Трамптын администрациясы өтө жашыруун топко журналистти кошуп жиберген. Чоң талкуу башталды

Трамптын командасы

Сүрөттүн булагы, Reuters

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Өтө жашыруун планды талкуулоо максатында АКШнын эң жогорку кызмат адамдары үчүн түзүлгөн онлайн чатка президент Дональд Трамптын администрациясы кокусунан Atlantic басылмасынын редакторун дагы кошуп жиберишкен. Анда Йемендеги хусит-козголоңчуларына сокку уруу боюнча жашыруун жыйын болгон.

Адегенде бул окуя боюнча Atlantic басылмасынын редактору Жеффери Голдберг өзү кенен макала жазып, көп өтпөй ал маалыматты Ак үй өзү дагы ырастады.

"Биз жыйынга тиешеси жок номер кандайча кат алышууга кошулуп кеткенин талдап жатабыз",- дейт Улуттук коопсуздук боюнча кеңештин төрагасы Брайан Хьюз.

"АКШнын улуттук коопсуздук боюнча жетекчилери мени жакында Йеменде боло турган аскердик чабуулдар талкуулана турган чатка кошушту. Мен муну чындап эле ушундай деп ойлогон дагы эмесмин. Бирок кийин бомбалоо башталды",- деп жазат Голдберг өзүнүн макаласында.

Signal мессенжер чатындагы топто АКШнын Коргоо министри Пит Хегсет, Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майк Уолтц, АКШнын вице-президенти Жей Ди Венс жана башкалар болушкан.

Журналист кокусунан кошулуп калган чатта йемендик хусит козголоңчуларга массалык чабуулдар боюнча талкуу өткөрүлгөн. АКШ бул чабуулдарды 15-мартта ишке ашырган эле.

Президент Дональд Трамп "чечкиндүү жана кубаттуу" авиасоккулардын толкунун жүзөгө ашыруу чечимин Кызыл деңиздеги кемелерге куралдуу топтун чабуулунан улам деп түшүндүрдү. Кызыл деңиздеги деңиз жолу мунай жана отун ташууда дүйнөдөгү эң маанилүү маршруттардын бири болуп саналат.

Хуситтердин карамагындагы Саламаттыкты сактоо министрлиги 15-марттагы чабуулдардын айынан кеминде 31 киши каза таап, бери дегенде эле 101 киши жаракат алганын билдирген.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жеффери Голдберг 11-март күнү Майкл Уолтц аттуу колдонуучудан Signal мессенжерине кошулуу боюнча электрондук сунуш алганын айтып берди.

Signal — иши абдан купуялуулукту талап кылгандар жана журналисттер арасында кат алышуу үчүн популярду болгон кызмат.

Голдберг адегенде бул кантип эле Майкл Уолтцтун өзүнөн келген чакыруу болсун деп ойлогон. Анан ал ким бирөө өзүн АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисимин деп тааныштырып, алдап, тузакка илгиси келип жатса керек деп ойлогонун айтууда.

"Учурда уят-сыйытсыз субьекттер журналисттерге байланышып, алардын өзүнө каршы пайдаланыла турган маалыматарды берүүгө мажбурлаган учурлар да аз эмес",- деп жазат автор өзүнүн макаласында.

Ошентсе да чындап эле аны менен Украинаны, Иранды же башка дагы бир маанилүү темаларды талкуулагысы келип, Майкл Уолтц өзү чакырып жатышы дагы ыктымал да деп, Signal мессенжерине кошулуу боюнча чакырууну кабыл алган.

Эки күндөн кийин аны хуситтер проблемасын талкуулоо боюнча саны абдан чектелген онлайн чатка кошуп жатышканы тууралуу кабарлоо келген.

"Майкл Уолтц" деп көрсөтүлгөн аккаунттан: "Команда, хуситтер боюнча аракеттерди, өзгөчө кийинки 72 сааттагы иштерди координация кылуу үчүн комитет жетекчилеринин группасын түзөбүз",- деген билдирүү келген.

"Комитет жетекчилери" деген термин адатта улуттук коопсуздук боюнча абдан жогорку кызмат адамдарынын тобуна карата пайдаланылат. Негизинен коргоо министринин орун басаралары, АКШнын Мамлекеттик департарменти жана ЦРУнун директору, казначейство жетекчилерин камтыган топ.

"Ооз ачпасам деле түшүнүктүү, бирок мен баарыбир айтып коюшум керек. Мурда мени Ак үй комитет жетекчилеринин жыйынына эч убакта чакырган эмес. Узак жылдардагы тажрыйбамда эч убакта мындай улуттук коопсуздук боюнча суроолор коммерциялык тиркемелер аркылуу өткөрүлөт деп уккан дагы эмесмин",- деген Голдберг.

Йемендин аймагына урулган соккулар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Йемендин аймагына урулган соккулар

"Мындай катачылыкты эч качан көргөн эмесмин"

Голдбергдин сөзү боюнча ал кийинки бир нече күн аралгында өтө эле купуя маалыматтар жазылган кат алышууну байкап жүргөн. Анда АКШнын курал-жарагынан тарта Жакынкы Чыгыштагы тактикалык кадамдарына чейинки маалыматтар бар эле.

Билдирүүлөр ар башка колдонуучулардан келип турган. Алардын арасында "Вэнс" жана "Хегсет" (АКШнын вице-президенти жана Пентагондун башчысы, эгер бул аккаунттар чындап эле аларга таандык болсо) да бар эле.

Бирок ар кандай белгилерден улам журналист онлайн чат чындап эле комитет жетекчилериники экенин түшүнгөн. Ошентип ал ойго дагы келбеген жерден эле мамлекеттик эң жашыруун сырлар камтылган онлайн чатка кирип калган.

Йемендин аймагына жасалган чабуулдар чаттын аныктыгын далилдеген соңку ырастоо болуп калды. Кат алышууда бул тууралуу деталдуу талкуланган эле.

"Алар менин бул группага кошулганымды билишти болду бекен? Мен ага атайылап эле кошулганмынбы? Эгер андай болбосо алар мени ким деп ойлошкон? Мени группага кошуп жатышканда же мен өзүм группадан чыгып кетип жатканымда бул ким деп бирөө жарым түшүндү болду бекен? Трамптын администрациясы бул сыяктуу сезимтал маселелер үчүн Signal мессенжерин регулярдуу колдонушабы? Кызмат адамдары мындай каналды колдонуу америкалык контингентти коркунучка кептеп коё тургандыгын түшүнүшөт болду бекен?,- деген ойлор башынан кетпей койгонун эстейт Голдберг.

Анын сөзүнө караганда, жазып-тайып анын ордуна башка эле бирөө мындай чатка кабылып кала турган болсо Америка Кошмо Штаттарына кандай тири шумдуктуу зыян келмегин түшүнгөн.

Жеффери Голдберг чатты координациялап жаткан Майкл Уолтц мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо боюнча бир эле эрежени бузбаганына ынанат.

"Мен эч качан мындай эреже бузууну көргөн эмесмин. Улуттук коопсуздук боюнча кызматкердин Signal аркылуу байланышканы бул өтө сейрек иш. Бирок тиркеме жолугушууларды белгилөө, логистика маселелери сыяктуу жөнөкөй иштерде пайдаланылат, бирок, мынчалык өтө купуя аскердик иштер талкууланбайт. Албетте мындай ишке журналистти дагы кошуп чакырганы тууралуу эч качан укккан эмесмин",- дейт Atlantic басылмасынын журналисти.

Коопсуздук маселелери боюнча эксперттер америкалык администрациянын жашыруун маалыматтарга карата мамилесин сындап, акылга сыйбас иш деп аташууда.

Эми Signal мессенжерин аскердик операцияларды координациялоо үчүн пайдалануу Тыңчылык жөнүндө мыйзамды жана башка федералдык мыйзамдарды бузбайбы дегенди түшүнүү маселеси турат.