Таластагы уурулук: Таш бараң чакырыгы ИИМге ишенбестикпи?

Published

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Таластагы мал базарда болгон окуя кызуу талкуунун чордонунда. Социалдык тармактарда “ууру жазасын алышы керек”, “милиция аларды калкалайт” деген өңүттөгү пикирлер дагы арбыды.

Күн мурун Талас районуна караштуу мал базардан ууру кармалды деген видео интернет айдыңына жайылды. Анда эл белгисиз кишини акча уурдады деген шек менен кармап, мамыга байлап коюшкан.

Аталган билдирүү Талас райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына катталган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып текшерүү иштерин баштаган.

“Кармалган жаран милиция кызматкерлери тарабынан Талас райондук ИИБга алынып келди. Ал Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Григорьевка айылынын 1989-жылы туулган тургуну экени аныкталды. Текшерүүдө жанынан жалпы 35 миң 200 сом акча каражаты алынды. Учурда анын башка кылмыштарга тиешеси бар же жогу тууралуу дагы иликтөөлөр жүрүп жатат”,- деп билдирди Талас райондук ички иштер башкармалыгы.

Ошол эле күнү Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын тургуну мал базардан алтымыш миң сом акчасын уурдатканы тууралуу арыз менен милицияга кайрылган. Мындан тышкары, Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Чолпонбай айылынын тургуну кол баштыгынын ичинен алты миң сом акча каражатын алдырып жиберген.

Социалдык тармактарда кармалган шектүү жергиликтүүлөр тарабынан ур-токмокко алынганы дагы айтылууда. Бирок расмийлер кармалган кишиге медициналык жардам көрсөтүү максатында аймактык ооруканага жеткирилгенин жана саламаттыгына эч кандай коркунуч келтирилбегенин маалымдады.

Жолго коюлбаган жоопкерчилик

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова, болуп өткөн окуяны укук коргоо органдарынын ишинин чабалдыгы, элдин аларга болгон ишениминин төмөндүгү катары сыпаттады.

“Албетте, элдин өз алдынча мындай кадамга баруусу мыйзамга туура келбейт. Бирок, тилекке каршы, жылдан жылга коомдун укук коргоо органдарына болгон ишеними төмөндөөдө. Кылмыш иштерин кыскартып, жаап-жашырылып, жоопкерчиликке тартылбаган учурлар көп болгондуктан эл ушундай кадамга барып жатат. Кыргызстанда жоопкерчиликке тартуу маселеси жакшы жолго коюлган эмес”,- деди ал.

Адистердин айтымында, бул эл тарабынан кылмышка шектүүлөрдү жазалоого багытталган биринчи учур эмес. 1995-жылдары ушул эле Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Бакайыр айылында мал уурдоо фактысы күч алган. Кылмышка шектүүлөр кармалып, бирок сот жообунан жеңил эле кутулуп кетишкен жана мал уурулук улана берген. Кийин сабыры түгөнгөн жергиликтүүлөр аларды колго түшүрүп ташбараңга алып өлтүрүп коюшкан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, бирок айыл эли жапырт мойнуна алгандыктан эч ким жоопкерчиликке тартылган эмес.

Чөнтөк уурулары күчөдүбү?

Муну айткан укук коргоо органдарынын мурдагы кызматкерлеринин бири өлкөдө социалдык-экономикалык абал оорлошкон сайын чөнтөк уурулардын саны дагы өсүп жатат деди. Алар топ-топ болуп иш алып барып, өздөрүн абдан машыктырышат. Чөнтөкчү уурулар бир жерге кармалбайт, ар дайым жерин алмаштырып турат. Айрым учурда милиция кызматкерлери менен сүйлөшүп, табылгасын бөлүшүп турат.

“Алардын курмандыгына айлангандардын көбү арыз берүүдөн баш тартышса, жазылган арыздар аягына чейин иликтенбей калган учурлар дагы жок эмес. Учурда уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшөбүз деп жатып, чөнтөкчү уурулар менен күрөшүү мурдагыдай жүрбөй калды. Мурун мындай иштерди атайын бөлүм каттоого алып, операцияларды жүргүзүп турчу. Азыр күрөш мурдагыдай эмес”,- деди атын атагысы келбеген ИИМдин мурдагы кызматкери.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова уурулукка шектелген кишини гана эмес, аны өз алдынча жазалоого катышкан жактар жагы жоопкерчиликке тартылышы керек деп эсептейт. Эгер аларга чара көрүлбөсө мындай жоруктар өлкөнүн башка аймактарында дагы жыйылышы мүмкүн:

“Өз алдынча жазаласа болот экен деген түшүнүк калыптанып калышы ыктымал. Анын чөнтөкчү экенин ким далилдеп берди? Мүмкүн чөнтөгүндөгү өз акчасыдыр. Ал күнөөлүү болгон шартта дагы мындай кадамга барган туура эмес?”.

Айтымында, окуя базарда болгондуктан уу-дуу кепке айланды. Бирок буга окшоп өз алдынча жазалоого кабылып, анын курмандыгына айлангандар четтен чыгат.

“Мунун баары айланып келип Кыргызстанда мыйзам иштебегенинен, укук коргоо кызматкерлеринин тажрыйбасынын аздыгынан, ошол сыяктуу окуялардын алдын-алуу иштеринин жүргүзүлбөгөнүнөн кабар берет. Ар бир жарандын мээсинде Кыргызстанда мыйзам катуу, ар бир кыймылыма жооп берип калам деген түшүнүк сиңиши керек болчу”,- деди Абдирасулова.

Ички иштер министрлиги уурулуктун алдын алуу максатында эл арасында түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлүп турарын айтат.

“Милиция кызматкерлери ар дайым өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерин так жана мыйзам чегинде гана аткарып келет”,- деди Талас облустук ИИБ басма сөз катчысы Динара Сарногоева.