АКШнын жашыруун кызматтары Кытай менен Орусиядан келчү коркунучтар тууралуу маалымат берип, сенаттан сын угушту

Талси Габбард АКШнын Улуттук чалгын кызматынын ишине жооп берет, Жон Рэтклифф ЦРУну башкарат

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Талси Габбард АКШнын Улуттук чалгын кызматынын ишине жооп берет, Жон Рэтклифф ЦРУну башкарат
Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Американын атайын кызматтарынын бир нече жетекчилери 25-март күнү Сенатта жогорку палатанын профилдик комитетинин мүчөлөрүнө отчет беришти. Маалымат бергени келгендердин арасында АКШнын Улуттук чалгын кызматынын башчысы Талси Габбард жана ЦРУнун директору Жон Рэтклифф да бар эле.

Жолугушуунун башкы темасы - негизиги глобалдык коркунучтарды Вашингтонго санап берүү жана ал боюнча жаңы докладды тааныштыруу эле. Отчетто негизинен АКШнын геосаясий душмандары саналган Кытай, Орусия, Иран жана Түндүк Кореянын барган сайын бири-бирине жакындашып, керек болсо жигердүү кызматташа баштаганы тууралуу белгиленди.

Деген менен уу-дуу болуп жаткан чуулу иш сенаторлорду бул баяндамадан дагы көбүрөөк кызыктырды окшойт. Сөз Atlantic басылмасы жарыялаган чуулу макала тууралуу болуп жатат. Так кесе айтканда, АКШнын Йемендеги хуситтердин позицияларына сокку уруу боюнча талкуусун Трамптын администрациясындагылар Signal коммерциялык чатында талкуулаганы болду.

Габбард менен Рэтклифф кат алышуунун жарыяланган фрагменттери боюнча моюндашты, бирок ал сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кандайдыр бир жашыруун маалымат талкууланып же жарыяланганы боюнча кайра-кайра жана так кесе четке кагып жатышты.

Күч түзүмүнөн келгендер бул айткандары менен мыйзам чыгаруучуларды ынандыра алышкан жок. Сенаттын чалгын иштери боюнча комитетинин мүчөлөрү болуп өткөн окуяны чоң ката деп моюндарына алышты жана буга тиешеси бар америкалык атайын кызматтардын баардыгын "укмуштуудай ойрон болгон иш" үчүн расмий кечирим сурагыла деп талап кылышты.

Америкалык атайын кызматтардын жаңы корутундуланган баяндамасында, 2025-жылы коопсуздукка коркунуч келтирип жана АКШнын кызыкчылыктарына каршы иштей турган мамлекеттик жана мамлекеттик эмес агенттердин таасиринин чек арасы барган сайын жоюлуп жатканын белгилейт. Бул бир гана жаңы технологияларды колдонуудан улам эмес.

Чалгын коомчулугунун көбүрөк тынчын алган маселе — Кытай. Баяндаманын авторлору бул факторду "АКШнын стратегиялык жана кыйла баш оорусу боло турган атаандашы" катары аташкан.

Пекиндин лидерликке умтулуусу кайсы бир деңгээлде кытайлык бийликтин ынанымдарынан улам болуп жатканын, Вашингтон болсо алардын өсүшүн басып турууга аракет кылат деген ишеним бар экенин белгилешти. Атайын кызматтар потенциалдуу каршылаштын аскердик мүмкүнчүлүктөрү өсүп жатканына тынчсызданышты.

Кытайдын үндөн ылдам уча турган курал-жарактар жаатындагы ойлоп табуулары жана өлкөнүн өзөктүк арсеналынын кеңейиши тууралуу маселе өзүнчө белгиленди. Ошондой эле өтө зарыл минералдарды жеткирүү чынжырын көзөмөлдөөдө Пекиндин үстөмдүк кылган абалы да баса көрсөтүлдү.

Талкуу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Вашингтонго каршы кимдер биригет?

Жаңы баяндамада Орусия, Иран жана Түндүк Кореядан келе турган коркунуч бириктирилип каралган. Авторлор АКШнын бул салттуу каршылаштарынын ортосунда өз ара тыгыз кызматташтык бар экенин бир нече жолу белгилешкен.

АКШнын атайын кызматтарын Москва тараптан келген коркунучтардын ичинен өзгөчө тынчсыздандырган жагдайлары баса көрсөтүлгөн. Мисалы кыйратуучу киберчабуулдар. Бул тууралуу баяндамада айтылган. Алардын артында орус бийлиги турган учурлар сейрек эмес. Ошондой эле спутникке каршы куралдар боюнча алдыңкы ойлоп табуулар, анын ичинде өзөктүк кубатты камтыган спутник дагы бар.

Сенатор Марк Уорнер

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сенатор Марк Уорнер

Талкуунун жүрүшүндө Signal мессенжериндеги чуулгандуу кат алышуудан улам сенатор Марк Уорнер бир нече ирет үнүн катуу-катуу чыгарып сүйлөп, Трамп администрациясынын чалгын кызматтарынын башычылары менен кайым айтышууга чейин жетти.

Экинчи тарап америкалык авиациянын Йемендин аймагындагы хуситтерге сокку урушу мүмкүндүгү боюнча талкуу эч кандай жашыруун сыр эмес деп бир ооздон айтып жатышты. Мындан улам сенатор Уорнер "америка элинин акыл-эс жөндөмүн шылдыңга алып жатат" деп Рэтклиффти айыптады.

"Эгерде ал жакта эч кандай жашыруун сыр болбосо анда ал материалдарды комитет менен дагы бөлүшүңүз. Силер кат алышууну ачыктай албайсыңар, ошол эле учурда аны жашыруун сыр эмес деп ырастап жатасыңар",- деп кесиптеши Габбард менен макул болду Уорнер.

Габбард

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Габбард

Трамп өз кызматкерлерин күнөлүү деп эсептебейт

АКШнын президенти Дональд Трамп, Ак үй бул инцидентти талдап көрө тургандыгын билдирди.

Буга чейин эмне болду эле?

Өтө жашыруун планды талкуулоо максатында АКШнын эң жогорку кызмат адамдары үчүн түзүлгөн онлайн чатка президент Дональд Трамптын администрациясы кокусунан Atlantic басылмасынын редакторун дагы кошуп жиберишкен. Анда Йемендеги хусит-козголоңчуларына сокку уруу боюнча жашыруун жыйын болгон.

Адегенде бул окуя боюнча Atlantic басылмасынын редактору Жеффери Голдберг өзү кенен макала жазып, көп өтпөй ал маалыматты Ак үй өзү дагы ырастады.

"Биз жыйынга тиешеси жок номер кандайча кат алышууга кошулуп кеткенин талдап жатабыз",- дейт Улуттук коопсуздук боюнча кеңештин төрагасы Брайан Хьюз.