Ташиев Бишкектин борборундагы Түлеевдин курулушун текшерип, кемчиликтерди жоюуну талап кылды

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин жетекчиси, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев борбор калаанын Чүй проспектисинде жүрүп жаткан курулуш иштерин жеринен текшерди.

Атайын кызмат кабарлагандай, бул визит президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жүргүзүлдү.

Соңку күндөрү социалдык тармактарда Чүй проспектисиндеги Борбордук универмаг менен шаардык универмагдын жанында курулуп жаткан соода объектилери, унаа токтотуучу жайлар жана аялдамалар жолго чыгып кеткендиги боюнча маселе кызуу талкуу жаратууда.

УКМК төрагасы талаш жараткан ошол аймакты кыдырып чыгып, жолго чыгып кеткен курулмаларды тез арада алып салуу, ошондой эле шаардын кыймыл үчүн маанилүү тилкесин кыска убакытта иштетүү боюнча тиешелүү мекемелерге тапшырма берди.

Курулуш компаниясынын жетекчилиги жолду калыбына келтирүү жана инфраструктураны жөнгө салуу боюнча милдеттемени мойнуна алып, жакын арада ишке ашат деп убада кылды.

Бишкектин тургундары соңку күндөрү бул курулуштардын создугуп жатышын жана Чүй проспектисинин ичкерип кеткенин сынга алууда.

Алсак, ушул күндөрү жаздан бери жабык турган Чүй көчөсү ачылганы жатат. Бирок анын курулуш жүргөн бөлүгү - Абдрахманов көчөсү менен Шопоков көчөсүнө чейинки аймагында жол ичкерип кеткени элди нааразы кылууда.

Ташиев текшерүү учурунда жолду ичкертип жаткан чөнтөкчөнү алып салууну тапшырды. Долбоорду аткарып жаткан курулушучу Нариман Түлеев ага макул болуп, бирок күн сууп кеткенине байланыштуу балким жазда жасап калышыбыз мүмкүн деген оюн айтты.

Экинчиден, долбоордо эки кабаттуу делген имарат үч кабат болуп кеткен. Ташиев анын үчүнчү кабатын алууну тапшырды. Мындан тышкары, ал мурда оргума турган жашыл зонаны калыбына келтирүүнү милдеттендирди.

"Биздин бардык уруксаттарыбыз бар болчу. Жердин үстүн 2-3 кабат кылуу бар болчу. Бир кабатын алып салгыла деди. Макул дедик. Бизден ката кетсе, кечирим сурайбыз, аны алып салалы дедик" , - деди Нариман Түлеев.

"Кыргызстандын Монте-Карлосу"

Буга чейин Old Bishkek комплекси боюнча коомчулукта кызуу талаш-тартыш жаралгандан кийин, долбоордун жетекчиси Нариман Түлеев 20-ноябрда "Кабар" агенттигине маалымат берип, долбоор толук бүткөн соң бул жер "Кыргызстандын Монте-Карлосу" болорун убада кылган. Ал шаар тургундарын сабыр кылып, бир аз күтүп турууга чакырган.

Түлеевдин айтымында, долбоор шаар кеңешинде корголуп, бекитилген жана баштапкы долбоордо кандай болсо, ошондой абалда аяктайт.

"Сиздер айтып жаткан 3 кабаттуу жаңы салынып жаткан имараттын сырткы көрүнүшү толкун түрүндө болот. Шаар көркүн бузган артындагы алтын саткан эски дүкөндөр 30 жылдан бери бузулбай иштеп келген. Себеби алар жеке менчикке өтүп кеткен. Ошол эски дүкөндөр жабылды. Имараттын баш жагында кароо мунарасы болот. Туристтер жана коноктор ал жакка чыгып, бул жердеги кооздукка күбө болушат",- деген Түлеев.

Жол маселесине токтолуп жатып, Түлеев мурда туурасы 15 метр болгон жол азыр 16 метрге кеңейип, эки кошумча тилке пайда болгонун айткан.

"Мурдагы 4 тилкеден, 6 тилкелүү жолго айланды. Биз жолду тарыткан жокпуз, тескерисинче кеңейттик. Атайын автобустар токтой турган чөнтөкчөлөр да жасалды. Шопоков көчөсү тарабында 300дөн ашык унаага ылайыкталган жер алдындагы унаа токтотуучу жай болот",- деген ал.

Ал шаар тургундарынан долбоорго начар баа берилсе, кайрадан оңдоп берүүгө даяр экенин убада кылган.

"Дүйнө өзгөрүүдө. Мен көптөгөн өнүккөн мамлекеттерде болуп келдим. Биз дагы өнүгөлү, алдыга жылалы. Шаардын борборунда заманбап жай болсун деп жатам. Ал эми бул жер Кыргызстандын Монте-Карлосу болот. Шаардыктар ушул жерде күнү-түнү эс алышат. Асты өзүнчө шаар болду. Аны бүткөндө өзүңөр көрөсүңөр. Болгону курулуш иштери толугу менен аягына чыккыча, чыдап күтө тургула ", -деген Түлеев.

Курулуш качан башталган?

Социалдык маанидеги Old Bishkek долбоору шаар мэриясы менен Tashbolot Holding компаниясынын өнөктөштүгү менен ишке ашырылууда. Курулушу иштери 2025-жылдын май айында башталып, жыл соңуна чейин бүтүрүү пландалган. Долбоор Tashbolot Holding компаниясынын каражаты жана кредиттик булактар аркылуу каржыланууда. Шаар мэриясы чыгымдарды кайтаруу максатында объектини 49 жылга ижарага бере турганы айтылган.

Бул борбор калаанын инфраструктурасын жаңылоо, жол кыймылын жеңилдетүү жана шаар тургундарына заманбап шаар мейкиндигин түзүү максатын көздөй турганы маалымдалган.

Нариман Түлеев ким?

Түлеев 2005-жылдан 2008-жылга чейин «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын башкы директору болгон. 2008-жылы ал Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалып, 2010-жылга чейин ушул кызматты аркалаган.

2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Түлеев "Ата-Журт" оппозициялык партиясынын курамында Жогорку Кеңештин 5-чакырылышына шайланган. Ал азыркы президент Садыр Жапаров жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиев менен фракциялаш болгон.

Бирок кийин Түлеев депутат кезинде камакка алынган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, мэр болуп турганда Кытайдан жүргүнчү автобустарды жана кар тазалоочу техникаларды жогорулатылган баада сатып алган.

2012-жылы сот Түлеевди күнөөлүү деп таап, аны 11 жылга эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган. 2013-жылы Ленин райондук соту жаза мөөнөтүн 10 жылга кыскарткан. Төрт жыл абакта отургандан кийин, 2016-жылдын 7-майында Түлеев мамлекетке келтирилген 60 миллион сом зыяндын ордун толук төлөп бергендигине байланыштуу мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан.

2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин Нариман Түлеев кайрадан Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Бирок, бул кызматта эки күн гана иштеп, нааразылык акцияларынын фонунда 22-октябрда өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Октябрь окуяларынан кийин аны соттук иши да кайра каралган.

2021-жылдын 9-февралда Жогорку сот ишти "жаңы ачылган жагдайлардын" негизинде жокко чыгарып, кайра кароого жиберген. Натыйжада, 2021-жылдын 22-июлунда Ленин райондук соту анын иш-аракеттеринде "кылмыштын курамы жок" деген негизде Нариман Түлеевди толук актаган. Ошол эле жылдын сентябрь айында сот конфискацияланган мүлктүн бир бөлүгүн кайтарып берүү жөнүндө чечим чыгарган.