Россия-Украина сүйлөшүүлөрү: жылыш барбы жана качан мунаса табылат?

Published

Россия менен Украинанын делегацияларынын сүйлөшүүлөрү апта башында бир жарым саатка созулуп, жумушчу топ форматында улантылды. Бул сүйлөшүүлөрдөн эмне жылыш бар жана кол салган Россия менен коргонуп жаткан Украина бири-биринен кандай макулдашууга жетишүүнү көздөп жатат?

 

Эки тараптын жасаган билдирүүлөрү маалыматтык согушка окшоп кетип жаткандыктан, алардан фактыларды ажыратып билүү оңой эмес. Ошондуктан Би-Би-Си украин-орус сүйлөшүүлөрүнүн азыркы абалын, андагы негизги талаптарды жана билдирүүлөрдү корутундулаганга аракет кылып көрдү.

Башталышы

Сүйлөшүүлөр орус аскери Украинага басып киргенине беш күн болгондо 28-февралда башталган. Ошондо согушкан тараптардын өкүлдөрү биринчи жолу Беларустун аймагында Гомель областында, украин чек арасынан алыс эмес Припять дарыясынын районунда жолугушкан.

Делегациялардын курамы анда анчалык чоң көрүнгөн эмес – россиялык делегацияны президент Путиндин жардамчыларынын бири, мурдагы маданият министри жана Россиянын аскердик-тарыхый коомунун төрагасы Владимир Мединский баштап келди. Делегациянын курамына ошондой эле Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко, Россиянын Беларустагы элчиси Борис Грызлов, Мамдуманын эл аралык комитетинин башчысы Леонид Слуцкий, коргоо министинин орун басары Александр Фомин кирди.

Украин делегациясы андан да чакан келди: коргоо министри Алексей Резников, Жогорку Рададагы “Эл кызматчысы” фракциясынын башчысы Давид Арахамия жана президенттин кеңсесинин башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк.

Сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду кандайдыр бир натыйжа берген жок, анын үстүнө тараптар өздөрү да маалымат берүүгө умтулушпады.

Президент Зеленскийдин кеңсесинен ок атышууну токтотуу жана аскерди Украинанын аймагынан чыгаруу Россия менен сүйлөшүүлөрдүн эң орчундуу маселеси катары айтылды. Кремль сүйлөшүүлөр алдында өзүнүн позицияларын жарыя кылган жок. Бирок Путиндин жана тышкы иштер министри Сергей Лавровдун ага чейинки билдирүүлөрүнөн сөз Украинадагы “денацификация” жана “демилитиризация” жөнүндө болуп жатканы түшүнүктүү эле.

1-мартта Украинанын президенти Владимир Зеленский Владимир Путин менен тикелей сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди: Владимир Путинди “сүйлөшүүлөр столуна отургузалы”, “Дагы деле аны менен отуруп сүйлөшүүгө даярбыз” деп айтты ал.

Ошол учурда да, азыр да Кремлде Зеленскийдин сунушуна “азыр эрте” деген жооп болуп жатат.

Сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду 3-мартта өттү, бул жолу Беларустагы Брест областынын аймагында болду. Тараптар жайкын тургундарды чыгарып кетүү үчүн гуманитардык коридорлорду түзүү жана айыгышкан салгылашуу жүрүп жаткан жерлерге дары-дармек менен азык-түлүк жеткирүү үчүн убактылуу ок атышууну токтото турууну макулдашты.

 

7-мартта Беловежск токоюнда сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы болду, анын жыйынтыгында эки тарап тең абдан пессимисттик билдирүүлөрдү жасашты: орус делегациясынын жетечиси Мединский үмүттөр акталбады деди, ал эми Украина делегациясынын башчысы Михаил Подоляк “гуманитардык коридорлордун логистикасы” боюнча айрым жылыштар жөнүндө гана айтты.

Ошол эле убакта Түркия согушуп жаткан тараптарды жогору деңгээлде сүйлөшүүлөргө чакырып, 10-мартта Анталияда Россия менен Украинанын тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Дмитрий Кулебанын жолугушуусун уюштурду. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу кошо катышты.

Ал аяктаганда Кулеба ок атышууну токтотуу маселесинде эч жылыш болбогондугун билдирди. Лавров өз кезегинде Украина “жөнгө салуу боюнча сунуштарды” карап көрүүгө алганын айтты, бирок ал эмне экенин тактап чечмелеп берген жок.

Ошондон кийин президент Зеленский президент Путин менен жолугушууга даяр экенин бир нече жолу билдирди жана аны жолугушууну создуктурбоого чакырды. Өздөрүндө орус-украин сүйлөшүүлөрүн жогорку деңгээлде өткөрүү сунушу менен бир катар өлкөлөр чыкты – Түркия, Швейцария жана Израиль. (Президент Зеленский Иерусалим – “буга туура келген шаар” деп билдирди).

 

Жаңы контекст

21-мартта Украина менен Россия жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр жөнүндө кайрадан билдирүүлөрдү жасашты. Президент Зеленский президент Путиндеги Россия үчүн кырсыктын алдын алуунун бирден бир аргасы – тынчтык сүйлөшүүлөрү деп айтты. Ал эми Кремлдин өкүлү Песков Путин менен Зеленскийдин жолугушуусу жөнундө айтуу али эрте дегендей ишарат жасады, анткени алар "беките турган али эчтеке жок, макулдашуулар жок”.

Согуш башталгандан бери (сүйлөшүүлөр башталгандан бери дагы) кырдаал Украина үчүн да, Россия үчүн да кыйла өзгөрдү. Россиялык аскердин тынбаган ракеталык-артиллериялык соккулары жарандык объектилерге да тийип, эл ичинде миллиондогон качкындарга, көп сандаган курмандыктарга алып келди, өлкөнүн бир катар региондорунда гуманитардык кырсык башталды.

Ошого карабастан батыш аналитиктери окуянын өнүгүшү Кремлдин планы боюнча кеткен жок, анын аскери катуу каршылык көрсөтүп жаткан украин куралдуу күчтөрү менен болгон согушта тытышып тыгылып калды деп жатышат. Батыш өлкөлөрү Россияга буга чейин болуп көрбөгөндөй масштабда санкцияларды салып, басымды күчөтүүдө, анын кесепети сезиле баштады. Кремль менен анын пропагандасы азыр муну моюнга албай турат, бирок сүйлөшүүлөрдүн контексти согуштун биринчи күнүнө караганда аябай өзгөрдү.  

Сүйлөшүүлөр кандай жүрүүдө?

Украинанын өкүлдөрү айткандай, сүйлөшүүлөр процесси “абдан татаал жана жабышкак” болуп жатканына карабастан,  анда-санда эки тараптын өкүлдөрүнөн сабырдуу оптимисттик билдирүүлөр боло калып жатат, мунаса табууга жол бар жана болочок келишимдин айрым пункттары макулдашылды деген мааниде сөз жүрүүдө.

Владимир Зеленский басма сөз жыйындарынын биринде сүйлөшүүлөрдүн маани-мазмуну бар деп айта кетти: “Украин жана россиялык өкүлдөрдүн тобу ультиматум ыргытпай, бул же тигил маселелерди талкуулап, сүйлөшүп баштады”.

Владимир Путин Кремлде Александр Лукашенкону кабыл алганда “сүйлөшүүлөр азыр иш жүзүндө күнүгө болуп жатканын”, “айрым бир жакшы жылыштар” жөнүндө айтты, бирок алар эмне экенин чечмелеп түшүндүргөн жок.

 

Кремлде Путин менен Зеленскийдин жолугушуусунун теоретикалык мүмкүнчүлүктөрүн дагы четке кагышкан жок, бирок тышкы иштер министрлери менен сүйлөшүү жүргүзүп аткан делегациялар өздөрүнүн ишин жасасын, президенттер “жөн эле процесс үчүн, сүйлөшүү үчүн гана жолугушпай, кандайдыр бир натыйжа болсун” деп баса белгилешүүдө.

 

Тараптардын көздөгөнү эмне?

Сүйлөшүп жаткандар көп жолу билдиришкендей, делегациялар бардык маанилүү позициялар макулдашылып бүтмөйүнчө сүйлөшүүлөрдүн мазмунун айтпай турууну макулдашкан.

Бирок украин тараптын талаптарын Михаил Подоляк бир нече жолу жарыя кылды. Россиянын “Коммерсанть” гезитине 12-мартта берген маегинде ал келишим көп компоненттүү болушу керектигин айтты: “Анда бир нече позиция болууга тийиш. Эң оболу согушту токтотууга тийиштүү позициялар. Экинчи пункт – россиялык аскерди Украинанын аймагынан чыгаруунун мезгилдик параметрлер боюнча ылдамдыгы, процедурасы. Үчүнчү бөлүгү -  бул тынчтык  келишими. Тынчтык кепилдөөнүн жолу. Ушунда биз баарынын өзөгүндө турган эң маанилүү учурга кайта келебиз -  бул Украинага коопсуздук кепилдиктери, ал мындай кырдаал кайталанбасын үчүн керек”.

Украина өзүнүн инфраструктурасындагы масштабдуу кыйроолор үчүн Россиядан компенсация талап кыла турганы да айтылууда.

 Михаил Подоляк Россия делегациясы “денацификация” жана “демилитиризация” жөнүндө талап койбой, “адекваттуу сунуштарга” көбүрөөк токтолуп жатат дейт.

А Россия эмне дейт? РФ ТИМ расмий өкүлү Мария Захарова марттын башында эле Москва Украинадагы бийликти алмаштырганы жаткан жок, ал эми Россиянын куралдуу күчтөрү Украинаны оккупация кылбайт, анын мамлекеттик түзүлүшүн кыйратпайт, аны башкарып турган адамдары кулатпайт деп билдирген.

16-мартта Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орус-украин сүйлөшүүлөрүндө Украинага Австрия же Швеция варианты боюнча демилитиризация болгон бейтарап өлкөнүн макамын бекитүү жөнүндө маселе каралып жатканын тастыктады. (Украинанын өкүлдөрү ошол замат дароо бул Украин варианты болот деп билдиришти.)

Мындай модель боюнча өлкө аскердик блокторго кирүүдөн жана өзүнүн аймагында чет элдик аскердик базаларды жайгаштыруудан баш тартат, бирок өзүнүн армиясы жана аскер-деңиз күчтөрү болот, деди Мединский.

Ырас, Киев өз кезегинде, 2010-жылы өлкө өзүнүн нейтралитетин жана эч кандай блокторго кирбесин жарыя кылганын, бирок төрт жылдан кийин Россия андан Крымды тартып алганын, Донбасстагы жикчилдерге колдоо көрсөткөнүн жүйө тартууда.

"Биринчиден, бул абсолюттук коопсуздук кепилдиктери дегенди билдирет, - деп айтты украин делегациясынын башчысы Михаил Подоляк. - Чыныгы, протоколдук же будапештик эмес. Бул демек, кол койгон тараптар Украинага азыркыдай кол салуу болгон учурда четте турушпайт. Украинанын тарабында конфликтке катышып, бизге дароо керектүү санда курал жиберип, расмий аракет көрөт”.

Ушундан эки күн өткөндөн кийин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров конфликт “коопсуздук, Украинанын бейтарап макамы жана анын коопсуздугунун кепилдиктери маселелери боюнча бүт керектүү документтерге кол коюу менен аяктайт” деп билдирди.

 

Тынчтык жакында орношу мүмкүнбү?

Жекшембиде Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу “согуш болуп, карапайым калктын каны төгүлүп жатканда, келишимге келүү оңой болбойт, бирок (келишимге келүү ниети) импульс күч алып баштады. Биз тараптар кол алышууга жакын экенин көрүп жатабыз”,-деп билдирди.  

Айтмакчы, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Эн-би-сидеги маегинде украин-орус сүйлөшүүлөрүн колдоого алып жаткандыгы үчүн Түркияга ыраазылык билдирип, бирок “бул сүйлөшүүлөр кандайдыр бир натыйжа алып келет деп айтууга азыр аябай эрте” деп белгилей кетти.

 

НАТОнун ушул аптада боло турган маанилүү саммитинин алдында, АКШ дагы бул сүйлөшүүлөргө анчалык оптимизм менен караган жок. АКШнын БУУдагы өкүлү Линда Томас-Гринфилд анын көз карашында ийгилик болоруна шанс аз деп билдирди.

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан Россияны Украина менен калп эле түр көрсөтүш үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө деп айыптады. Россия Чеченстандагы Грозныйда жана Сириянын Алеппосунда болгон стратегиялар менен баратат деди: ”Адегенде бомбалап, андан кийин гуманитардык коридор түзүп, душманын аны сыйлабайт деп күнөөлөп, акыры сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандай түр көрсөтүп сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө”,-деди Ле Дриан, Le Parisien газетасындагы интервьюда.

Украин делегациясынын мүчөсү Михаил Подоляк полшалык Wirtualna Polska басылмасына берген маегинде тынчтык келишиминин талаштуу маселелерин макулдашуу бир нече күндөн бир жарым аптага созулушу мүмкүн деп билдирди.

Анын айтымында, келишимге кол коюу конфликттин курч фазасын токтотуп, өлкөнү калыбына келтирүү ишин баштоого мүмкүнчүлүк берет. Бирок ушуну менен украиндер үчүн согуш бүтөрүнө ал бекем ишенбейт.

Владимир Зеленский америкалык Си-эн-эн телеканалына жекшембиде: "Сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү болсун үчүн, Путин менен сүйлөшүү үчүн ар бир шансты, ар бир форматты пайдалануу керек деп ойлойм. Бирок бул аракеттер ишке ашпай калса, анда бул Үчүнчү дүйнөлүк согуш башталат дегенди билдирет”,-деди. (КС)