АКШнын Йеменге чабуулу: хуситтер 53 киши өлгөнүн билдирди

Хуситтер

Сүрөттүн булагы, U.S. Central Command/Reuters

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

АКШнын Йеменге жасаган чабуулунан улам каза тапкандардын саны элүү үчкө жетти. Бул тууралуу хусит козголоңчуларынын карамагындагы Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Алардын маалыматына караганда, каза болгондордун арасында аялдар жана жаш балдар да бар. Ошондой эле 98 кишинин жабыркаганы айтылууда.

АКШ өткөн аптанын соңунда хуситтердин буталарына чабуулдарын баштаган эле. Козголоңчулар Кызыл деңиздеги аракетин токтотпосо, чабуул улана берет деген эле Вашингтон.

Американын маалыматы боюнча, чабуулдан улам каза болгон козголоңчулардын арасында чечүүчу ролду ойногон кишилер да болгон. Бирок козголоңчулар мындай маалыматты ырастаган жок.

Хуситтердин лидери Абдул-Малик аль-Хуси Йеменге Америка чабуул жасай берсе, хуситтер Кызыл деңиздеги америкалык кемелерге кол салууну уланта берерин билдирди.

Дональд Трамп хуситтерге каршы Американын чабуулуна байкоо салууда

Сүрөттүн булагы, White House

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дональд Трамп хуситтерге каршы Американын чабуулуна байкоо салууда

17-мартка караган түнү хуситтер "уланып жаткан агрессияга" жооп кылып, соңку 24 саат ичинде АКШнын аскердик учактарын ташыган кемелерге эки жолу сокку урганын билдиришти.

Алар "Гарри Трумэн" жана аны коштогон кемелерге 18 ракета жана дрондорду коё беришкенин айтып жатышат. Бирок бул боюнча эч кандай далилдерди келтиришкен жок.

Америкалык чиновниктердин бири жекшемби күнү хуситтер тарабынан учурулган 11 дрон АКШ учактары тарабынан атып түшүрүлгөнүн, алардын бири да кемелерге жакын жетпегенин Reuters агенттигине билдирди.

Иран тарабынан колдоого алынып, Израилди өздөрүнүн душманы деп санаган козголоңчулар тобу Йемендин борбору Сананын жана өлкөнүн түндүк-батышын көзөмөлдөйт.

Израил менен ХАМАС согушунда хуситтер палестиналыктарды колдой тургандыгын айтып, Израилге, Америкага жана Британияга тиешелүү кемелерге гана чабуул коюп жатканын билдирип келишет. Бирок бул ырастоолор көп учурда чындыкка дал келбейт.

Хуситтердин айтымында, Американын кол салуусунан аялдар жана балдар курман болду

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хуситтердин айтымында, Американын кол салуусунан аялдар жана балдар курман болду
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Хуситтер 2023-жылдын ноябрынан бери Кызыл деңиз жана Аден булуңунан Израилди көздөй ракеталарды жана дрондорду коё берип келе жатат.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Майк Уолтц өткөн ишембиде урулган соккулар "хуситтердин бир нече лидерине багытталганын" билдирди.

"Биз аларды кыйрата турган чоң соккуну урдук жана ал кандай тополоң сала тургандыгын Иранга көрсөттүк",- деди ал.

АКШнын Коргоо министри Пит Хегсет хуситтер кол салууну токтотмоюнча Америка чабуул жасай бере турганын убада кылды.

"Мен ачык эле айтайын, бул чабуулдар кеме менен ээн-эркин жүк ташууну жөнгө салуу үчүн жасалып жатат",- деди ал.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио соңку 18 айда америкалык кемелерди көздөй хуситтер 170тен ашуун чабуул жасаганын CBS News телеканалына билдирди.

"Алар АКШнын деңиз аскер күчтөрүнө 174 жолу тикелей чабуул жасады жана 145 ирет коммерциялык кемелерге кол салышты. Мындай алып караганда, дүйнөдөгү эң маанилүү деңиз жолдорунун биринде кемелерге каршы таамай соккон курал көтөрүп каракчылар тобу жүрөт жана алар системалуу түрдө акы талап кылып жатышат. Бул акылга сыйгыс иш", - деди ал.