You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Ошто отуз төрт жаштагы келин беш баласы менен өрттөн каза тапты
Ош шаарынын Орозбеков 26 көчөсүндө бүгүн таңкы саат 3:30 чамасында турак үйдүн биринчи (жер төлөсүндө) кабатында өрт чыгып, алты адамдын өмүрүн алып кетти. Өрт өчүрүүчүлөр келген маалда 34 жаштагы келиндин жана анын беш баласынын сөөгү таанылгыс абалда табылган. ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгы билдиргендей, балдар 13, 11, 9, 6 жана эң кенжеси эки жашта болгон.
Окуя болгон жерге Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, укук коргоо органдары да барды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Алтынбек Абылаев Би-Би-Сиге билдиргендей, өрттүн келип чыгуу себептери такталууда:
"Өрт болжол менен 3:30 чамасында чыккан экен. Бирок бизге кошуналары кабарды таңга маал, тактап айтканда 05:54тө беришти. Себеби бул жер төлөсү бар, эки тарабында кошунасы жок үй экен. Өрттү таңга маал маңдай тарабындагы кошунасы байкаган. Өрт өчүрүүчүлөр окуя болгон жерге саат алтыда барышты. Өрт чыкканда аябай түтүн каптап, үйдүн ичиндегилер иске ууланып, турбай калышыптыр. Тилекке каршы, 34 жаштагы келин балдарын кучаткаган бойдон жатыптыр. Келин менен кошо үч кыз, эки уулу да каза болуп калды".