Парадга чогулгандар: санкциядан мурун Путинден сактанышабы?

Published

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Украинадагы согуш кайнап турганда агрессор катары эл аралык коомчулуктун обочосунда калган Россия үчүн Жеңиш майрамынын арты менен өнөктөштөрүн Кремлге чогултуу маанилүү болуп турат. Быйыл Москвадагы Жеңиш парадына КМШнын айрым жана Борбор Азиянын бардык лидерлери катышып жатат.

Казакстандык саясат талдоочу Досым Сатпаев Борбор Азия (БА) лидерлеринин Москвага сапары аймактагы мамлекеттер дагы деле Россиянын жандоочусу экенинен кабар берет деп жазды. Эксперт БА президенттери ушу тапта Батыштын катаал санкцияларынан дагы Путинден көбүрөөк чочулап турат деген пикирде.

Ал эми өрөөндөгү башка эксперт, саясат талдоочулар кандай ойдо?

Россиянын Илимдер академиясынын алдындагы (Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилер боюнча Е.М. Примаков атындагы институтунун) Постсоветтик өлкөлөрдү иликтөө борборунун илимий кызматкери Станислав Притчин Би-Би-Сиге Россия жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн учурдагы алакасын талдап берди.

"Жакынкы кошуналар үчүн Россия маанилүү өнөктөш катары кала берет"

“Саммитке ким келет, акыр аягына чейин белгисиз болуп жатып, акырында Жеңиш парады алкагында “Россия-Борбор Азия” саммити толук кандуу өтө турган болду. Бирок баштапкы этапта саммитке жалгыз Садыр Жапаров катышат дегендей таасир калган эле. Жапаровдун Россияга бул жолку сапарынын мамлекеттик, расмий сапар деген эң жогорку макамы да бар болчу. Андыктан Россия-Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү тууралуу талкууланат делген.

Бирок биз күбө болгондой Путиндин чакыруусуна шашылыш түрдө Казакстан жана Өзбекстан лидерлери да оңунан жооп беришти, Рахмон да келмей болуп калды.

Батыш өлкөлөрү айрым өлкөлөрдү Россияга сыртын салууга чакырып, аны такыр эле обочодо калтырууга аракет кылып жатат. Бирок бул – иллюзия. Соңку экономикалык эсептөөлөр боюнча Россия 2014-жылдан бери биринчи жолу кайра дүйнөдөгү ири экономикасы бар ондукка кирди. Ал эми сатып алуу жөндөмдүүлүгү боюнча алтынчы орунга чыкты. Батышка кирбеген өлкөлөр менен соодасы да кызыды, экспорту да өсүп жатат. Экономикасы жакшы эле кетип жатат, бирок саясатта абалы бир аз оорурак экени анык.

Батыштын басымынан улам, Россиянын өнөктөштөрү аны менен достукту даңазалоодон карманып турушат. Баары эле кызматташып, дос тейден калып, бирок анысын бейрасмий формада калтырганга умтулуп жатканы байкалат. Бирок ар бир эле саясатчыга ал достукту сыртка чыгаруу да маанилүү да. Борбор Азия лидерлеринин Москвага келүүгө макул болгондугу жакынкы кошуналар үчүн Россия маанилүү өнөктөш катары кала берерин көрсөтөт. Жеңиш майрамынын өзү да башты бириктирген майрам. Биз кызматташуу уланып жатканын, саясий диалог бар экенин көрүп жатабыз”- деди илимий кызматкер Станислав Притчин.

Москвада Жеңиш күнүнүн урматына өтүп жаткан парадга катышарын Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзёев, Эмомали Рахмон жана Сердар Бердымухамедов иш чарага бир күн калганда гана тастыктагандай болду.

Башында орусиянын ЖМКлары жана Кремль парадга аймактан жалгыз Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров катышарын жазып, бул Россия-Кыргызстандын өзгөчө кызматташтыгы тууралуу түрдүү жоромолдорго жем таштап жаткан эле.

“Садыр Жапаров үчүн Кремлдин колдоосу маанилүү”

Шалкар Нурсеит, казакстандык саясат талдоочу, саясий коммуникациялар боюнча эксперт:

Тактоо: Шалкар Нурсеиттин пикири Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Москвага барары коомчулукка, так, даана белгилүү болгонго чейин жазылган.

“Эми Садыр Жапаровдун Москвага сапары бул жөн гана парадга катышуу үчүн деп кабылдабаш керек. Бул сапар Садыр Жапаровдун өзү үчүн да маанилүү, себеби ага Кремлдин колдоосу керек. Андай колдоо Борбор Азия өлкөлөрүнүн башка лидерлерине да керек. Себеби, Россиянын саясий колдоосу авторитардык президенттер үчүн маанилүү. Биз, казакстандыктар, андайды былтыр январда көрдүк. Россия жана жеке Путиндин колдоосу менен казак президенти Токаев бийликте калып, ал түгүл бийлигин күчтөп да алды. Албетте, аны Садыр Жапаров деле байкады. Ага да мындай Кремлдин колдоосу ашык болбойт. Мен билгенден парадга катышуу үчүн Борбор Азия президенттеринин баарына эле чакыруу жөнөтүлгөн. Кыргызстан соңку жылдары авторитардык өнүгүү жолуна түшүп алды. Президенттик башкарууну караган жаңы Конституция кабыл алынды. ММК карата басым, ошол эле “Азаттыкты” жабуудан улам ушундай бүтүм чыгарса болот. Мунун баары Кыргызстан автократия жолуна түшүп жатканынан кабар берет. Мындан тышкары соңку кезде расмий Бишкектин Россия менен идеологиялык жакындашуусу байкалат.

Экинчиден, Россия дагы азыр бардык Борбор Азия өлкөлөрү менен мамилесин чыңдаганга кызыкдар абалда. Украинадагы согуш Россиянын эл аралык коомчулуктан такыр эле четтетип салды. Санкциялар да орус экономикасын чөгөлөтүп жатат. Россия Борбор Азиядан келип жаткан реэкспорттон пайда таап жаткан кези. Мисалы, Кыргызстанда деле Европа жана АКШдан импорт күчөдү. Айрым товарларды ташып келүү 80%га чейин өсүп жатканы тууралуу статистикалар бар. Болбосо өлкөдө жакырчылык күчөп жаткан кезде четтен кымбат товарлардын импорту күчөп жатканы суроо жаратат. Мисалы, батыштан кымбат упа-боёк, булгары сумкалар, электрондук товарлар ташылып келип, кайра Россияга экпорттолуп жатат. Бул Кыргызстан дагы постсоветтик Казакстан, Өзбекстандай эле Россиянын санкцияларды кыйгап өтүүчү өлкөсү болуп калды. Бул үчүн Борбор Азия өлкөлөрү санкциялар тобокелчилигине да кептелип калды. Путин менен жолугушууда Садыр Жапаров ушул реэкспорт, эки тараптуу кызматташтыкты да, маселени да талкуулайт. Эмне деген макулдашуулар кабыл алынат кызык болуп турат. Себеби, Жапаров ал жакка баруу менен Кыргызстан Кремлди колдой турганын ачык көрсөтөт. Бул Путинге да упай, ал аны менен элден четте калбаганын, колдоосу бар экенин көрсөтөт.

Казак президенти тууралуу айта турган болсом, Токаев Казакстанда Жеңиш майрамы белгиленбейт, бул экономикалык себептер менен деп түшүндүрдү. Токаев Москвага бара албай турганын, ал күнү Жеңиш күнүнө карата Астанада иш-чарага катыша турганы менен түшүндүрдү. Бирок соңунда Токаевдин пландары өзгөрүп, ал Россияга барары белгилүү болду”.

Украинада согуш башталганы былтыр Москвада өткөн Жеңиш парадына Борбор Азиядан жалгыз тажик президенти Эмомали Рахмон катышкан эле. Кыргыз президенти Садыр Жапаров дагы чакырууну кабыл алып, бирок ковидге байланыштуу чектөөлөрдөн улам парадга катыша албай калган.

Быйыл тажик президенти Эмомали Рахмондун дагы парадга барар-барбасы акырына чейин белгисиз болуп турду. Кечке маал гана Эмомали Рахмондун Москвага узатып жиберишкени тууралуу маалымат жазылды.

"Бул жолку парад - “кара тумоодо – каадалуу тойдой”

Өзбекстандык саясат талдоочу Фарход Мирзабаев:

“Жеңиштин майрамын белгилөө азыр “Кара тумоодо – каадалуу тойдой” эле болуп жатат. Украинага карата агрессиядан улам буга чейин канча адам көз жумду, дагы канчасы өлүп атат, анын ичинде россиялыктар дагы. Миллиондогон адамдар жер которууга мажбур болууда.

Соңку маалыматтар боюнча кыргыз президенти Садыр Жапаровдон тышкары өзбек, казак, тажик, түркмөн, беларус президенттери бул парадга катышууда. Бул өлкөлөр үчүн Россия менен жакшы мамиледе болуу абдан маанилүү. Бүгүн алар Путинден эмне сурабасын ал конокко чакырган үйдүн кожоюну катары суранычтарын жерде калтырбайт деп ойлойм. Парадга барган кайсы өлкөнүн лидери болбосун Россия менен эки тараптуу кызматташуусунда болгон маселелерди чечип алганга мүмкүнчүлүк бар. Мисалы, Өзбекстан үчүн орус мунайын арзан баада сатып алуу, азык-түлүк товарларн орус рыногуна ыңгайлуу шартта киргизүү маселелерин чечип алса болот.

Эмнеге Борбор Азия лидерлери акырына чейин Москвага сапарын бүдөмүк кармашты, бул көбүнесе чакыруучу тараптын уюштуруу иштерине байланыштуу маселе болду го. Азыр Путинге эл аралык коомчулукка ал обочодо калбаганын көрсөтүү абдан маанилүү. Өзгөчо бул анын өз жарандарынын алдындагы аброю үчүн маанилүү болуп турат. Бобор Азия лидерлери андан эмнеге гана сурабасын,башкысы, согушту эртерээк бүтүрүүнү сурашса дейм”.

“Дөшү менен балканын ортосунда”

Негматулла Мирсаидов, саясий, экономикалык жана социалдык маселелер боюнча тажик эксперти:

“Тажик президенти Эмомали Рахмон былтыр Москвадагы Жеңиш парадына катышкан. Бирок бул жолу ал Кремлден келген чакырууга барабы же жокпу, билбейм. Эгерде Тажикстанда 9-майга карата иш-чара алдын ала белгиленсе жана ага президент өзү катышуусу керек болсо, эмнеге мекенинде калбашы керек? Бул анын чечими болот, анда бул маселеге астейдил болуп, Батышка кылчактап, коркуунун кажети жок. Эгер Рахмон Москвага барып, дагы бир жолу Садыр Жапаров менен майрамдык маанайда жолугушса жакшы болмок. Чек ара боюнча мамилебиз татаал. Кудайга шүгүр, азыр чек арабызда абал тынч. Бирок бул маселеде сүйлөшүү керек, юридикалык күчү бар документтердин негизинде чечиш керек, орток пикирге келиш керек. Москва дагы өз чегинде сунуштарды кылса, кабыл алса болот. Бирок ал эч качан Борбор Азия өлкөлөрүнө кантип жашап жана кантип бул маселени чечүүсү керек экенин үйрөтпөшү керек.

Бардык эле Борбор Азия лидерлери ушу тапта дөшү менен балканын ортосунда калгандай эле болушту. Бир жагынан, Батыш өлкөлөрү менен мамилени бузгулары келбейт, экинчи жагынан, Россиясы жок кантип иш болот? Себеби, бизде Россия менен өтө тыгыз интеграцияланган экономика. Мындан тышкары эмгек миграциясы, билим берүү, маданият тармагында мамилелер көп жылдар бою ширелишип келген. Андыктан аймактагы өлкөлөрдү Россиясыз элестетүү мүмкүн эмес. Ал тапта АКШ баш болуп Россияга жардам бербөө тууралуу айтып жатышат. Кыргызстан менен Тажикстан кичине эле өлкөлөр. Биз аркылуу кайсы технология ташылат эле түшүнбөй атам. Андыктан биздин өлкөлөр Россияга бул жаатта жардам бере алат деп ойлобойм.

Борбор Азия аркылуу Кытайдан товар ташыса болот, Тажикстан аркылуу Россияга Ирандан товар ташыса болот. Тажикстан учкучсуз дрондорду экспорттоп жатыптыр деген сөз болгон. Бирок мунун баарынын негизи жок сөздөр, далилденген жок. Ошентсе да Борбор Азия өлкөлөрүнө санкциялар кирип калышы мүмкүн экени факт болуп жатат. Аймакта Казакстан менен Өзбекстан бул маселеде өтө астейдилдик кылып жатканы байкалат. Бул өлкөлөрдүн эли да, экономикасы да чоңурак. Мисалы, Казакстан Россиянын талаптарына айрым учурларда маани бербегендей да мамиле жасап жатканы байкалууда. Бирок ошол эле убакта Европа, АКШдан товар ташып келсе болот, бирок аны кайра Россияга алып чыгып кетсе болбойт деген саясатты мен анча түшүнбөй турам. Бул таң калычтуу”.

Россиянын Украинага басып киришине байланыштуу Жеңиш майрамы үгүткө айланып кетиши ыктымал деген чочулоолор бар. Анан калса Россия ЖККУ алкагында аймактагы өлкөлөрдөн аскердик колдоо да сурашы мүмкүн. Мындай сунуштар жаңырышы мүмкүн экенин билсе да, ар кандай себептерден улам Москванын көзүн караган Борбор Азия лидерлери быйыл Путиндин чакыруусунан буйтап кете алышпады.

Бир жагынан Батыштын катаал санкцияларынан чочулап, экинчи жагынан Россиянын экономикалык жана саясий кысымынан коркуп, аймактын лидерлери соңку бир жылдан бери арасат абалда калышты. Алар тышкы саясатта көп жылдардан бери башкы өнөктөш болуп келаткан Россиядан толук баш тарта алышпайт.

Себеби, Казакстан менен Кыргызстан Россия башындагы Евразия экономикалык шериктештигине кошулган. Ал эми Тажикстан менен чогуу бул өлкөлөр Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна да мүчө болуп эсептелет. Анын башында да Россия турары белгилүү.