Коррупцияга шектелген Алексей Ширшов үй камагына чыкты
Бишкектин Биринчи май райондук соту 10-майда “коррупцияга” шектелген “Дастан” заводунун мурдагы жетекчиси Алексей Ширшовду 26-майга чейин үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды.

Сүрөттүн булагы, Social media
Ал арада президент Садыр Жапаров Алексей Ширшовдун кармалып, үй камагына чыгарылып жатышы боюнча Facebook баракчасында билдирүү жазды.
Жапаровдун айтымында, жарым жыл мурда ага Алексей Ширшов жардамчылары аркылуу байланышка чыккан.
Ширшов ага Максим Бакиевдин 200 миллион доллары катылган банкты тапканын, аларды Кыргызстанга кайтарса болорун, андыктан аны кабыл алуусун өтүнгөн.
Жапаров ал издөөдө болгондуктан аны кабыл алуу мүмкүн эместигин жооп кылган. Ошол эле убакта Баш прокуратура, УКМК, ИИМ жетекчилерине Ширшовго “2010-жылы кайсы жана кандай иштер боюнча кылмыш иши козголгонун билүү” үчүн тийиштүү тапшырмаларды берген. Натыйжада Жапаров Ширшовго карата козголгон кылмыш иши жок жана ал издөөдө эмес деген маалымат алган. Мындан улам, президент Ширшовду кабыл алууну чечкен. Садыр Жапаров 200 миллион долларды кайтаруу боюнча иштер башталганын билдирди. “Максим чыгарып кеткен акчалар кайда экенин дагы кимдер билсе, келгиле, мамлекетке жардам берсеңер камабайбыз. Мамлекеттин,элдин кызыкчылыгы үчүн пайдаланабыз жана кызматташабыз”,- деди президент.
Алексей Ширшов ким?
УКМК Ширшовду 9-майда Ысык-Көлдөгү “Аврора Плюс” эс алуучу жайдын аймагында жайгашкан мамлекеттик мүлктөрдү мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы боюнча козголгон иштин алкагында кармаган.
Атайын кызмат бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү жана жогорку кызмат адамдары түзгөн коррупциялык схеманын кесепетинен “Аврора Плюстун” 56 кымбат баалуу батири жана 27 коттежи мыйзамсыз менчиктештирилип кеткенин маалымдаган.
Тергөө бул кылмыштын негизги уюштуруучуларынын бири Алексей Ширшов болгонун белгилеген.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Алексей Ширшов бозгун президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин үзөңгүлөшү - ал 2010-жылга чейин өлкөнүн энергетика тармагынын “көмүскө кардиналы” болгону айтылган.
Ал 2007-жылдын декабрь айына чейин “Электр станциялары” ЖАКтын каржы маселелери боюнча директору, ал эми 2010-жылга чейин “Дастандын” башчысы болгон.
Ширшов 2010-ж. апрель окуяларынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Оппозициялык саясатчылар Бакиевдин маалында өлкөнүн энергетика тармагында “Ширшовдун коррупциялык схемалары” пайда болуп, жадагалса азыр деле иштеп келе жатканын айтып жүрүшөт.
Мындан сырткары, Алексей Ширшов электр энергиясын “өлүү жандарга” жаздыруу жана тендерлерди “өз кишилерине” утуп берүү схемаларынын автору экени айтылган.
Ал эми иликтөөчү журналисттер быйыл январда санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалган Талантбек Иманов Ширшовдун айдоочусу болгонун ачыкташкан.
Ошондой эле журналисттер министр бүгүнкү күнгө чейин Ширшовдун үйүндө жашап жатканын белгилешкен.
Имановдун талапкерлиги Жогорку Кеңеште каралып жатканда депутат Гуля Кожокулова ал “Ширшовдун кызыкчылыгына иштебейби” деген суроо узаткан. Иманов эч кандай кызыкчылык болбогонун, “Дастан” заводунда катардагы кызматкер болгонун айткан.
(ED EK)































