You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"300 миллион сом төлөп бердим". Нариман Түлеев 300 миллион сом "кусканын" айтты
Бишкек шаарынын мурдагы мэри, ишкер жана борбор калаанын чок ортосунда Bishkek Old долбоорун ишкер ашырып жаткан Нариман Түлеев азыркы бийликтин тушунда 300 миллион сом салык төлөгөнүн айтты.
Ал журналист Майраш Базлакуновага берген маегинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин убагында салык качканын билдирди.
"Мен деле төлөдүм, 300 миллион сом төлөп бердик. Баары эле төлөп жатат. 300 миллионду салык катары төлөп бердик. Ачыгын айтайын, Алмабек Атамбаевдин убагында бир дагы салык төлөгөн эмесмин. Төлөп жатасыңбы же төлөбөй жатасыңбы, Атамбаевге баары бир болчу. Ал "муну иштетпе, буга жумуш бербе, уруксат бербе" деп коюп эле жата берчү. Салык төлөнүп жатабы, төлөнбөй жатабы, баары бир болчу. Мына мен силерге ачык айтайын: Атамбаевдин убагында бир дагы салык төлөгөн эмесмин. Түрмөдөн чыгып келип төлөгөн жокмун. Анан ошонун баарын бул бийлик келип санап туруп 300 миллион сом "кустуруп" жатпайбы. 300 миллион сом "кусуп" бердим. Күнөө өзүмдө да. Атамбаевдин убагында бир дагы адам салык төлөчү эмес. Сооронбай Шриповичтин убагында деле салык төлөшчү эмес", -деди Түлеев.
Учурда Нариман Түлеевге таандык "Tashbolot Holding" компаниясы Бишкектин чок ортосунда, Чүй проспектисиндеги "Айчүрөк" соода борборунун жанында "Old Bishkek" долбоорун ишке ашырууда. Бул объект заманбап соода аянтчаларын, унаа токтотуучу жайларды жана эс алуу зоналарын камтый турганы айтылган. Анын курулушунун айынан Чүй көчөсү май айынан бери жабык туруп, 21-декабрда гана ачылды.
Шаар тургундары курулуштун айынан Чүй проспектиси ичкерип кеткенине жана жөө адамдар үчүн ыңгайсыздык жаралганына нааразы болуп келишкен. Коомчулуктагы талкуудан кийин 8-декабрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аталган аймакты кыдырып чыгып, бир катар катачылыктарды белгилеген. Натыйжада жолдун четиндеги курулмаларды ("чөнтөкчөлөрдү") алып салып, жолду мурдагы калыбына келтирүү, долбоордо эки кабат деп көрсөтүлгөнү менен, иш жүзүндө үч кабат болуп кеткен имараттын үчүнчү кабатын бузуу, мурда ал жерде болгон оргума жана жашыл аймакты кайра куруу талабы коюлган.
Нариман Түлеев бул талаптардын баарына макул экенин билдирген: "Биздин бардык уруксаттарыбыз бар болчу, бирок ката кетсе кечирим сурайбыз. Бир кабатын алып сал дешти, макул дедик".
Түлеевдин убадасы боюнча, курулуш толук аяктаса, бул жер Бишкектин эң кооз туристтик борборуна айланат.
"Дүйнө өзгөрүүдө. Мен көптөгөн өнүккөн мамлекеттерде болуп келдим. Биз дагы өнүгөлү, алдыга жылалы. Шаардын борборунда заманбап жай болсун деп жатам. Ал эми бул жер Кыргызстандын Монте-Карлосу болот. Шаардыктар ушул жерде күнү-түнү эс алышат. Асты өзүнчө шаар болду. Аны бүткөндө өзүңөр көрөсүңөр. Болгону курулуш иштери толугу менен аягына чыккыча, чыдап күтө тургула ", -деген Түлеев.
Нариман Түлеев ким?
Түлеев 2005-жылдан 2008-жылга чейин «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын башкы директору болгон. 2008-жылы ал Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалып, 2010-жылга чейин ушул кызматты аркалаган.
2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Түлеев "Ата-Журт" оппозициялык партиясынын курамында Жогорку Кеңештин 5-чакырылышына шайланган. Ал азыркы президент Садыр Жапаров жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиев менен фракциялаш болгон.
Бирок кийин Түлеев депутат кезинде камакка алынган.
Тергөөнүн версиясы боюнча, мэр болуп турганда Кытайдан жүргүнчү автобустарды жана кар тазалоочу техникаларды жогорулатылган баада сатып алган.
2012-жылы сот Түлеевди күнөөлүү деп таап, аны 11 жылга эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган. 2013-жылы Ленин райондук соту жаза мөөнөтүн 10 жылга кыскарткан. Төрт жыл абакта отургандан кийин, 2016-жылдын 7-майында Түлеев мамлекетке келтирилген 60 миллион сом зыяндын ордун толук төлөп бергендигине байланыштуу мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан.
2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин Нариман Түлеев кайрадан Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Бирок, бул кызматта эки күн гана иштеп, нааразылык акцияларынын фонунда 22-октябрда өз каалоосу менен кызматтан кеткен.
Октябрь окуяларынан кийин аны соттук иши да кайра каралган.
2021-жылдын 9-февралда Жогорку сот ишти "жаңы ачылган жагдайлардын" негизинде жокко чыгарып, кайра кароого жиберген. Натыйжада, 2021-жылдын 22-июлунда Ленин райондук соту анын иш-аракеттеринде "кылмыштын курамы жок" деген негизде Нариман Түлеевди толук актаган. Ошол эле жылдын сентябрь айында сот конфискацияланган мүлктүн бир бөлүгүн кайтарып берүү жөнүндө чечим чыгарган.
Коорупцияга каршы күрөш
Кыргыз бийлиги коррупцияга каршы аёсуз күрөш жүрүп жатканын билдирип келет.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев жакында эле "Регион" телеканалындагы маегинде билдиргенине караганда, коррупцияга каршы жүргүзүлгөн күрөштүн натыйжасында, акыркы беш жыл ичинде мамлекетке 300 миллиард сомдон ашык ($3,4 млрд) суммасындагы активдер кайтарылган.
Ташиевдин айтымында, анын ичинде мамлекеттин менчигине 1000ден ашык кыймылсыз мүлк объектиси жана 30 миң гектар айдоо аянты өткөн. Бул активдер мурда мыйзам бузуу менен менчиктештирилген же өз багытында колдонулган эмес.
Ошол эле учурда, коррупцияга каршы күрөштүн ыкмалары бизнестин өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизип жаткандыгы тууралуу да пикирлер бар.
Буга чейин ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун 10 миллиард сомдук мүлкү мамлекетке өткөнү айтылган. УКМКнын маалыматына ылайык, Абдыкеримов тарабынан жасалма каржылык документтерди колдонуу, салыктан качуу жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо схемалары аныкталган. Натыйжада «АЮ Гранд», «Томми молл» соода-оюн-зоок борборлору, спирт жана арак чыгаруучу заводдору, Ысык-Көлдөгү коттеждер жана башка коммерциялык имараттары мамлекетке алынган.
Эл арасында «Шаки» деген каймана аты менен таанымал Шаршенбек Абдыкеримов — нөлдөн баштап 40ка жакын компанияны курганы айтылат. Ал өзүнүн маегинде 2010-жылга чейин болгону үч эле заводу болгонун, бирок андан кийинки жети жыл ичинде кырктай ишкана салганын айткан эле.
Учурда ишкер Кыргызстанда эмес, ага эл аралык издөө жарыяланып, камакка алуу боюнча сыртынан чечим чыккан.