"Тагдыр чечүүчү апта". АКШ согушту аяктоо келишимин тездетүүгө, Орусия шашылбоого чакырууда

Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Украина менен Орусиянын ортосундагы тынчтык келишимине тез арада кол коюлушу керектигин, болбосо Вашингтон сүйлөшүү жараянынан чыгарын билдирди. Ал АКШ бул маселе боюнча чечим бир апта ичинде кабыл алына турганын айтты. Ошол эле учурда Орусиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров тынчтык келишими үчүн кайрадан шарт коюп, шашылыш иш сүйлөшүүлөргө тоскоолдук гана жаратарын билдирди.

АКШнын мамлекеттик катчысы 27-апрель күнү NBC каналынын Meet the Press программасына маек берип жатып: "Бул тез арада ишке ашуусу керек. Эгер натыйжа чыкпай турган болсо, биз биз бул ишке мындан ары убакытты жана ресурстарды коротуп отура албайбыз. Ошондуктан бул апта абдан маанилүү болот. Биз сүйлөшүүлөргө катышууну улантабызбы же башка орчундуу маселелерге көңүл бурушубуз зарылбы деген чечимди кабыл алышыбыз керек", – деди.

Рубио буга чейин эгерде жаатташкан тараптар мунасага келбей турган болсо, АКШ Украинада тынчтыкты орнотуу аракеттерин токтоторун бир нече жолу билдирген.

АКШ президенти Дональд Трамп да ушундай пикирде. Президенттик кызматка экинчи жолу шайланардан мурун ал Украинадагы согушту "бир сутканын ичинде" токтотууга бир нече жолу убада берген эле.

Кийин америкалык администрациянын өкүлдөрү бул маселени Трамптын президенттик мөөнөтүнүн алгачкы 100 күнү аяктаганга чейин чечүүгө ниеттенип жатышканын билдиришкен. Бул мөөнөт болсо 30-апрелде аяктайт.

Өткөн аптанын аягында Трамп ок атышпоо келишимине кол коюунун акыркы мөөнөтү тууралуу суроого жооп берип жатып, "өзүнүн мөөнөтү бар экенин" айтты, бирок ал мөөнөт качан бүтөрүн тактаган жок.

"Бизде дедлайн бар. Андан кийин биз таптакыр башкача мамиле кылабыз", – деди АКШ президенти.

25-апрелде АКШ Украина менен Орусияга тынчтык келишиминин планын сунуштаганы маалым болгон. Ага ылайык, Киев НАТОго кошулуу мүмкүнчүлүгүнөн баш тартат, ал эми Вашингтон Крымдын аннексиясын жана Москванын Украинанын оккупацияланган аймактарындагы көзөмөлүн юридикалык жактан тааныйт. Анын ордуна Украинага кандайдыр бир коопсуздук кепилдиктери берилет, бирок документте бул кепилдиктердин так мазмуну көрсөтүлгөн эмес.

Бир катар маалымат агенттиктери жеке булактарына таянуу менен Украина жана анын европалык союздаштары өз планын сунушташканын жазышты. Бул планда Киевге карата коопсуздук кепилдиктерин күчөтүү жана Украинаны калыбына келтирүү үчүн тоңдурулган орус активдерин пайдалануу каралган.

Бул сунуштарга карата Орусия расмий реакция жасай элек. Бирок жалпыга маалымдоо каражаттары орус президенти Владимир Путин Запорожье, Херсон, Донецк жана Луганск облустарынан украин аскерлерин чыгарып кетүү талабынан баш тартышы мүмкүн экенин жазышты. Москва бул аймактарды көзөмөлдөбөйт, бирок өзүнүкү деп эсептейт.

Лавров: шашмалык "реалдуу саясатка" тоскоолдук жаратат

Бул маселеде Москванын позициясы кандай экенин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун америкалык CBS News телеканалынын Face the Nation программасына берген маегинен түшүнсө болот.

Бул маек Рубионун соңку билдирүүсүнө чейин эле жазылып алынган.

Лавров CBS News телеканалынын журналисти Маргарет Бреннан менен онлайн байланышып, суроолорго англис тилинде жооп берген.

Маек учурунда журналист Лавровдон Рубио менен Трамптын эгер тез жыйынтык болбосо, сүйлөшүү жараяндарынан чыгууга даяр экенин билдирген опузасына комментарий берүүнү өтүнгөн.

Лавров: "Биз бул чыдамсыздыкты түшүнүп турабыз. Анткени бул америкалык маданияттын бир бөлүгү. Силер үмүт жаратып, бирок ошол үмүттүн айланасында чыңалууну күчөтүп жибересиңер. Бул ыкма чыныгы саясат жүргүзүүгө жардам бербейт. Бирок биздин жагдайда, мен буга чейин айткандай, биз диалогго даярбыз, сүйлөшүүлөргө даярбыз жана иштин башында эле жолубуз болбойт дегибиз келбейт. Мындай мамиле начар келишимдин белгиси болот", – деп жооп берген.

Орусия кандай компромисстерди сунуштоого даяр деген суроого Лавров түз жооп берген эмес. Бирок журналисттин "Орусия чын-чынында эпке келгиси келбей жатат" деген ырастоосун жалган деп атады.

Орусиянын ТИМ башчысы тек гана Орусия кызыкчылыктардын балансын түзүүгө даяр экенин айтты.

Лавровдун CBS News телеканалына берген маегине караганда, Орусия тынчтыкты орнотуу боюнча өз шарттарынан баш тартпагандай. Кремлдин шарттарын буга чейин Украина жана анын европалык союздаштары "кабыл алынгыс" деп аташкан.

Лавров Батыш өлкөлөрү Украинага аскерий жардам берүүнү токтотушу керектигин дагы бир жолу айтты. Киев менен анын европалык союздаштары мындай сунушту четке кагышкан. Алар мындай жардам токтотулса, Украинанын агрессорго каршы коргонууга мүмкүнчүлүгү болбой кала турганын белгилешкен.

Meet the Press программасынын алып баруучусу Украина 11-мартта АКШнын шартсыз ок атышууну токтотуу сунушун кабыл алганын, бирок Москва өз шарттарын койгонун эске салды.

Жооп катары Лавров Орусия да шартсыз ок атышууну токтотууга макул экенин, бирок "ок атышууну токтотуу украин армиясын күчтөндүрүү үчүн колдонулбайт деген кепилдик алгысы келерин жана курал-жарак жеткирүү токтотулушу керектигин" билдирди.

Лавровдун пикиринде, Европа учурда Украинаны күчтөндүрө турган, Украинаны жеңүүчү кыла турган келишимди гана колдой аларын ишарат кылып жатат.

"Эгер ок атышууну токтотуунун максаты ушул болсо, менимче, бул президент Трамп каалаган нерсе эмес", – деди Лавров.

Ал европалыктар Зеленский менен бирге президент Трамптын демилгесин өздөрүнүн максатына шайкеш келтиргиси келип жатканын кошумчалады.

Трамптын согушту токтотуу сунушу, Запорожье АЭСинин тагдыры

CBS телеканалы Лавровдон жакында Киевге ракеталар менен жапырт чабуул жасалгандан кийин АКШ президенти Дональд Трамп Путинге чабуулдарды токтотуу керектигин айтканын эске салып, Орусия бул өтүнүчтү орундатууга даярбы деп сурады.

2024-жылы 24-апрелде орус армиясы Киевге дрондор жана ракеталар менен сокку урган. Натыйжада кишилер жашаган бир аймак толугу менен кыйраган. Жалпысынан 12 жай тургун каза болуп, 90дан ашуун адам жаракат алган.

Мындан соң Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагына: "Владимир, токто!" деп жазган.

Трамп Ватиканда Украина президенти менен жолукканда Украинадагы жарандык объектилерге жасалган чабуулду "кабыл алынгыс" деп атаган жана Путин чындыгында тынчтыкты каалабай жатат окшойт деген шектенүүсүн билдирген.

CBS телеканалынын журналисти Москва Трамптын чакырыгына кулак төшөйбү деп сураганда, Лавров: "Биз украин армиясына, башка өлкөлөрдөн келген жалданма күчтөргө жана машыктыруучулар колдонгон объектилерге сокку урууну улантабыз", деп жооп берди.

Киевдеги соккудан кийин ошол жерден аскердик объекттердин жабыркаганы тууралуу далил же ырастоо болгон жок. Жарыяланган кадрларга жана күбөлөрдүн айткан сөздөрүнө караганда, орус ракеталары Киевде эл жашаган аймакка тийген.

Лавровго Москва Орусиянын оккупациясында турган Украинанын Запорожье атомдук электр станциясын АКШга өткөрүп берүүгө даярбы деген суроо да берилген.

Бул Вашингтон сунуш кылган тынчтык планындагы пункттардын бири болгон.

"Жок, бизге эч качан мындай сунуш түшкөн эмес, бирок түшсө, Запорожье АЭСин Орусиянын "Росатом" мамлекеттик корпорациясы башкарарын түшүндүрөбүз", — деп жооп берди Орусиянын тышкы иштер министри.

Ал атомдук электр станция "өтө ишенимдүү колдо" экенин кошумчалады. (АА)