You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Кастыкты козуткан эмесмин". Сот Айбек Теңизбайды 11-февралга чейин камакка алды
- Author, Макала жаңыртылды
- Published
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
Укук коргоо органдары тарабынан бир күн мурда өз үйүндө кармалган активист Айбек Теңизбайдын бөгөт чарасы 12-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралып, 2025-жылдын 11-февралына чейин камакка алынды.
Сот чечимине ылайык, ал Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалат.
Айбек Теңизбайдын жактоочусу Жаныш Бараков судьядан активистти камакка албай, анын ордуна электрондук көзөмөл менен бошотууну өтүнгөн. Бирок бул өтүнүч канааттандырылган жок.
Айбек Теңизбай сотто өзүнө коюлган айыптар боюнча пикирин билдирип, эч качан атайылап, максаттуу түрдө улут аралык кастыкты тутандырууга умтулбаганын белгиледи.
Атайын кызмат Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (пикир келишпестикти) козутуу) боюнча кылмыш ишин козгогон.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 12-декабрда тараткан маалыматында "социалдык тармактардагы улуттар аралык мүнөздөгү чагымчыл билдирүүлөрдү жазган автор кармалды" деп айтылган.
" КР УКМК этностор аралык чыр-чатактын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин алкагында социалдык тармактарда белгилүү бир улутка карата жеке кастыгын билдирген провокациялык билдирүүлөрдү системалуу түрдө жарыялаган Т.А.Д. аттуу кыргыз жаранын аныктады. Анын аракети этностор аралык чыр-чатакты козутуучу фактор болуп саналат жана массалык башаламандыкка алып келиши мүмкүн. Тактап айтканда, козголгон кылмыш ишинин жана чогултулган материалдардын алкагында КР Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынан эксперттик корутунду алынган, анда Т.А.Д. тарабынан социалдык тармактарда жарыяланган материалдарда улуттар аралык кастыкты козутуунун белгилери бар экени аныкталган" деп айтылат УКМК тараткан билдирүүдө.
Активист, саясий темалардагы подкасттын автору Айбек Теңизбай укук коргоо органдарынын кызматкерлери 11-декабрдын таңында Чүйдөгү Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармап кеткен. Анын жакын тарапкери Максат Темирбаев окуя эртең мененки 08:00дөр чамасында болгонун Би-Би-Сиге айтып берген.
"Телефон, планшетин, керек болсо апасынын номерин бери тартып алышып, Айбектин өзүн алып кетишкен. Андан бери аны менен байланышуу мүмкүн болбой жатат. Өз булактарыбыздан тактадык, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгына алып кетишти деп уктук",— деген Темирбаев.
Би-Би-Си Айбек Теңизбайдын апасы Анаркүл Касымалиева менен да байланышып окуянын чоо-жайын сураган болчу.
"Биз эртең менен жаңы эле туруп жатканбыз, кирип келишти. Өздөрүн тааныштырышкан жок. Анан үйдүн баарын аңтарышты, документтерди карады, телефон, ноутбук болгон нерселердин баарын алып кетишти. Балам ишкерлик кылып эле жүргөн, эмнеге кармашты, кармоого себеби жок эле",-деди активисттин апасы.
Ал кечээ 48 саатка камалганы тууралуу маалымат кечке маал чыккан, 12-декабрда анын баш коргоо чарасы каралары айтылган. Ага чейин Би-Би-Си Айбек Теңизбайга жактоочулук кылып жаткан адвокат Бакыт Автандил менен байланышканда, ал активистти кармоого эмне себеп болушу мүмкүндүгүн билбей турганын айткан.
"Азыр биз УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын имаратынын алдында турабыз. Бирок азыркы учурга чейин эч кандай маалыматыбыз жок. Айбек Теңизбайдын экстремисттик мүнөздөгү билдирүүлөрүн деле билбейбиз. Болгону сын гана айтчу. Олуттуу кылмыш койчудай айыпка себеп жок эле. Бизге белгисиз болуп жатат эмне маселе боюнча кармалганы", - деген эле юрист.
Активист социалдык тармактардагы баракчаларына коомдук-саясий маселелерге байланыштуу пикирин ачык жазып жүргөнү менен белгилүү. Соңку постторунда ал Конституциялык соттун өлүм жазасына каршы соңку чечимин кубаттап, Бишкектени мурдагы мэри Нариман Түлеевдин борбор калаадагы курулушун сындаган.
"Бизде бардык чечимдер президентке же УКМКга байланганы үчүн башка мамлекеттик мекемелер өз алдынча чечим чыгара албай калды. Бир адам же эки киши бардыгын көзөмөлдөй албайт, убакыт да, ресурс да, билим да жетпейт", - деп жазган Теңизбай.
Мындан тышкары Айбек Теңизбай бир катар саясатчылар менен видеоподкасттарды уюштурганы менен белгилүү.