Эрдоган менен Гүлендин кармашы окуучуга кесепетин тийгизбеши керек

Published

Алмаз Кулматов, тарыхчы

2016-жылдагы майнапсыз мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Фетхуллах Гүлен жана анын уюму ушул төнкөрүштүн башкы уюштуруучусу катары айыпталып, Түрк президенти тарабынан террористтик уюм же ФЕТО (FETÖ) деп куугунтукталып келет. Дүйнөнүн 57 өлкөсү мүчө Ислам кызматташтык уюму (Organisation of Islamic Cooperation, Кыргызстан да мүчө), бирин-эки мамлекет (Пакистан) ФЕТОну террористтик катары тааныйт.

Саясатчы Режеп Тайип Эрдоган менен дин аалымы, бизнесмен Фетхуллах Гүлендин бир кезде ымаласы жакын эле. Бири бирин колдоп келген. Анан кайсы кара теке сүздү, аныгын экөө гана билбесе, айтор Эрдогандын куйкасы курушуп, гүленчилерди куугунтуктай баштайт. Эми минтип Эрдоган менен Гүлен айыгышкан кас душманга айланганда ондогон мамлекеттердеги мектептер жабылсын деген Эрдогандын талабы убайга салып туру.

Биз эле эмес, Гүлендин уюму негиздеген мектептер бар өлкөлөрдүн баары менен мамилесинде ушул маселе чекеге чыккан чыйкан, оңтойсуз жагдай жаратып келет. Анкара тигил бул мамлекеттин гүленчилер тиешеси бар мектептерге позициясын Түркияга, ириде президент Эрдоганга мамилесинин көрсөткүчү катары эсептейт.

Эрдоган Америкадан Гүленди экстрадициялоо талабын коюп, Гүленге тиешеси бар мектептерди жабуу маселесин кабыргасынан коюп келет.

Россияда Гүленге тиешеси бар мектептердин дээрлик бардыгы жабылган, мамлекеттин карамагына өткөн 7 гана мектеп Татарстанда калды. Калган өлкөлөрдө гүленчилерге тийиштүү делген ондогон мектептер толугу менен ошол өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн карамагына өтүп, көзөмөлгө алынган.

Кыргызстанда “Себат” аталган мектептер тармагы “Сапат” мектептер деп кайра аталып, билим министрлигинин карамагында. Баары эле мындай кадамга барганы жок. Нидерланды Гүленге тиешелүү 11 мектепти жапкан жок, тийишпеди, жаппайм деп каяша кылды. Германия 14 мектепти жайына койду жаппады, ээлик кылуу укугуна тийбеди, формасын өзгөрткөн жок. Индонезия, Камбоджа, Таиланд, Кенния, Нигерия жана башка айрым өлкөлөр да мектептерди жапкан жок, өз кармагына албады. Кыскасы Түркиянын талабына моюн сунбады.

Фетхуллах Гүлен жана анын уюмуна бир кезде тиешеси бар окуу жайлары кыргыз-түрк мамилелеринде дале негизги фактор. Жагымсыз проблемага айланды. Өткөн аптада Кыргыз-түрк “Манас” университетинде ФЕТОго байланыштуу чыр чыкты. Университетте “ФЕТО террористтик уюму” деген семинар өтүп, түрк элчиси бул уюмга жан тарткандар катуу жазаланат, гүлендин билимканаларында окугандар кийин Түркияга кирүү укугунан ажырайт деп сөөмөй кезеди. Биздин сырт иштер министрлигинин өкүлү Авазбек Атаханов “саясий инсинуацияга, мамлекеттер ортосунда достукка шек келтирген аракеттерге, басым-кысымга жол берлибейт, териштиребиз, тиешелүү чара колдонобуз” деди. Жыйынтыгы али чыга элек. Ал аңгыча кыргыз депутаттары Түркияга барганында да ушул маселе көтөрүлдү. Кечээ эле парламенттик делегациянын курамында Анкарага барып келген депутат Нурлан Шакиев “ФЕТО боюнча маселе козголду, бирок ал негизги маселе эмес болчу” деп билдирди.

Ошентип, Түрк бийлиги кысымдын түрдүү формасына өтө баштады. Адегенде жапкыла деди. Кийин мамлекеттик кызматтагы гүленчи кыргыз жарандарын иштен айдагыла талабын койду. Кыргыз жараны Орхан Инанды ФЕТО уюмуна тиешеси бар адам катары оор кылмышка шектелип биздин өлкөдөн уурдалып кетти. Түрк парламентинин жетекчиси ФЕТО менен кызматташкандар терроризмге жан тарткан катары бааланат, силерге мамлекеттик төнкөрүш уюштурушу ыктымал экенин эскертебиз маанисинде билдирүү таратты.

Эми Түркиянын аракеттеринин укуктук, саясий жана моралдык жактарына абай салалы.

Биринчиден, оюндун шарттары оюн учурунда же оюн аяктаган соң өзгөртүлбөйт. Бул мамилелердин айныксыз эрежеси. Эрдоган бийликке жаңы келген киши эмес. Гүлен экөө ымалалаш эле. Дээрлик 20 жыл бою Түркиянын лидери. Гүлендин уюму Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө ишин баштаганда бул уюм менен кызматташпагыла, террористтик уюм, кийин залакасы тиет деп неге эскерткен эмес. 

Экинчиден, мектептер ачылгандан бери миңдеген балдар билим алды, асты 40 жаштан ашты. ФЕТО 2016-жылы террористтик аталды. Гүлен да ошол жылдан тарта террорчул катары эсептеле баштады. Ата-энеси баласы террорист болсун деп мектеп тандаптырбы же өзү террорист болоюн деп окуптурбу? Жок, албетте. Ата-эне баласына жакшы билим бергиси келет, мектеп тандайт.

Жаңы уюшулуп, англис, түрк тилдерин, табигый билимдерди мыктап окутат экен деген менчик мектептердин дайынын угуп, кызыгып, акчсасын төлөп, “Себат” мектебине окутту. Ата-эне бизге кандаш, тектеш, тили, дили жакын түрктөрдүн мектебине, дос мамлекет Түркия колдогон мектепке бергиси келди. Берди. Окутту. Мектеп жашындагы бала мектеп тандабайт. Ата-эне тандайт. Бала мектепке барды, окуду, тил үйрөндү, анан эр жеткенде кайсы бир кызматка орношту, бизнеске аралашты, кыскасы кайсыл бир бийиктиктерди багынтты, ийгиликтерге жетишти. Анан эле өзү окуган мектепти, университетти негиздеген кишилердин устаты террорист, өзү гүленчи аталып, эми терроризмге жан тарткан шектүү катары Түркияга кирүүгө тыюу салынып, потенциалдуу персона нон грата статусу ыйгарылып отурушу не жакшылык.

Үчүнчүдөн, келечектеги саясий кырдаалдын мындай нукта өзгөрөөрүнөн кабары жок балдар запкы жеш керекпи? Бир мамлекеттеги ата-энелер, алардын балдары эмнеликтен башка мамлекеттеги саясий чырдан жабыр тартууга тийиш.

Мамлекеттик бийлик башындагы киши менен кайсы бир уюмдун башчысынын ортосундагы мамиле бузулуп кетсе, неге бейкүнөө балдар эми запкы чегиш керек. Ошол уюм каржылаган мектептерде окуган балдардын неликтен укугун тебелениши керек? Балдардын билим алуу укугу, ата-энелердин укугу, дегеле жарандардын саясий укугу тууралуу кеп болууда.

Балким Гүлендин мектептеринде айрым идеологиялык жагдайлар бардыр. Жеке өзүмдүн Гүлен кыймылына жана анын мектептерине эч тиешем жок. Кызматташкан эмесмин. Президенттин аппаратында иштеп турганымда бир гана ирет Ала-Тоо-Ататүрк университетине студенттер менен жолугушууга баргам. Айрым көрүнүштөр, мисалы кыргыз улан-кыздарынын мени менен түркчө учурашканы, иштегендердин өтө сыйкорлугу жаккан эмес. Университеттин жетекчилигине тиешелүү сынды дароо билдиргем. Муну калыстык үчүн эскерип отурам.

Төртүнчүдөн, жалпы укуктук маселе. Билим берүү тээ байыркы доордон бери эле бизнес, кирешелүү иш. Чет өлкөлүкпү, ата мекендикпи, айтор бир ишкер адам же субъект мектеп ачса, анан ошол мектепти ачкан же каржылаган субъект кайсы бир кылмышка айыпталса, анда ошол мектепте билим алгандар кошо айыпталып, кошо жазаланыш керек деген мыйзам эч жерде жок. Мындай практика укуктук мамлекеттерде кездешпейт.

Атактуу университеттерге же колледждерге кожоюндук кылган, каржылаган трансулуттук акционердик компаниялар бар. Акциялар кимге гана таандык эмес. Непадам ошол мажоритардык же миноритардык акциялардын ээси эртең оор кылмышка шектелсе, университетте билим алгандар кошо шектелип, кесеспетин тартууга тийишпи. Бул - нонсенс. Эл аралык укуктун эрежелерине, террористтик жана экстремисттик, трансулуттук кылмыштуу уюм тууралуу юридикалык жоболорго, бардык мамлекеттердин мыйзамдарында мындай жобо, эреже жок.

Дагы бир укуктук жана саясий жагдай ойго салат. “Себат” мектептер тармагынын башчысы Орхан Инанды уурдалды. Уурдап кеткенин президент Эрдоган өзү мактаныч менен жарыялаган.

Болуптур, ФЕТО террористтик уюм экен, Орхан Инанды ошол уюмдун ишине катышкандыгы үчүн шектелип жатыптыр. Бирок Орхан Инанды кыргыз жараны да. Жок, ал жарандыгын жасалма жол менен алган деп каяша кылаар айрымдар. Бирок факт жүзүндө ал кыргыз жараны кезинде, жарандыгынан ажырай электе биздин өлкөнүн аймагынан уурдалып отурат. Эки жагын карайлы, тарыхый мисалдарга кайрылалы.

Түркия насили түрк, Кошмо Штаттардын кылмышка шектүү жаранын Вашингтондон уурдап келе алабы? Уурдап келип мактана алабы? Мейли, Түркиянын атайы кызматтары күчтүүлүк кылып, Москвадан, Лондондон, Ташкенден, Таллинден киши уурдап кетти дейли, Россия, Британия, Өзбекстан, Эстония ошо боюнча тим калабы? Кечиреби? Айтыш кыйын, жеке менин буга көзүм жетпейт.

Нацист, “Холокосттун архитектору” аталган фашист Адольф Эйхман согуштан кийин колго түшүп, эптеп качып чыгып, акыры Аргентинага барып, башка ысым менен жашап жүргөн жеринен 1960-жылы Израилдин Моссады уурадап келген. Фашисттерди дүйнө адамзатка каршы оор кылмышка, геноцидге айыптап, соттогон. Бирок, геноцидге айыпталып соттолгон бозгун кылмышкердин Аргентинанын аймагынан уурдалып кетишине Аргентин бийлиги катуу протест кылган. Бириккен Улуттар Уюмунун деңгээлинде чоң ызы-чуу салган.

А Орхан Инанды насили түрк, бирок уурдалган кезде кыргыз жараны эле. Кыргыз Республикасынын коргоосунда болгон. Түркиянын жараны болгон күндө да Кыргызстандын аймагынан уурдалгандыгы эл аралык укукту бузгандык. “Кылмышкерлерди өткөрүп берүү” деген эл аралык келишимдин негизинде жөнгө салыныш керек. Биздин өлкөдө оор кылмыштар үчүн соттолгон биздин жарандарды Британия, Беларусь ж.б. бербей эле койбодубу. Непадам биздин атайы кызмат тобокелге салып, жолун таап, бирди-жарымын уурдап келсе, Лондон же Минск кандай чуу салар эле. Европа менен АКШ карап турмак эмес, реакция кылмак. Россияга чыккынчылык кылгандыгы үчүн айыпталган, соттолгон орус жараны Скрипаль чет жерде ууланып өлсө, дүйнө кандай чуу салды эле. Ошол эле Европа чамынып, Москваны катуу айыптап, көп орус саясатчыларына санкция жарыялаган. Европа Биримдигине кирем деген, НАТОнун мүчөсү Түркия, Кыргызстандан Кыргызстандын жаранын уурдап кетсе, не Европа, не адам укугу дүйнөлүк миссиям деген Америка лам дебеди. Кош стандарт дейт муну саясатта. Түркиянын ФЕТОго байланыштуу кысымы катуу формада көрсөтүлүүдө. Саясий кысым дейт муну саясат таануу илиминде. Күчкө салуу деп аталат жөнөкөй тилде.

Бийликти сындаган жокмун. Биздин жетекчилик убагында каршылык нотасын жиберди. Тескерисинче, биздин өлкөнүн расмий бийлигине башка мамлекеттин бийлиги кысым жасоого акысы жок экенин белгилеп отурам. Айтса түрк саясатчыларына же аналиктерине эле жарашат бекен, биздин да айтчу кебибиз бар экенин кыйытып отурам.

Түркия бизге эң жакын мамлекеттердин бири. Тектеш эл, кандаш улут, улуу журт, империянын мураскору. Кыргыздар Борбордук Азиядагы эң байыркы жана ири мамлекет курган улут, келечеги кең, пассионардуу эл. Эми Түркиянын президенти Эрдоган бизге ушул жай ичи келмекчи. Ага чейин маселени ич ара кенен талкуулап: ФЕТО биздин ортобуздагы мамилеге көлөкө түшүрбөсүн, жакшы эле кер-мур айтыштык, пайдасы экөөбүзгө тең тийбеди, осол иштерге салават, жардамыңарга ырахмат, орток кызыкчылыктарыбыз кымбат, бирге аракеттенели, бири бирибизди колдойлу деген маанайда так, ачык жана даана макулдашып алган оң. Мамилеге салакасы тийчү маселени чечип алуунун оңтою келип туру. Созулса, ырбайт.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.