"75 адамдын кайрылуусу": Талгарбеков, Узакбаев, Дыйканбаев кармалды

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев жана Курманбек Дыйканбаев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалган жарандардын үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.

ИИМ тараткан маалыматка караганда, Тергөө кызматы аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмүнүн (Жапырт башаламандыктар) негизинде кылмыш ишин козгоду.

"2026-жылдын 9-февралында интернет булактарына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына "Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна Кыргызстанда жаңы президенттик шайлоону токтоосуз демилгелөө өтүнүчү менен 75 жарандын кайрылуусу жолдонду. Ага илим ишмерлери, мурдагы премьер-министрлер, экс-депутаттар жана коомдук ишмерлер кол койгон" – деген маалымат тараган. Аталган кайрылуудагы айрым билдирүүлөр калк арасында кызуу талкууга алынып, өлкө ичинде коомдук саясий кырдаалды курчуткан", - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Маалыматта Тергөө кызматына кайрылууда көрсөтүлгөн 75 жаран алып келинип, тергөө амалдары жүргүзүлгөнү, бул кылмыш ишинин демилгечилери жана активдүү катышуучулары катары аты аталган үч жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилгени айтылат.

Буга чейин Бекболот Талгарбековун үйүнө Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери келип, суракка алып кетишкени кабарланган. Маалыматты саясатчынын уулу Арстан Талгарбеков Би-Би-Сиге тастыктаган.

"ИИМде суракта. Саат тогузда келип алып кетишти. Эч нерсе айтпай эле алып кетип калышты. Иш атамдын кайрылуусу боюнча экен. Ал кайрылууда эч кандай чакырык, мыйзамсыз аракет жок. Толугу менен Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин саясатын колдойт. Үйдө тинтүү болгон-болбогонун айта албайм. Себеби мен атама келген учурда алар үйдөн чыгып баратышыптыр, алар менен кошо ИИМге келдим", – деген Арстан Талгарбеков.

Арстан Талгарбеков мындан тышкары суракка мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев да жеткирилгенин көргөнүн айткан.

Бекболот Талгарбеков жакында президент Садыр Жапаровдун коомдогу биримдикти бекемдөө боюнча айткан билдирүүсүндө эскерилген. Ошондой эле, ал президенттик мөөнөттөн мурда шайлоо өткөрүү боюнча ачык кайрылууга кол койгон 75 адамдын арасында болгон.

Президент Садыр Жапаровдун 10-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан алгандан кийинки комментарийинде Бекболот Талгарбековдун ысымын атаган.

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов Ташиевдин кызматтан алынышы боюнча президенттин комментарийин айтып берди.

"Президент Садыр Нургожоевич бул чечими боюнча кыскача эле: "Эң биринчи кезекте Мамлекетибиздин кызыкчылыгында, коомчулукта, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөр ортосунда да бөлүнүп-жарылууга жол бербей, тескерисинче биримдикти чыңдоо максатында кабыл алдым",-деп гана түшүндүрдү", - деди Аскат Алагозов.

Көп өтпөй, Аскат Алагозов кайра дагы бир жолу кененирек маалымат берди: "Президент Садыр Нургожоевич "...Коомчулукта, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөр ортосунда да бөлүнүп-жарылууга жол бербей, тескерисинче биримдикти чыңдоо максатында кабыл алдым",- дегенде Камчыбек Кыдыршаевичти айткан жери жок. Кеп, Камчыбек Ташиевдин атын жамынып алып Жогорку Кеңештин депутаттарынан баштап, коомдук ишмер, интеллингенция өкүлдөрүнө чейин телефон чалышып, "Генерал жакка өткүлө, буга кол койгула, мындай кылалы, тигиндей кылалы" деп ар кимди ар кыл аракеттерге шыкактап, бул аракеттери менен коомчулук ичинде, анын ичинде Жогорку Кеңеш өңдүү мамлекеттик түзүмдөрдөгү жооптуу кызматтагылардын арасында начар жагдайдын жаралышын шарттаган Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев өңдүүлөр жөнүндө сөз болууда. МинКаб Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан бошотулушу боюнча буга чейин журналисттерге берген комментарийимди бурмалагандар же туура эмес түшүнгөндөр болуп жаткандыктан тактоо киргизүүнү туура көрдүм".

Коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, жалпы 75 кишинин аты жазылган кайрылуу президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна жолдонгон. Анда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү сунушу айтылган.

Кайрылуу ээлери өлкөдөгү учурдагы бийликтин ишмердүүлүгүнүн биринчи этабы логикалык жактан аяктады деп эсептешет. Алардын пикиринде, өнүгүүнүн жаңы баскычына өтүү үчүн жаңы программа жана элдин жаңыланган ишеними керек.

Мындан тышкары, президент 2021-жылы мурдагы Конституция боюнча шайланганы, ал эми өлкө учурда жаңы Баш мыйзам менен иштеп жаткандыгы коомдо ар кандай укуктук талаштарды жаратып жатканы белгиленет. Ушул жагдайларды эске алуу менен авторлор тез арада президенттик шайлоо өткөрүүнү демилгелөөнү сунушташкан.

"Урматтуу Садыр Нургожоевич! Урматтуу Нурланбек Тургунбек уулу! Жогоруда белгилеген өлкө алдыдагы чакырыктарды жана президенттик шайлоого байланышкан талаштарды эске алуу менен, сиздерге өлкө Президенти жана Жогорку Кеңештин Төрагасы катары мүмкүн болушунча тез арада жаңы президенттик шайлоону өткөрүү демилгесин көтөрүүнү сунуштайбыз жана чакырабыз.

Мындай кадам ар кандай талаш-тартыштардын, кошумча түшүндүрмөлөрдүн, коомдук бөлүнүп-жарылуулардын жана мүмкүн болгон Конституциялык сотко кайрылуулардын алдын алат деп ишенебиз. Биз ишенебиз, элдин толук ишенимин алган жаңы президент жана анын командасы натыйжалуу программа иштеп чыгып, мурдагы ийгиликтерди улантып, эффективдүү жаңы заманбап идеялардын негизинде олуттуу маселелерди чечип, ири долбоорлорду ишке ашырып, өлкөнү туруктуу өнүгүүнүн жаңы деңгээлине көтөрөт деп терең ишеним артабыз" деп айтылат кайрылууда.

Кайрылууга мурыргыз Республикасынын Баатырлары Миталип Мамытов, Кубат Осмонбетов, экс-премьер-министрлер Турсунбек Чынгышев, Жантөрө Сатыбалдиев, Мухаммедкалый Абылгазиев, Кубатбек Боронов жана бир катар коомдук ишмерлер кол койгону көрсөтүлгөн.

Демилгечилердин бири Бекболот Талгарбеков Би-Би-Сиге буларды билдирген:

"Себеби дегенде коомдо талаш-тартыш күчөп жатпайбы. Бирөөлөр "президенттин мөөнөтү бүтүп калды" деп айтып жатат. Бирөөлөр "дагы бир жылы бар" деп айтышууда. Ошону менен бул аябай чоң талаш болуп жатат. Ошон үчүн биз ушундай кайрылуу кабыл алдык. Андан көрө бийлик өзү демилгени колго алып, шайлоону июнь-июль айларына коюп койсо, талаш-тартыштын баары токтойт эле да. Бизге азыр туруктуулук керек, тынчтык керек. Жаңы бийлик мурунку жетишкендиктерди улантып, кемчиликтерди оңдоп, жаңы күч менен кирсе деген максат менен демилгечи топ ушундай кайрылуу жасадык. Биз бийлик менен сүйлөшкөн жокпуз, бул өзүбүздүн демилге. Эч кандай бийлик менен макулдашкан демилге эмес. Анын үстүнө бизди "акшакалдар", "дүжүр чалдар" деп айтпасын деп, эл ичинде айтылып жаткан кемчиликтерин да көрсөттүк".

Президент Садыр Жапаров 10-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Камчыбек Ташиев Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордунан бошотулду.