Бийликтеги 100 күн, 5 багыттагы согуш. Трамп АКШны кайда сүрөп баратат?

Published
Окуу убактысы: 7 мүнөт

Ант берер алдында Дональд Трамп президенттик кызматындагы алгачкы 100 күнү АКШ тарыхындагы "эң өзгөчө мезгил" болорун убада кылган. Ал бул сөзүндө турду. Трамп Кошмо Штаттардын багытын кескин өзгөртүп эле тим болбостон, оюн эрежелерин баштан-аяк кайра жазууга киришти.

Символикалуу мааниге ээ 100 күн өткөндөн кийин АКШнын 47-президентинин эл арасындагы рейтинги Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки бардык лидерлердикине караганда төмөн болуп калды.

Бирок партиялык баа башкача. Республикачылардын ондон тогузу Трамптын ишин колдойт, ал эми демократтардын 4% гана анын ишмердүүлүгүн кубаттайт.

Трамп өзүнүн күйөрмандары үчүн мурдагыдай эле системага каршы чыккан баатыр бойдон кала берүүдө.

Алгачкы 100 күн ичинде аны сындагандардын саны да көбөйдү. Алар Трампты "кооптуу диктатор" катары көрүшөт.

Конгресске жана бюрократияга каршы 1-согуш

2025-жылдын 20-январында Ак үйдөгү атактуу Сүйрү бөлмөдө Резолют тактасына отурган Дональд Трамп алтын менен жазылган кара папканы ачып, ишке киришкен.

Ал мыйзамсыз жүргөн мигранттарды өлкөдөн чыгаруу, АКШны климат боюнча Париж келишиминен чыгаруу, федералдык агенттиктердеги ар түрдүүлүк, теңчилик жана инклюзивдүүлүк программаларын жоюу жөндө жарлыктарга кол кое баштаган.

Ошондой эле 2021-жылдын 6-январындагы Капитолийге кол салуу иши боюнча соттолгондордун баарына кечирим берген жарлык чыгарган.

Трамп шайлоодо утулуп калганда анын тарапташтары шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу табалы менен Конгресс имаратына кирип барышканы маалым.

Трамп кол койгон алгачкы 26 жарлыктын арасында АКШнын чет өлкөлөргө көрсөтүп жаткан бардык жардамын токтотуу жөнүндө чечим да бар болчу. Жарлыктын кесепети ириде дүйнөнүн ар кайсы бурчунда эмдөө, ачарчылыкка каршы күрөшүү, аялдардын укуктарын коргоо жана башка гуманитардык маселелер менен алектенген USAID – Эл аралык өнүктүрүү агенттигине тийди.

Буйрукка кол коюлган алгачкы күндөрдө эле Либериядагы безгекти дарылаган клиникалар жабылды. Тайландда адам сатууга каршы күрөшүүгө багытталган программалар токтоду. Угандадагы айрым ооруканада электр кубаты өчүрүлдү. Африкадагы Эсватини аттуу чакан мамлекетте ВИЧке каршы дарылоо үзгүлтүккө учурады. Нигерияда балдарга вакцина сайылбай калды.

"Эң биринчи Америка" деген ураан менен бийликке келген Трамп үчүн чет мамлекеттерге жардам берүү – АКШдагы салык төлөөчүлөрдүн акчасы текке кетирүү катары бааланат.

Ал эми USAID агенттигинин жактоочулары бул программаны АКШнын дүйнөлүк үстөмдүгүн сактап туруудагы эң маанилүү "жумшак күч" куралы деп эсептешет. Алардын айтымында, дал ушундай программалар аркылуу Америка дүйнөдө таасирин сактап келген. Трампты сындагандар бул боштуктун ордун Кытай ээлеши мүмкүн экенин эскертишүүдө.

АКШнын жаңы администрациясы деле Бээжинди "эң чоң геосаясий атаандаш" катары эсептейт.

Дональд Трамп Конгресстин макулдугусуз чечимдерди кабыл алган алгачкы президент эмес.

Бирок АКШнын 47-президенти бул ыкманы мурда болуп көрбөгөн деңгээлге чыгарып, кол койгон документтердин саны боюнча өзүнөн мурункулардын баарын артта калтырды.

Конгресстин эки палатасында тең республикачылар көпчүлүктү камсыздаса да, өзгөчө ушундай радикалдуу реформалар адатта талаш-тартыштарга жана бюрократияга туш болуп, иштин ыргагы жайлай берет.

Аткаруу бийлигинин башында турган президенттин жарлыктары болсо идеяларды тез арада ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Каршылыктарга карабай президент бул жол менен өзүнүн күчүн, ылдамдыгын жана жигердүүлүгүн көрсөтө алат.

Бюрократияга каршы күрөш жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулулугун арттыруу тапшырмасы президенттин өнөктөшү, миллиардер Илон Маскка жана анын Өкмөттү башкаруунун эффективдүүлүгү департаментине (DOGE) жүктөлгөн.

Алар мамлекеттик аппаратты кайрадан иретке салууга киришип, бир нече мекемени жапты, он миңдеген кызматкерди жумуштан бошотуп, аткаминерлер арасында дүрбөлөң жаратышты. Бирок алардын ишинин жыйынтыктары азырынча талаштуу, ал эми үнөмдөлгөн каражаттын көлөмү күмөн жаратууда.

Согушка каршы 2-согуш

Орусиянын Украинага каршы согушу Дональд Трамптын пикиринде АКШнын кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешеси жок. Ошондуктан ал Вашингтон Киевге ири суммадагы каражат бөлүүгө милдеттүү эмес деп эсептейт.

12-февралда Трамп Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Бул Орусия Украинага басып кирген күнүнөн тарта АКШ менен болгон алгачкы расмий байланыш болуп калган. Бир жума өткөн соң Трамп орусиялыктар менен сүйлөшүү үчүн Ак үйдөн атайын делегация жөнөткөн. Ал жолугушууга Украина да, Европанын өкүлдөрү да чакырылган эмес.

Ошондо эле Ак үй Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүгө европалыктарды аралаштырууну каалбай турганы түшүнүктүү болду. Андан бир нече күн мурун вице-президент Жей Ди Вэнс Мюнхендеги коопсуздук конференциясында тарыхта кала турган сөз сүйлөдү. Ал европалыктарга "трансатлантикалык өнөктөштүк" деген түшүнүк мындан ары жок экенин ишарат кылды. Дональд Трамп аны кубаттап, "Эң сонун сөз", – деп жазды.

Европа Американын жаңы администрациясынан айырмаланып, "Украинасыз Украина боюнча чечим кабыл алууга болбойт" деген көз карашта. Брюссель үчүн Киевдин тынчтык сүйлөшүүлөрүндө күчтүү позициясы жана ЕБдин бул жараяндарга катышуусу маанилүү. Алардын пикиринде, согуш Европанын аймагында жүрүп жатат жана ЕБ жылдар бою Украинаны колдоого АКШга караганда көбүрөөк акча коротту.

Баарынан да февраль айынын аягында Володимир Зеленскийдин Вашингтонго болгон сапары эң эсте калган учур болду. Жолугушуунун жүрүшүндө украин президенти Трамп жана Вэнс менен эл алдында кайым айтышып, сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишимди түзүү үзгүлтүккө учурады.

"Минералдык келишим" боюнча алгачкы кадам апрель айында гана жасалды. Тараптар Украинаны калыбына келтирүү үчүн инвестициялык фонд түзүү ниетинде меморандумга кол коюшту. Медиага жеткен маалыматтарга караганда, кеп азыр АКШнын пайдалуу кендерди иштетиши гана эмес, энергетикалык инфраструктураны көзөмөлдөшү жөнүндө да болуп жатат.

Трамп АКШнын экономикалык кызыкчылыктары эске алынган учурда гана Киев талап кылган коопсуздукка кепилдик берилиши мүмкүн экенин айтты. АКШнын жаңы администарциясы Украина үчүн НАТОнун эшиги жабык экенин бир нече жолу эскерткендей болду.

ЖМКлардагы маалыматтарга караганда, АКШнын тынчтык планында Киев шаркетке мүчө болбой турганы, Орусияга тарттырып жиберген аймактардан баш тартышы керек экени жазылган. Буга Украина карманча каршы.

Өткөн аптада Трамптан Орусия кандай шартта эпке келүүгө даяр экенин сураганда, ал: "согушту токтотууга, бүт өлкөнү басып алууну токтотууга макул. Бул жетиштүү деңгээлде эпке келгендик", – деп жооп берген.

Тынчтыкты камсыздоо аракеттеринен азырынча майнап чыга элек. Март айында тараптар энергетикалык инфраструктурага сокку уруудан бир айга баш тартууну макулдашкан, бирок чабуул уланып, соккулар үчүн Киев менен Москва бири-бирин айыптап жатышат.

Шайлоо кампаниясы учурунда Трамп президент болгондон кийин Украинадагы согушту 24 саат аралыгында токтотууга убада берген.

Бирок Трамптын инагуруациясынан 100 күн өтсө да Украинада согуш уланып жатат.

Баарына каршы 3-согуш

Вашингтондо 2-апрелдин таңы Ак үйдүн Роза бакчасында маалымат жыйыны менен башталды. Трамп Американын "боштондук күнү" жөнүндө айтып, импортко жаңы тарифтер киргизилгенин жарыялады.

АКШ президентинин кийинки буйругу менен бардык импорттук товарларга 10% тариф киргизилди.

"Өнөктөштөрүбүз бизди көп жылдар бою тоноп келишти", — деди Трамп. Ал жаңы тарифтер оюн эрежелерин тендештирип, америкалык өндүрүүчүлөрдү коргойт деп ырастады.

Бирок, негизги көйгөй – бул бажы алымы акыр-аягы америкалыктардын өзүнө жүк болгонунда. Алар үчүн импорттук товарлар: кийим, унаа, тамак-аш кымбаттайт. Америка өндүрүшүнөн чыккан товарлардын баасы да көтөрүлөт. Анткени аларды чыгарууда көбүнчө чет өлкөлүк чийки заттар колдонулат.

АКШга өз товарларын сатуудан пайда көргөн башка өлкөлөрдө тарифтен улам өндүрүш кыскарат.

Жаңы тариф киргизилгенден кийин компаниялар импорттук товарлардын баасы жогорулаганын жүйө келтирип, келишимдерди кайра карап чыгышты. ​

Тарифтер күчүнө киргенден көп өтпөй соода согушу АКШны чыныгы каржы каатчылыгы менен коркута баштады. Ошондо гана Трамп Кытайдан башка бардык өлкөлөр үчүн жогорулатылган алымды 90 күнгө токтото турганын жарыялады. Бирдиктүү 10% тариф күчүндө калды.

Трамптын жактоочулары болсо соода өнөктөштөр үч айдын ичинде эпке келет деп үмүттөнүшөт. Бирок бизнести жана каржы рынокторун каптаган белгисиздик жана коркуу дүйнөлүк экономика үчүн жаңы тоскоолдук болуп калды.

Бул маселеде да Америка президенти Конгресс менен кеңешпей иш кылды. Трамп Капитолийден макулдук албай, соода тартыштыгын улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан маселелердин тизмесине киргизип, андан соң "өзгөчө кырдаал" жарыялап, мыйзам чыгаруучулардын пикирин сурабастан, бажы алымдарын киргизди.

Университеттерге каршы 4-согуш

Дональд Трамп америкалык университеттерден кадрдык жана академиялык саясатта идеологиялык өзгөрүүлөрдү талап кылып жатат. 14-апрелде эң алдыңкы 8 университеттин бири болгон Гарвард Трамптын соккусуна кабылды.

Трамптын администрациясы аны антисемитизмге жана "солчул-либералдык идеологияны" жайылтууда деп айыптап, университетке багытталган 2,2 миллиард доллардан ашык федералдык грантты тоңдурду.

Кеп Палестинаны жактаган студенттердин нааразычылык акциялары жөнүндө болуп жатат. Иш-чаранын айрым катышуучулары антисемитизмге айыпталган.

Ак үйдү башкаруу системасын реформалоону, студенттерди кабыл алуу саясатын кайра карап чыгууну, ар түрдүүлүк боюнча программаларды текшерүүнү талап кылган.

Университеттер каршылык көрсөтүшкөн. Ошондо басым күчөп, Трамп медицина, атомдук өнөр жай жана жасалма интеллект сыяктуу тармактарда илимий изилдөө жүргүзүүгө федералдык грант берүүнү токтотту.

Кийинки кадам эскертүү болду: Ак үй Гарвардды жана башка алдыңкы университеттерди "коомдук пайдасын жоготкон" уюмдар катары салык жеңилдигинен ажыратууну карап жатат.

Эми Гарвард сыяктуу ири эндаумент-фонддору ($53 млрд) бар университеттерде киреше гана азайбастан, кайрымдуулук жасагандардын саны да төмөндөшү мүмкүн.

Гарвард коммерциялык эмес уюм катары федералдык киреше салыгын төлөөдөн бошотулган жана анын донорлору да салыктан жеңилдик алып келишкен.

Алгач Гарвард Палестина университети менен кызматташууну токтотуп, Израилге каршы көз караштагы бир нече окутуучуларды кызматтан кетирди жана антисемитизм үчүн кечирим сурады.

Бирок ыкка көнүү жаңы талаптарды жаратары белгилүү болгондон кийин университет каршылык көрсөтүүнү чечти. Компромисске барууга даяр болуп жаткан Колумбия университети Гарвардга кошулду.

200дөн ашуун жогорку окуу жай өкмөттүн академиялык көз карандысыздыкка кийлигишүүсүн айыптаган жана кампустарда сөз эркиндигин коргоого чакырган ачык катка кол коюшту. Гарвард бийликтин кысымынан коргонуу үчүн сотко даярданып жатат.

Сотторго каршы 5-согуш

Конгрессте дебаттар болбогондуктан, Трамптын саясатына каршы чыгуунун бирден бир жолу – анын буйруктарын сот аркылуу жокко чыгарууга аракет жасоо.

Трамптын жарлыгын токтоткон сот чечими ал президент болгондон көп өтпөй, үч күндөн кийин чыкты. Сиэтлдеги федералдык сот Трамптын туулган жери боюнча жарандык алуу укугун жокко чыгарган жарлыгын бөгөттөп, документти Конституцияга каршы келет деп атады.

Март айында Трамптын администрациясы мыйзамсыз жүргөн мигранттары өлкөдөн чыгаруу үчүн 1798-жылдагы "Чет элдик душмандар жөнүндө" мыйзамды колдонгон.

Мурда бул документ венесуэлалык мигранттарды

жапырт депортациялоо үчүн пайдаланылган. Ак үй Николас Мадуронун режими трансулуттук кылмыш түйүндөрү, анын ичинде баңги картелдери менен байланышта экенин, бул АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирерин ырастап келген.

15-мартта судья бул мыйзамдын негизинде мигранттарды депортациялоого убактылуу тыюу салып, алардын соттук териштирүүгө укугу бар экенин белгилеп, тынчтык мезгилинде иммиграциялык маселелерди чечүү үчүн XVIII кылымдагы мыйзамдын колдонулушун укуктук жагын күмөндүү деп атаган.

Соттун буйругуна карабастан, Трамптын администрациясы депортациялоону улантып, мигранттарды Сальвадорго бир нече учак менен жөнөткөн.

Депортациялангандардын арасында венесуэлалык кылмыштуу топтор менен байланышы бар деп айыпталгандар болгон, бирок шек жараткан далилдер да бар экени айтылган.

Буга АКШнын Жогорку соту кескин реакция жасап, ал 19-апрелде "Чет элдик душмандар жөнүндө" мыйзамдын негизинде мигранттарды өлкөдөн чыгарууну убактылуу токтоткон.

Дональд Трамптын экинчи мөөнөтүнүн алгачкы 100 күнүндө анын администрациясы 200дөн ашык соттук териштирүүлөргө туш болду. Бери дегенде эле Ак үйдүн 70тей демилгеси сот аркылуу чектелди.

Соттор трансгендерлердин аскерде кызмат өтөөсүнө тыюу салган жана бир катар программаларды каржылоону токтоткон, ошондой эле федералдык агенттиктердеги ар түрдүүлүк, теңчилик жана инклюзивдүүлүк программаларын жокко чыгарган жарлыктарга бөгөт коюшту.

Сот аркылуу кармашуу дагы деле уланууда.