үйү талкаланганда ошол жерге чуркап барыптыр. Анын үзүлүп жулунган колу-буттарын эле көрүптүр. Бир учурда көп адам өлгөн учур ошондо биринчи жолу болду. Анда бизде электр жарыгы бар эле, телевизор көрсөтүп жаткан. Талкаланган үйлөрдү Интернеттен да көрүп жаттык. Ошондо ракета эмне экенин эл түшүнө баштады. Жертөлөгө жашынгандар кескин көбөйдү.

Биз жертөлөдөгү коридордон анын ары түп жагына "көчтүк". Аны эки жашар балага ылайыкташ үчүн эркектер дубалды картон менен тосуп коюшту. Жерге килем төшөп, үстүнө үйлөнмө матрасты таштап койдук. Үйдөн жууркан, плед жана жаздык алып келдик. Азык-түлүк менен суунун запасын бүт алып келдик. Биз жертөлөгө биротоло жашоого өттүк. Биринчи аптанын аягынан тартып бул жакта түнөп жаттык. Үстүбүзгө үч-төрттөн кофта, шым, күрмө кийип, жуурканга жамынып жатып жүрдүк. Бирок түнүчүндө баары бир үшүп ойгонор элек. Көчөдө абанын температурасы - 8 эле. Жертөлөдө да ошондой. Бир гана шамал жок экени болбосо.

Согуш күн сайын, саат сайын жакындай берди, артиллериялык соккулар улам-улам чукулдап келатты. Андан кийин ракеталар бат-бат учуп келе баштады.

Эң үрөй учурган нерсе - бул учактар. Алар асманда дүркүрөп учуп өтүп, бомбаларды ыргытышат. Ар бир түнү менин шаарымды талкалап жатышты.

Эртең менен ойгонор замат биз Интернетте эмне бомбаланганын, талкаланганын көрөбүз. "Украина" отели, кинотеатр, мектеп, бала бакча, турак үйлөр - бул жакта аскердик объектилер качан болчу эле. Ушунун баарын катар-катар жок кылышты.

Менин кичинекей кызым жетиштүү аба жутпай, өңү кубарып, шапая түштү. Жертөлөдөгү коңшулар аны алаксытып, оюнчук алып келип беришти. Бирок кызымдын көңүлү ачылбады. Мен жертөлөгө алып баратканда башында ал ыйлачу. Эми көнүп калды.

Акча

Акча демекчи, сатып алганга эчтеке жок калганда акчаң да бокко жарабай калат тура. Согуш болуп атканда. Мага карточкага акча салып атышты туугандар, досторум. А мен ага бир бөлкө нан да сатып ала албадым.

Суу

Менин эң коркконум ушул эле - суу түгөнөрү. Мен эмнегедир өзүмчө эле колума тийген идиштердин баарына суу толтура баштагам.

Айткандай эле суу жок болду. Бийликтер ракеталык соккудан талкаланган суу системасын оңдоону убада кылды. Биздин күжүрмөн коммунальщиктер бул ишти жасай алышты. Суу кайрадан чоргодон куюла баштады. Бирок бардык эле үйлөрдө эмес. Бизде суу да бар эле, жарык да болду. Жылуулук берилбесе, газ жок болсо да чыдап жашаганга болот эле.

Анан суу кайрадан жок болду. Биротоло. Суу менен кошо нан да түгөндү. Суу болбосо заводдор нан бышыра албайт экен.

Чыдам түгөнгөндө

Акыры жарык да жок болду. Бүттү. Шаарда эчтеке жок - электр, суу, газ, жарык - баары жок. Мобилдүү телефондун заряды бир күнгө эле жетти. Шаарда мобилдик байланыш менен Интернет да иштебей калды.

Мен мурда сиренанын дабышынан коркуп турчумун. Азыр алар да жок. Жымжырттык мени көбүрөөк коркута баштады.

Ракета учуп келгенин, артиллериядан атып баштаганын биз үрөй учуруп ышкырган үн чыкканда гана билип жаттык. Сактанууга саналуу гана секунддар калар эле. Биздин бүт жашообуз үйдөн жертөлөгө чейинки аралыкка кыскарды.

Душман нанга кезекке турган адамдарды атып өлтүргөндөн кийин биз үйдөн он метр ары кеткенден коркуп калдык. Жарык өчүп, азык-түлүктүн калдыгы түгөндү.

Шаардыктар жертөлөнүн жанына от жагып, тамак бышыра баштады. Балкондогу жыгач рамкаларды чыгарып отун кылып жактык. Ушуга чейин жеттик.

Элдер "жашыл коридор" берүүнү сурап жатышты. Бийликтер бул абдан опурталдуу, жертөлөдөн чыкпагыла дейт. Бирок биз эч кимге ишенбей калдык.

Эптеп аман калсак, балдарды сактап калсак деп аттык. Таанышым аркылуу шаардан кантип чыгып кетип, каякка барса болорун сурап тактадым.

Акыры тобокелге салдык. Машинабызга колго эмне тийсе, ошону салдык дагы жолго чыктык. Азыр мен кандай жол менен кутулганыбызды айтып бере албайм. Талаа-түздү аралап, жол издеп жүрдүк. Кырдаал ар саат сайын өзгөрүп атты. Биздин жолдор менен азыр жүрүүгө болбойт. Коркунучтуу. Ар ким өзүнө жоопкерчилик алып, өзү чечиши керек.

Бир гана айтарым - коопсуз жерге биз үч суткадан кийин жеттик. Эми тынч жашоого кайтып келүүнүн аракетиндебиз. Менин Катямдын жүзүндө кайрадан күлкү ойной баштады. (КС)