Нурланбек Тургунбек уулу спикерликтен кетти, анын ордуна Маматалиев сунушталууда

    • Author, Макала жаңыртылууда
  • Published
  • Окуу убактысы: 2 мүнөт

Кыргызстанда жогорку кызмат адамдарынын алмашуусу уланууда. Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Тургунбек уулу төрагалыктан кетүү чечимин кабыл алганын парламенттин 12-февралдагы жалпы жыйынында жарыялады. Ал арада Тургунбек уулунун ордуна жаңы төраганы шайлоого талапкерлер сунушталууда. "Элдик" жана "Ала-Тоо" депутаттык топтору Марлен Маматалиевди спикерликке көрсөттү.

"Мени эки же бир адамга байлаган туура эмес"

"Бизде саясий маданият болуш керек. Эч кандай ызы-чуусу жок, ар кандай бүдөмүк ойлорго талкуу жаратпастан, бүгүн төрага кызматынан өз эрким менен кетүү чечимин кабыл алдым. Бул менин жеке чечимим. Мага эч ким кысым көрсөткөн жок. Сөздү көбөйтпөйүн дедим, бизде стабилдүүлүк болуш керек, президентибиз Садыр Нургожоевич баштаган саясий реформалар аягына чыгыш керек. Мамлекетчилдик сезим менен ушундай чечим кабыл алып жатам", - деди Нурланбек Тургунбек уулу.

Мунун алдында Нурланбек Тургунбек уулу Түркияда расмий сапарда жүргөндө өлкөдө саясий оош-кыйыштар болуп кеткенин, өзүнүн дарегине да бир топ сөздөр айтылып, ар түрдүү маселелер болгонун, бир-эки адамга эмес, жалпы кыргыз элине, кыргыз парламентине кызмат кыларын билдирди.

2025-жылы 17-декабрда жашыруун добуштун жыйынтыгында 84 добуш менен Тургунбек уулу Нурланбек Жогорку Кеңештин сегизинчи чакырылышынын спикери болуп шайланган.

10-февралда президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан алган. Учурда Германияда дарыланып жүргөнүн айткан Ташиев өз билдирүүсүндө кызматтан алынышы ага күтүүсүз болгонун билдирген.

УКМК төрагасы кызматтан алынгандан кийин эле парламент спикери да алмашат экен деген сөздөр чыккан. Ал күнү Нурланбек Тургунбек уулу Түркияда сапар менен жүргөн жана анын отставкасы тууралуу сөздөрдү парламенттин маалымат кызматы четке каккан.

Нурланбек Тургунбек уулу коомдо УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин санаалашы катары да белгилүү.

Эки депутаттык топ Маматалиевди сунуштады

Ал арада Тургунбек уулунун ордуна жаңы төраганы шайлоого талапкерлер сунушталууда. "Элдик" жана "Ала-Тоо" депутаттык топтору парламент депутаты Марлен Маматалиевдин талапкерлигин сунуштаганы белгилүү болду. Бул тууралуу вице-спикер Чыңгыз Ажыбаев 12-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында жарыялады.

"Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо жөнүндөгү маселе боюнча "Элдик" жана "Ала Тоо" депутаттык топторунун чечимдери келип түштү. Жогорку Кеңештин төрагалыгына талапкер – Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев. Аппарат кызматкерлери, аталган чечимди комитетке берип койсоңуздар, иштей беришсин", - деди Ажыбаев.

Спикерликтен кеткен Нурланбек Тургунбек уулунун таржымалы

Спикерликтен кеткен Нурланбек Тургунбек уулу Жалал-Абад облусунун Аксы районунда туулган, 48 жашта. Экономика жана агробизнес багытында адистикке ээ болгону менен эмгек жолун журналистикадан баштаган. 1996-жылдан тарта "Обон", "Учкун", "Эркин-Тоо" гезиттеринде редактордун орун басары, редактор кызматтарын аркалаган.

2004-жылы Нурланбек Тургунбек уулу (ал кезде Шакиев) мамлекеттик кызматка өтүп, Транспорт жана коммуникация министрлигинде басма сөз катчысы болуп иштеген.

2005–2006-жылдары "Эркин-Тоо" гезитинин башкы редактору болуп кайрадан медиа тармагына кайтып келген.

Тургунбек уулунун карьерасындагы секирик ушул жылдарга туура келет. Тактап айтканда, 2006–2009-жылдары мурдагы президент Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы болгон.

Кийин "ЭлТР" коомдук телерадиокомпаниясын жетектеген.

Ал 2010–2011-жылдары маданият жана маалымат министри да болгон.

Айрым маалыматтар боюнча, 2017-жылы түптөлгөн "New TV" телеканалынын негиздөөчүсү. Ал бул каналда башкы директор болуп да иштеген. 2019-жылы аталган каналда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин 70 жылдыгына арналган даректүү тасма көрсөтүлгөндөн кийин бул коомчулукта нааразылык жаралган.

Канал жетекчилери УКМКга "маектешүүгө" чакыртылган.

2021-жылы ал Аксы шайлоо округунан Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

2022-жылдын 29-мартында "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынын лидери болуп шайланып, ушул эле жылы 5-октябрда Жогорку Кеңешинин төрагасы болгон. Ал бул кызматка Талант Мамытовдун ордуна келген.