You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Мамтилкомиссия текшерүүнү бийликтеги "касталардан" баштады
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек
Кыргызстанда Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия бийлик бутактарындагы, министрликтердеги мамлекеттик тилдин колдонуу деңгээлин текшерип баштады. Текшерүү президент администрациясынан башталды. Эмки кезек Маданият жана Билим берүү министрликтеринде. Комиссиянын төрагасы, академик Сыртбай Мусаев мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия мурдакыдай мажүрөө болбой, таасирлүү күчкө айланып жатканын билдирүүдө.
"Отуз жылда ойрону чыккан маселе"
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жетекчиси дагы, жобосу дагы жаңырганы мурункудай пассивдүү болбой, активдүү саясат жүргүзүп баштаганы байкалат. Анын жакында президенттик администрацияны барып текшергени мамлекеттик чөйрөдө бир топ эле уу-дуу кепти, реакцияны жаратты. Комиссия төрагасы, академик Сыртбай Мусаев бейшембиде Кыргыз техникалык университетинде болгон жыйында бул темага өзүнчө токтоло кетти.
“Алар асмандан түшкөн эмес, бирок ал жерде да каршылык болду. Отуз жылдан бери ойрону чыккан маселеге биздин чиновниктердин дагы аң-сезими такыр башкача болуп калган экен. Эмне үчүн комиссия бизди текшерет деген маселе коюлду. Анткени, алар өзүнчө каста болуп калган. Алардын кемчилигин айтканга мүмкүн эмес абал түзүлүп калган. Экинчи жолу аракет менен президент бул маселени жакшы чечип берди. Текшердик, катасын кызыл ала кылып көрсөттүк. Бирок максат жазалоо эмес, жардам берүү болчу”,-деди Сыртбай Мусаев.
Ошентсе дагы, бир айдан кийин Президенттин администрациясында иш кагаздарынын кыргызча жазылышына кайрадан мониторинг жүргүзүлмөй болду. Эгерде мүчүлүштүктөр жоюлбаса, жалпы коомчулукка социалдык тармактар аркылуу ачык айтылмакчы .
"Кыргыз тилинин түбүнө жетип аткан - кыргыз”
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жакында президенттин жарлыгы менен Кыргызстандагы Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия болуп кайра түзүлдү. Бир эле мамлекеттик тил эмес, өлкөдө бирдиктүү тил саясатын ишке ашырган мамлекеттик орган болуп калды.
Улуттук комиссиянын карамагына «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы мекемеси, терминологиялык комиссия өткөрүлүп, Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору деп өзгөртүлдү. Ошондой эле «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси дагы улуттук комиссиянын курамына өттү.
Бул комиссиянын мурун укуктары чектелүү, көп жагынан таасири күчү жок эле. Башка мамлекеттик органдар аны тоотчу эмес. Жогорку бийликтеги башкаруучулар үчүн анын ушундай абалда болушу ыңгайлуу эле. Анткени, мамлекеттик тил саясатын күчөтүүнү орус тилдүү калктын укугун басмырлоо катары карап, Москвадан тил угуп калабыз деген чочулоо дайыма болуп келген. Жогорку бийлик бутактарындагы жетекчилерде азыр да ушундай коркуу, чочулоо сезими кала элек.
“Бийликтин баарында кыргыз, жакында бир жыйында эки эле орус көрдүм, экөө тең кыргызча түшүнөт экен. Кыргыз тилинин түбүнө жетип аткан - кыргыз”,-деди төрага.
Эми текшерүү кезеги башка мамлекеттик органдарда. Биринчи кезекте Жогорку Кеңештин аппараты, Маданият, маалымат жана Билим берүү министрликтеринин аппараттары текшерилмекчи:
“Бул чоң резонанс жаратты. Азыр бизди келип качан текшерет деп министрликтердин жүрөгү болкулдап отурушат”.
Сабаттуу жаза билсин
Айтмакчы, мамлекеттик тил күнүнө арналган жыйынга Президенттик администрациядан, Жогорку Кеңештен катардагы өкүлү да келип катышпады. Бул фактыны жогорку бийлик органдарындагы мамлекеттик тилге мамиленин өзүнчө бир көрсөткүчү катары караса болот.
Чынында мамлекеттик бийлик органдарында мамлекеттик тилдин колдонуу деңгээли, сапаты төмөн экени баарына белгилүү. Кептин баары ошол кемчиликтерге көз жумган мамилени токтотуп, ошол мүчүлүштүктөрдү оңдоого аракет кылууда турат.
Жогорку Кеңештеги, Ички иштер министрлигиндеги кыргыз тилинде оркойгон каталар менен жазылган расмий каттар ачыкка чыгып, абдан уят болгон учурлар элдин эсинде.
Ошондуктан азыр мамлекеттик мекеме-уюмдарда иштеген кызматкерлерге кыргыз тилинде чулдурап сүйлөп гана эмес, сабаттуу жаза билсин талабын коюу керек деп жатышат.
Азыркы учурда мамлекеттик кызматка бара тургандар мамлекеттик тилден “Кыргыз тестке” барып, тест тапшырат. Тест алардын мамлекеттик тилде сүйлөө жана жазуу сабатын текшерет. Тесттен өткөндөр гана мамлекеттик кызматка алынат. Бирок бул иш дагы шыр, оңой жүргөн жок. “Ак үй менен көк үй бузат экен”,-дейт төрага.
“Кыргызтесттин” директору Батма Топоеванын айтымында, 2018-19-жылдары тест тапшыргандардын ар бир экинчиси кулап өтпөй калган.
Бирок азыркы учурда мамлекеттик кызматта отургандардын олчойгон бөлүгү кыргыз тилинде сабаттуу жаза алышпайт. Мамлекеттик мекемелерде адегенде орусча жазып, анан котормочуга котортуп документ токушат.
Башкасын айтпаганда дагы өлкөнүн жыл башында кабыл алынган жаңы баш мыйзамынын кыргызча текстинде пунктуациялык, стилистикалык каталар кетип калганы айтылууда. Бутүндөй лингвистикалык комиссиянын колунан чыккан эң маанилүү документ ушундай болсо, анда калганын айтпай эле коелу.
Айтмакчы, Кыргызстандын Баш мыйзамында жана көп мыйзамдарында мамлекеттик тил менен катар зарылчылыкка жараша расмий тил макамындагы орус тили колдонулат деп жазылып калган. Ошол себептүү, көп учурда көп жерде орус тилинин үстөмдүгү болуп келатканын айтып жатышат. Ошондуктан мамлекеттик тил жөнүндө жаңы конституциялык мыйзам долбоору даярдалууда. Бул мамлекеттик тилдин колдонуу деңгээлин жана сапатын көтөрүүгө өбөлгө түзүп берүүгө тиийш.