You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Түндүк Корея ракета аттырды. ТүркПАнын жыйыны.
28-сентябрь: Күндүн жаңылыктары
Бишкек шаарынын жылытуу сезонуна даярдыгы
Бишкек шаарынын мэриясында биринчи вице-мэр Максатбек Сазыкуловдун төрагалыгы алдында келе жаткан жылытуу сезонуна даярдык боюнча ыкчам штабдын кезектеги жыйыны өттү.
Штабдын мүчөлөрү электр энергиясын керектөө чеги боюнча иш-чаралардын планынын аткарылышы, калк тарабынан отун сатып алуу процесси жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акчалай компенсация төлөө, шаардагы экологиялык абалды жакшыртуу чаралары, атап айтканда, "Бишкектеплоэнерго" ишканасынын ЖЭБиндеги жана отканаларындагы электр чыпкаларын оңдоо иштерин талкуулашты.
Ошондой эле борбордун ЖЭБинен жана "Бишкектеплоэнергонун" от казандарынан атмосферага зыяндуу заттарды чыгарууну азайтуу боюнча туруктуу иштерди жүргүзүү зарыл экендиги белгиленди.
Казакстандын Түркстан шаарында ТүркПА жыйыны
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) 10-пленардык жыйыны бүгүн Түркстан шаарында башталды. Анын ишине Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов жетектеген парламенттик делегация катышууда.
Делегациянын курамында Жогорку Кеӊештин депутаттары Өмүрбек Бакиров, Жыргалбек Турускулов, Бейшеналы Нурдинов, Сайдулла Нышанов, Рыскелди Момбеков, Салайдин Айдаров, Шайлообек Атазов бар.
Программага ылайык, иш-чаралардын биринчи күнү Түркстан шаарындагы Ахмад Яссавинин музей-мемориалдык комплексинде зыярат кылуу менен башталды. Делегация "Этно-ауыл" комлексинде, "Улуу Дала Эли" борборунда болушуп, казак элинин каада-салты, үрп-адаты жана маданияты менен жакындан таанышты. Андан соң депутаттар "Фараб" китепканасында болушуп, Төрага Талант Мамытов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин атынан аталган китепканага Чыӊгыз Айматовдун 8 томдук чыгармалар жыйнагын белекке тапшырды.
Ушул эле күнү Талант Мамытов Казакстандын Парламент Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин менен жолугушту. (КС)
Түндүк Корея Жапон деңизинде ракета аттырды
Түштүк Кореянын куралдуу күчтөрү Түндүк Корея Жапон деңизинде ракета аттырганын кабарлады.
Шейшембиде эрте таңда атылган ракета Жапон деңизине түшкөн.
Бул айдын башында Түндүк Корея бул деңизде канаттуу ракеталарды жана баллистикалык ракеталарды аттырган.
Шейшембидеги ракета Түндүк Корея Түштүк Корея менен сүйлөшүүгө кызыкдар экендигин билдиргенден бир нече күндөн кийин атылды.
Жапон медиалары коргонуу министрин бул БУУ санкция салган баллистикалык ракета болушу мүмкүн деп айтканын белгилешүүдө.
Түштүк Кореянын Штаб башчыларынын бириккен комитетти АКШ менен бирдикте окуяга көз салып жатышканын билдирди. (CS)
Коронавирустан дагы эки киши каза тапты
Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө ушу тапта өлкөдө 1 миң 287 адам COVID-19 вирусу менен алышып жатат.
Соңку суткада илдеттин жаңы 58 учуру катталып, эки адам каза тапты. Жаңы бир мед кызматкерге да бул илдет жукканы тастыкталды.
Өткөн беш айдын ичинде коронавирустан 113 адам каза таап, эң көп өлүм Бишкек менен Ысык-Көл облусуна туура келүүдө.
Адистер өлкөдө коронавирус күчүн жоготуп, күнүнө жаңы жуктургандар саны азайып жатканын айтып жатышат. Бирок ошол эле убакта сак болуп, коргоону чараларын сактоого чакырышат.
“Коомдук саламаттык” программасынын директору Айбек Мукамбетовдун билдирүүсүндө коронавирустун кийинки толкуну ноябрь-декабрьга туура келиши мүмкүн. Көз карандысыз прогноздоо тобу учурда математикалык эсептөөлөргө негиздеп эпид кырдаалдын өнүгүш моделинин үстүндө иштеп жатышат. (EK)