"Негизги көрсөтмөлөр аткарылган эмес". Өрттөн кийин ооруканалар текшерилүүдө

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо институтунда чыккан өрт саламаттыкты сактоо мекемелериндеги өрт коопсуздугу деген маселени кабыргасынан койду. Тилсиз жоонун себебин аныктоо үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссия иликтөөнү улантууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, өрттүн кесепетинен башка ооруканаларга которулган 23 бейтаптын дарылануусу стационардык түрдө уланып жатат. Алардын ичинен эки баланын абалы дагы эле оор, кайра жандандыруу бөлүмүндө.

"Эне жана баланы коргоо боюнча Улуттук борборго которулган 13 баланын жана башка бейтаптардын абалы канааттандырарлык. Ал эми абалы оор болуп жаткан балдар операциядан кийин кайра жандандыруу бөлүмүндө жатышат," – деди Медициналык жардамды уюштуруу башкармалыгынын бөлүм башчысы Курманбек Турдумаматов.

Окуя 11-февралда катталган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ошол учурда ооруканада жалпы 104 адам болгон. 50 бейтап (19 бала), 32 багуучу жана 22 кызматкер.

Ошол эле түнү Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Facebook баракчасында өрт тууралуу маалымат таратып, куткаруучулардын ыкчам аракеттеринин натыйжасында 260 адам эвакуацияланганын билдирген.

"Тилекке каршы, эки адам каза болду. Өрт саат 22:33тө чектөөгө алынып, 23:15те толугу менен өчүрүлдү," – деп жазган ал.

Кырсыктан кийин саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев эвакуацияланган бейтаптардын саламаттыгы тууралуу маалымат берип, бейтаптар жакынкы медициналык мекемелерге көчүрүлгөнүн жана баарына толук көлөмдө медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын айткан.

Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш ишин козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Саламаттык сактоо мекемелери текшерилүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрт көзөмөлдөө кызматынын улук инспектору Хашимжан Абдрахмановдун айтымында, өрттүн себептери жана чыгымдары азырынча так аныктала элек.

"Ооруканадагы жүрөккө операция жасоочу аппараттын кошумча бир бөлүгү жер төлөөдө турат экен. Ал электр энергиясы өчүп калган учурда колдонулат деп жатышат. Ошол жарылып кеткен болушу мүмкүн деген жоромол бар. Ал өрттөнгөн болушу ыктымал деп дагы жатышат. Андыктан так себебин азырынча айта албайбыз. Керектүү нерселер алынып ӨКМнын лабораториясы тарабынан текшерилип жатат. Көз карандысыз эксперттер дагы иш алып барууда. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан түзүлгөн комиссия дагы өз көз карашын айтып тактап жатат. Болжолдуу чыгым тууралуу дагы маалымат тактала элек",- деди ал.

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтуна 2023-2024-жылдары текшерүү жүргүзүлүп эскертүү берилгенин кошумчалады.

"Өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо боюнча талаптар аткарылбаган үчүн бул мекемеге 2023-жылы Бузуулар кодексинин 434-беренесине ылайык, 13 миң сом айып салынган. 2024-жылы пландуу текшерилип, 18 пункттан турган көрсөтмө берилген. Анын 16 пункту аткарылып, 2 пункту аткарылбай калган. Ошолордун негизинде Бузуулар кодексинин 143-беренесине ылайык 23 миң сом айып салынган. Чоң чыгым талап кылган негизги көрсөтмөлөр аткарылган эмес. Анын бири сигнализация коюлушу керек деген талап болчу. Оорукананын жетекчилиги министрликке кайрылган, бирок каражат бөлүнбөй келген. Эгерде ал коюлган болсо мүмкүн жер төлөөдө болгон өрттүн алдын алуу иштери эрте жүргүзүлмөк. Экинчиси жыгат устундарды күйбөй турган заттар менен шыбап, каптап чыгуу эле",- деди Абдрахманов.

Ошондой эле ал 14-февралдан тартып жер-жерлердеги саламаттык сактоо министрлигине караштуу мекемелерде пландан тышкары текшерүү иштери башталганын билдирди.

"25-30 пайызга текшерилди. Анда өрт коопсуздугун сактоо боюнча эскертмелер берилип жатат. Бир айдан кийин кайра контролдук текшерүү болот. Талаптар аткарылбаса толугу менен чара көрүлөт. Андан тышкары өрт чыккан учурда эмне кылуу керек экени тууралуу персоналдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп жатат",- деп кошумчалады ал.

Абдрахмановдун айтымында, ар бир медициналык мекеме төмөнкү талаптарды сактоого тийиш:

  • Электр чубалгыларын оңдоп-түзөө;
  • Ички өрт крандарын суу менен камсыз кылуу;
  • Кызматкерлерди өрт коопсуздугу боюнча окутуу;
  • Өрт өчүрүү шаймандары менен камсыз кылуу жана алардын даярдыгын текшерүү;
  • Кошумча эвакуациялык эшиктердин болушу;

13-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аталган илимий-изилдөө институтуна барып, жеринен кабар алган эле.

Ал өрттүн кесепеттерин тез арада жоюу жана мындай кырсыктардын алдын алуу максатында бир катар тапшырмаларды берген.

Анда ведомстволор аралык комиссияга бир жуманын ичинде өрттүн себептерин тактап, келтирилген зыяндын баасын аныктап жана институтту калыбына келтирүүнүн деталдуу планын иштеп чыгуу тапшырылган.

Андан тышкары Финансы министрлигине ведомстволор аралык комиссиянын корутундусунун негизинде институтту калыбына келтирүү жана жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон каражаттарды бөлүү жөнүндө маселени ыкчам карап чыгуу маселеси коюлган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине медициналык мекемелерде өрт коопсуздугунун эрежелеринин сакталышына көзөмөлдү күчөтүү, пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүз милдеттемеси жүктөлгөн.

"Болгон трагедия социалдык мекемелердеги өрт коопсуздугун камсыз кылуудагы көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды. Мындай көрүнүш эч качан кайталанбашы үчүн биз колдон келгендин баарын жасашыбыз керек", - деген. Адылбек Касымалиев.