Стамбулдагы орус-украин сүйлөшүүсүндө эмнелер тууралуу сөз болду?

Istambul
Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

2-июнда Стамбулда Орусия менен Украина өкүлдөрүнүн түз сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы аяктады. Сүйлөшүүлөр болжол менен бир саатка созулуп, бул май айындагы жолугушууга караганда эки эсе кыска болду.

Жолугушуу Босфор кысыгынын жээгиндеги Чираган сарайында өттү. Орусия делегациясын мурдагыдай эле президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектесе, Украина тарапты коргоо министри Рустем Умеров баштап келди.

Түз сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы 16-майда Стамбулда болгон. Анда украиналык булактар орус делегациясы ок атышууну токтотуу үчүн кабыл алынгыс талаптарды коюшканын, анын ичинде Орусия жарым-жартылай басып алган аймактардан украин аскерлеринин чыгып кетишин сурашканын билдиришкен.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында расмий түрдө тараптар "1000ге 1000" формуласы боюнча аскер туткундарын алмашууга жетишкени белгилүү болду. Мындан тышкары согушту тынч жол менен жөнгөрүү максатында ар бири өз алдынча меморандум иштеп чыгууга макулдашканы жарыяланды.

28-майда украин делегациясынын башчысы Умеров Киев буга чейин Москвага өз сунуштарын жөнөткөнүн билдирген.

Орусия тарап да өзүнүн меморандумун даярдаганын кабарлаган. Бирок аны Киевге берүүдөн же маалымат каражаттарына жарыялоодон баш тарткан. Анын ордуна Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасын 2-июнда Стамбулда өткөрүүнү сунуштаган.

Киев алдыдагы жолугушуу натыйжасыз болбошу үчүн Москва тынчтык келишиминин шарттарын алдын ала ачыкташ керек экенин айткан. Бирок жекшемби күнү, 1-июнда Украина президенти Володимир Зеленский 2-июнда өтө турган сүйлөшүүлөргө украин делегациясынын катышарын ырастаган.

Киев Кремлге кандай талаптарды коюп жатат?

Сүйлөшүүлөрдөн кийин басма сөз жыйыны өттү. Би-Би-Синин Орус кызматынын кабарчысы Елизавета Фохт билдиргендей, анда украин делегациясы Москва өз талаптарын Киевге тапшырганын маалымдады. Эми Украина бул документти бир жумада изилдеп чыгат жана андан аркы кадамдарын аныктайт.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Киев Украинадан күч менен чыгарылып кеткен жүздөгөн балдарды жана туткундарды кайтарууну талап кылууда жана алардын тизмесин Орусияга тапшырды. Украина мындан тышкары абалы оор, 19-25 жаштагы жаш жоокерлерди "баары баарына" форматы менен алмашууну жана каза болгондордун сөөктөрүн бири-бирине өткөрүп берүүнү сунуштады.

Украин делегациясы Орусия жана Украина президенттеринин жолугушуусун АКШ президенти менен бирге өткөрүүнү да сунуштап, бул саммитти июнь айынын аягына белгилөөнү демилгеледи.

Украина делегациясынын мүчөсү, Тышкы иштер министрлигинин орун басары Сергей Кислица Орусия өзүнүн меморандумун Киевге биринчи жолу ушул жолугушууда тапшырганын эске салды.

"Орусия өзү бул документ менен кенен таанышып чыгышыбызды сунуштады", – деп кошумчалады ал.

Ал арада Financial Times гезитинин журналисти Кристофер Миллер украин меморандумунун текстин жарыялады.

Ал беш бөлүктөн турат: негизги принциптер жана сүйлөшүү жараяны; ок атышууну токтотуу келишими жана [Орусия жана Украина] лидерлеринин жолугушуусуна даярдыктар; ок атышууну токтотуу; ишенимди бекемдөө чаралары; лидерлердин жолугушуусу.

Документте негизинен Украина мурда ачык жарыялап келген талаптар камтылган. Маселен, абада, кургакта жана деңизде 30 күнгө толук жана шартсыз ок атышууну токтотуу (узартуу мүмкүнчүлүгү менен) талабы киргизилген.

Ошол эле учурда меморандумда өзгөчө көңүл бурууга арзый турган бир катар пункттар бар. Маселен, алардын биринде Украина коопсуздук кепилдиктерин талап кыла турганы жана "бейтарап макамда калууга милдеттенме албай турганы" так жазылган.

Тактап айтканда, Киев НАТО же Европа Биримдиктин мүчөлүгүнө умтулууга укуктуу экенин белгилейт. Мындан тышкары украин армиясына же Украинанын аймагына дос мамлекеттердин контингенттерин жайгаштырууга эч кандай чектөөлөр киргизилбеши керек.

Кремль Украина НАТОго кирбей турган болсо, "жаңжалдын түпкү себептери жок болорун" бир нече жолу билдирген.

Меморандумдун башка бир бөлүгүндө Киев Москвага карата киргизилген айрым санкциялар акырындык менен алынат дегенге макул экени айтылат. Ошол эле маалда snapback sanctions деп аталган механизмди киргизүү сунушталган (мындай механизм азыр БУУнун Иранга каршы санкцияларында колдонулат). Бул жарашуу шарттары бузулган учурда Москвага каршы санкциялар дароо кайра калыбына келтирилет дегенди билдирет.

Сүйлөшүүдөн кийин Москва кандай билдирүү жасады?

Орусия делегациясынын башчысы Владимир Мединский сүйлөшүүлөрдөн кийин орусиялык маалымат каражаттарына берген маегинде Москванын меморандуму эки бөлүктөн турарын айтты. Биринчиси, узак мөөнөттүү тынчтыкка жетүү жолдору, экинчиси, ок атышууну толугу менен токтотуу үчүн керектүү кадамдар. Экинчи бөлүктө бир нече ыкма каралганын белгилеп, бирок алар жөнүндө кеңири маалымат берген жок.

Мединский сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасынын алкагында бир нече "практикалык маселе" чечилгенин билдирди.

Алардын арасында Украин тарапка 6 миң аскердин сөөгүн өткөрүү маселеси бар. Орус делегациясынын башчысы бул келерки жумада ишке ашат деп күтүлүп жатканын кошумчалады.

Мединский Орусия менен Украина көп сандагы туткундарды алмаштыруу боюнча макулдашканын ырастады.

Оор жаракат алгандарды, катуу ооруп жаткандарды, ошондой эле 19 жаштан 25 жашка чейинки жоокерлерди "баарына баары" принциби менен алмашуу пландалууда. Анын айтымында, бул үчүн эки тарап медициналык комиссияларды түзөт жана мындай алмашуулар туруктуу мүнөзгө ээ болот.

Ошол эле учурда Москва Киевдин толук жана шартсыз ок атышууну токтотуу сунушун четке каккандай. Владимир Мединскийдин айтымында, Орусия сөөктөрдү чогултуп кетүү үчүн Украинага "фронттун айрым тилкелеринде 2–3 күнгө" ок атышууну токтотууну сунуштаган.

Владимир Мединский ошондой эле Украина тапшырган 339 баланын ысымдары жазылган тизмени көрсөттү. Ал Киев "балдар маселесин шоуга айлантып жатат" деп билдирди.

The Economist басылмасынын кабарчысы Оливер Кэрролл X баракчасына жазгандай, Украина депортацияланган жүздөгөн балдардын тизмесин тапшырып жатканда Владимир Мединский "баласы жок европалык кемпирлер үчүн спектакль көрсөтпөгүлө" деп жооп берген.

Financial Times басылмасы билдиргендей, жолугушуу учурунда делегациялар кол алышкан эмес.

Айыгышкан кармаш маалына туш келген сүйлөшүү

Сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы Орусия менен Украинанын бири-бирине болгон чабуулдары күчөгөн шартта өттү.

1-июнда Украинанын Коопсуздук кызматы "Желе" аттуу кеңири масштабдагы операция жүргүзүп, анын алкагында украин дрондору Орусиянын Иркутск жана Мурманск облустарындагы аскердик аэродромдорду бутага алган. Би-Би-Синин украин кызматынын өз булагы булагы билдиргендей, бул чабуулдарда 40тан ашык орус учагы талкаланган. Орусиянын Коргоо министрлиги бир нече авиациялык техника күйүп кеткенин тастыктаган, бирок так санын атаган жок.

Акыркы эки жума ичинде Украина дрондор менен Орусиянын аймагына эки ири чабуул жасады. Орусия Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 28-майга караган түнү 13 облуста 296 дрон атып түшүрүлгөн, ал эми 20-22-май аралыгында 485 дрон жок кылынган.

1-июнда Орусия Украинадагы Днепропетровск облусунда жайгашкан окуу полигонуна ракетадан сокку урган. Анын кесепетинен 12 адам каза болуп, 60тан ашык киши жаракат алды.

20-майда Орусия Сумы аймагындагы аскер бөлүгүнүн ок атуучу жайына сокку уруп, кеминде алты украин аскери набыт болгон.

Орусия өткөн дем алыш күндөрү Украинага үч түн бою жапырт сокку уруп, 1000ге жакын учкучсуз учактарды, баллистикалык жана канаттуу ракеталарды колдонду. 25-майга караган түнү жасалган чабуулда 12 киши каза болуп, дагы 60тай адам жаракат алган.