You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Аларды эч ким бөлө албайт". Саясатчылар тандемдин ыдырашы жөнүндө эмне дешет?
Бүгүн, 11-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Оштогу №18 Көкүм-Бий балдар бакчасынын ачылуу аземинен соң Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынгандыгына байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Ал Камчыбек Ташиев учурда Германияда дарыланып жүргөнүн, акыркы чечимдерге байланыштуу аны менен сүйлөшкөнүн айтты.
"Ден соолугу жакшы экен. Жүрөгүндө беш стенди бар. Ошонун бирөө жылып кетиптир. Президенттен уруксат сурагамын деди. Германияга барып 15 күн даарыланып стендди ордуна койдуруп келейин дегемин деди. Анан бир аз таарынычын айтты. Эң өкүнүчтүүсү өздүк курам менен коштошо албай калганым болду деди. Бул эми эки достун өздөрүнүн мамилеси. Мен ойлойм, чакырып өздүк курам менен сүйлөштүрсө керек, коштоштурса керек. Эми ал жагын өздөрү билет. Бизге караңгы. Биз Ош шаарын оңдо дедиңер, оңдоп жатабыз. Камчыбек Ташиевдин Кыргызстанга качан келишин билбейм, буйруса келип калат. Мен президенттин чечимине макулмун. Эгер азыр кетесиң десе, дароо арыз жазып кеткенге даярмын".
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин санаалашы жана тарапташы болот. Ал Жапаров-Ташиев мамилесин саясатташтырбоого чакырды.
"Мен Камчыбек Ташиевдин кадры болом. Ал киши менин досум болот. Президентибиздин жеке көзөмөлүндөгү маселе. Булар ажырагыс достор. Нан тиштешип, кан тиштешип, Куран кармап дос болушкан. Мен муну коомчулук жөн эле (дүрбөтүп) салды ойлоп жатам. Буйруса, Камчыбек Кыдыршаевич келсе, кандай болот, аны өздөрү сүйлөшөт. Ал - эки достун мамилеси. Аны эч качан саясатташтырбаш керек".
Эртең менен да берген комментарийинде Жеңишбек Токторбаев "аларды эч ким бөлө албайт" деп жооп берген.
Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев Жогорку Кеңештин 11-февралдагы жыйынында атайын убакыт алып, президент Садыр Жапаров менен кызматынан алынган Камчыбек Ташиев тууралуу сөз кылып, мамлекеттеги саясий кырдаалга токтолду.
"2006-жылдары Кыргызстанда жаңы партия түзүлгөндө, аты "Ата журт" болгон, аны түптөгөн кишилер - Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев. Биз алардын артында, экинчи катарда турганбыз. Мен Садыр Жапаровго да, Камчыбек Ташиевге да өмүрүмдө калп айткан эмесмин. Бул менин принцибим. Мен түнү менен ойлонуп чыктым, президентибиз Садыр Нуркожоевич жанагы чечимден кийин да жакшы уктабады, Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев дагы ооруп жатат. Ал дагы кечээ кыйналды. Мен экөөнөн тең улуумун, жоопкерчиликти алып, өзүмдүн атымдан айтып кетким келет: бирөө бүткүл эл шайлаган президент, Камчыбек Ташиев - Кыргыз эл баатыры. Экөө биригип, чек ара маселесин чечти, экономиканы абдан өстүрдү. Мен алтынчы чакырылышта депутат болуп иштеп турганда бюджет 2 миллиарддан ашчу эмес. Азыр чыгаша бөлүгү 10 миллиардга чыгып кетти. Бул беш жылда болуп жаткан көрүнүштөр. Мамлекет жакшы нукта баратат, өнүгүп жатат. Жумушта, өндүрүштө түшүнбөстүк, андай – мындай нерселер болуп калат. Мен эки досумду чакырат элем: баары жакшы болот, баарыбыз бир болобуз, алдыга койгон максаттарга жетебиз, экөө тең кыргыз элинин патриоту, экөө тең эл дегенде, журт дегенде ичкен ашын таштап, чуркап кетет. Биз дагы, парламент ушул күндөрү бөлүнбөй-жарылбай, ынтымакта бир туруп койсок. Мен Кыргызстан кубаттуу мамлекет болот, элибиз-журтубуздун турмушун оңдоп, бардык максаттарга жетебиз деп ишенем", -деди Умбеталы Кыдыралиев.
Президент Садыр Жапаров 10-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Камчыбек Ташиев Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордунан бошотулган.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Ташиев менен Жапаровдун мурдагы санаалашы Жылдызкан Жолдошева да "Фейсбукка" акыркы саясий жагдайлар боюнча кыска пикирин жазды.
"Аттиң... Экөөнүн ортосунан кара мышык эмес, керек болсо ак мышык да өтпөшү керек эле... Ал эми Камчыбек Кыдыршаевичке бекем ден-соолук каалайм"? – деди Жылдызкан Жолдошева.
Бул арада саясатчы Азимбек Бекназаров Камчыбек Ташиевдин отсавкасы боюнча Би-Би-Сиге комментарий берип, бул күтүүсүз окуя болбогонун, алдыдагы шайлоону утурлай, президенттин мөөнөтү тууралуу маселе чыккандан бери оюн башталганы коомчулукка сезилип эле жатканын айтты.
"Мындай ары окуя кандай өнүгөт деген суроо генерал Ташиевдин жүрүм-турмуна байланыштуу болот. Кызматтан кетүү - кадыресе көрүнүш. Кыргызстандын 35 жылдык тарыхында бул болуп келген. Бирок кызматтан кеткен үлкөндөп ызы-чуу салса, туура эмес. Мен генерал Ташиев акыл-эстүү киши деп ойлойм. Башынан көп кыйынчылык өткөн. Тополоң эмне экенин билет. Экинчиден, Садыр Жапаров экөө дос. Алты жылдан бери мамлекетте болгон ийгиликтер да, кемчиликтер да үчүн экөө тең жооптуу. Тарых алдында да, эл алдында да. Досу менен достой сүйлөшүп алышы керек. Президенттин кимди кызматка дайындаса, ошону кайра кетиргенге конституциялык укугу бар. Бул үчүн эч ким аны жемелей албайт, эч кимдин макулдугунун кереги жок. Алдын ала эскертей кетирип жиберди деген сөздөргө келсек, бул маселенин моралдык жагы. Достор достой сүйлөшүп алышы керек", - деди Азимбек Бекназаров.
11-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы иштен алынгандан кийин үн каткан. Анын кайрылуусу делген билдирүүнү Ташиевдин жакын адамдарынын бири деп эсептелген Нургазы Анаркулов 11-февралда Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган.
"Мен ооруп калып, президенттин уруксаты менен Германияга келгем. Себеби мурдагы операция болгон жерге көрүнүүгө туура келди. Бирок, кечээ мени жумуштан алышыптыр. Мен үчүн өтө күтүүсүз болду. Кандай болгон күндө да президенттин чечимин аткарууга милдеттүүбүз. Мамлекетибиз, эли- журтубуз, президентибиз алдында ак кызматымды өтөдүм жана сыймыктанамын! Бир гана жеке курам менен коштоштурбай койгону өкүндүрөт! УКМКнын ар бир кызматкерине ыраазычылык билдиремин,ийгиликтерди каалаймын! Ал эми өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк болушу үчүн эч ким, эч кандай мыйзамсыз иштерге барбашы керек жана ар бир аракетибиз мыйзам чегинде болот!" - деп жазылган кайрылууда.
Президент Садыр Жапаров 10-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Камчыбек Ташиев Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордунан бошотулган.
Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов Ташиевдин кызматтан алынышы боюнча президенттин комментарийин айтып берди.
"Президент Садыр Нургожоевич бул чечими боюнча кыскача эле: "Эң биринчи кезекте Мамлекетибиздин кызыкчылыгында, коомчулукта, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөр ортосунда да бөлүнүп-жарылууга жол бербей, тескерисинче биримдикти чыңдоо максатында кабыл алдым",-деп гана түшүндүрдү", - деген Аскат Алагозов.
Көп өтпөй, Аскат Алагозов кайра дагы бир жолу кененирек маалымат берди: "Президент Садыр Нургожоевич "...Коомчулукта, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөр ортосунда да бөлүнүп-жарылууга жол бербей, тескерисинче биримдикти чыңдоо максатында кабыл алдым",- дегенде Камчыбек Кыдыршаевичти айткан жери жок. Кеп, Камчыбек Ташиевдин атын жамынып алып Жогорку Кеңештин депутаттарынан баштап, коомдук ишмер, интеллингенция өкүлдөрүнө чейин телефон чалышып, "Генерал жакка өткүлө, буга кол койгула, мындай кылалы, тигиндей кылалы" деп ар кимди ар кыл аракеттерге шыкактап, бул аракеттери менен коомчулук ичинде, анын ичинде Жогорку Кеңеш өңдүү мамлекеттик түзүмдөрдөгү жооптуу кызматтагылардын арасында начар жагдайдын жаралышын шарттаган Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев өңдүүлөр жөнүндө сөз болууда. МинКаб Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан бошотулушу боюнча буга чейин журналисттерге берген комментарийимди бурмалагандар же туура эмес түшүнгөндөр болуп жаткандыктан тактоо киргизүүнү туура көрдүм".
Ташиевдин тарапташтарынын бири, журналист Өткүрбек Рахманов Би-Би-Сиге Камчыбек Ташиев Германияда дарыланууда жүргөнүн, кеткенине 2-3 күн болгонун айтты. Рахмановдун маалымдашынча, Ташиев кызматтан алынганын жарлык чыккандан кийин уккан.
57 жаштагы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун узактан берки үзөңгүлөшү катары саналып келет. 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин Жапаровдун бийликке келишинде негизги ролдордун бирин ойногон саясатчы катары белгилүү. Ал 2020-жылдын 16-октябрынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп иштеп келген. Аны бул кызматка Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турган учурда дайындаган. Мындан тышкары Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматын да аркалап келген.