Ливияда борондон 150 киши көз жумду, дагы миңдеген киши курман болушу мүмкүн

“Даниэл” бороонунан кийин Шаххат шаарында сел жүрдү.

Сүрөттүн булагы, REUTERS

Published

Ливиянын Кызыл жарым ай коому "Даниел" бороонунан улам өлкөдө 150дөн 200гө чейин киши каза болгонун билдирди. Анткен менен Ливиянын чыгышындагы райсмий таанылбаган өкмөттүн лидери курман болгондордун саны “2000ден ашканын” билдирди.

"Дэниел" бороону жекшемби күнү өлкөнү каптап, бийликтер өзгөчө кырдаал жарыялап, эл аралык жардам сураган. Киренаика аймагы апаат зонасы деп жарыяланды.

Каза болгондордун саны бир кыйла өсүшү мүмкүн, анткени кээ бир шаарлар менен азырынча байланыш жок.

Сүрөттүн булагы, REUTERS

Аль-Жазира телеканалынын айтымында АКШ-Ливия карым-катнаштары боюнча Улуттук кеңештин төрагасы Хани Шенниб Дерна шаарынын дүйнө менен байланышы толугу менен үзүлгөн деп билдирген. Жүз миңдей киши жашаган шаарда каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн.

"Интернет байланышы жок, электр жарыгы жок ... Шаарда болгон кырсыктын масштабы мүнөт сайын өсүп жатат", - деди Шенниб Аль-Жазирага.

Анын айтымында, бороондун кесепетинен суунун агымы капыстан кескин көбөйүп, шаардын негизги дамбасын бузуп кеткен. Ал ошондой эле "ал жерде болуп жаткан окуялар тууралуу дүйнөгө маалымат берүү" кыйын экенин кошумчалады.

REUTERS

Сүрөттүн булагы, Азырынча инфраструктурага канчалык зыян келтирилгени так белгисиз.

Өлкөнүн чыгышында Дернадан башка Бенгази, Сус жана Аль-Мадж шаарлары да бороондон жабыркаган.

Куткаруу иштери жүрүп жаткан учурда Ливия армиясынын жети аскер кызматкери жайынсыз жоголгон.

Ливиянын чыгышында өкмөт коменданттык саат киргизип, мектептер менен дүкөндөрдү жабууга буйрук берди.

Жүз элүү адам каза болгону тууралуу айтылгандан кийин өлкөнүн чыгыш бөлүгүнүн премьер-министри Усама Хамад ливиялык телеканалга “дайынсыз жоголгондор миңдеп саналат, ал эми өлгөндөрдүн саны эки миңден ашат” деп билдирген.

“Дернада бүтүндөй кварталдар тургундары менен кошо жок болушту ... аларды суу алып кетти”, — деп билдирди Хамад, бирок ал мындай маалыматтарды кайдан алганын тактаган жок.

Чыгыштагы райондордон сырткары селден Мисрата шаары да жабыркады.

Интернетте текшерилбеген видеолор жарыяланып, алардын биринде адамды шар суунун агымы агызып кетип баратканын көрүүгө болот. Ал эми башкаларында айдоочулар унааларынын үстүнө чыгып жан сактап жатышканы тартылган.

Дернада жергиликтүү бийликтер каза болгондордун саны эки миңден ашышы мүмкүн экенин айтып жатышат.

Сүрөттүн булагы, REUTERS

Бороондон улам мектептер менен дүкөндөр гана эмес, төрт ири мунай порту да жабылды.

Ливиянын чыгышын Бенгазиде жайгашкан администрация көзөмөлдөп турганы менен, борбор шаар Триполидеги эл аралык коомчулук тааныган өкмөт да бороондун кесепеттерин жоюуга катышып жатат.

Көтөрүлүш болуп, Муаммар Каддафи НАТОнун колдоосу менен 2011 жылы кулатылгандан кийин Ливияны эки каршылаш администрация бөлүп алган.

Эки өкмөт тең “Даниэл” бороонунан соң үч күндүк аза күтүү жарялады.

Дерна шаарына жакын жерде, деңиз жээгине сүрүлгөн автоунаалар.

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES

Өткөл жумада ушул эле бороон Грецияны, Түркияны жана Болгарияны каптап, ондон ашуун адамдын өмүрүн алган.

Быйыл жайда Европанын түштүк бөлүгү бир нече экстремалду аба-ырайынын кубулуштарын, анын ичинде рекорддук аптапты жана токой өрттөрүн башынан өткөрдү.

Экстремалдык аба ырайынын кеңири жайылышындагы климаттын өзгөрүшүнүн ролун изилдеген дүйнө илимпоздорун камтыган World Weather Attribution изилдөөсүнүн авторлорунун айтымында, адамдын таасири болбосо, бул жайдагы окуялар өтө сейрек кездешмек. (DО)