Тайвандагы шайлоо жана Кытайдын опузасы

Published

Ушул ишембиде демократиялык Тайванда президенттик шайлоо болот. Аны Кытай "тынчтык менен согуштун ортосундагы тандоо" деп атады. Жарыштын күлүгүн Пекин "сепаратист" деп атап, эгер Тайван көз каранды болууга тырыша турган болсо, анда бирди көрө турганын эскертти. Эгер Кытай күч колдонууга барса, бүт дүйнөгө эң кесепеттүү кризис чыгышы ыктымал. Азыркы Украинадагы согуш, пандемия, 2008-жылкы финансылык кризис бул жакта эле калат.

Кытай тайвандыктарга кайрылып, ишкемби күнү өтчү шайлоодо негизги талапкерге добуш бербөөгө чакырды. Бээжин талапкер Уильям Лай Тайванды туура эмес жол менен каршылашууга, согушка алып барат деп эскертти.

Кытай Тайванды өз аймагынын бир бөлүгү катары көрөт. Тайвандын тышкы иштер министри Жозеф У шейшемби күнү Кытайга кайрылып, “шайлоого кийлигишпегиле" деп эскертти.

Тайван каякта?

Тайван — Кытайдын түштүк-чыгыш жээгинен 100 км аралыкта жайгашкан арал мамлекет.Ал биринчи чынжырдагы аралдар деп аталган аймакта жайгашкан, бул АКШнын тышкы саясаты үчүн абдан маанилүү аймактар экени белгилүү.

Эгер Кытай Тайванды басып ала турган болсо, кээ бир батыш эксперттеринин баамында, анын бийлиги Тынч океан аймагынын батыш жагында эркин чабыттап, АКШнын Гуам жана Гавайы сыяктуу алыскы аралдардагы аскердик базаларына коркунуч туудурушу мүмкүн.

Кытай өз кезегинде өзүнүн максаты жана ниети таза экенин билдирүүдө.

Тайван Кытайдан кандайча бөлүнүп калды эле?

Соңку жылдары Кытай менен Тайвандын ортосунда мамиле курчуган мүнөзгө өтүп баратат. Анын өзүнчө тарыхый себеби бар.

Булар Дүйнөлүк экинчи согуштан кийин бөлүнүп кетишкен. Ошол убакта материктеги Кытайда Гоминдань өкмөттүк аскерлери менен Кытайдын коммунисттик партиясынын күчтөрүнүн согуш жүрүп жаткан эле.

1949-жылы согушту коммунисттер жеңип, алардын лидери Мао Цзэдунь Пекиндеги бийликти алган.

Ал эми улутчул партия Гоминдань коңшулаш Тайванга качкан.

Гоминдань ошондон бери Тайвандын тарыхында эң көп жыл башкарган саясий партия болуп калды.

Азыркы убакта Тайванды эгемен мамлекет катары 13 гана (Ватикан да бар) өлкө тааныйт. Кытай башка өлкөлөргө Тайванды тааныбасын деп дипломатиялык кысым көрсөтүп келатат.

Тайвандын коргоо министри Кытай менен мамилелердин соңку кырк жылдан ичиндеги эң начар учуру болуп турганын айтууда.

Кытай дагы, Тайван дагы өздөрүн расмий түрдө бир чоң Кытай деп эсептешет. Тайван кошулууга такыр эле каршы эмес, бирок Кытай компартиясынын алдына баргысы келбейт.

Сурамжылоолорго караганда, тайвандыктардын 90% дароо эле биригүүнү каалабайт. Ошол эле убакта Тайванда көз карандылыкты жарыялоонун жактоочулары да дээрлик жок. Анда эле Кытай менен согуш дүрт этет.

"Кытайдын бир бөлүгү"

Би-Би-Синин Азия боюнча кабарчысы Руперт Вингфилд-Хейс Тайванга барып, элдин шайлоо алдындагы маанайып көрүп келди.

Бир убакта бул аралдын кай тарабына барбаңыз Чан Кайши́нин эстеликтерин көрүүгө болор эле.

Бүгүнкү күнү генерали́ссимустун эстелиги сейрек кездешет. Жүздөгөн эстеликтер Тайпейдин түштүгүндө дарыянын жээгинде жайгашкан паркта жашырылган.

94 жаштагы Фань Сюнь Чжун мурунку лидерге карата мындай мамиле болуп жатканына нааразы.

1949-жылы Фан жоокер болгон кезде, Кытайдан качып чыккан. Бирок өзүн кытаймын деп эсептеп келди.

“Тайван – бул провинция. Ал дале Кытайдын бир бөлүгү. Акырындап биздин ортобуздагы айырмачылык жоюлуп олтуруп, кийин биригебиз.”

Чан Кайши Тайванды чакан Кытайга айлантууга аракет кылган.

Мындагы адамдарды “тайвандык деген түшүнүк жок” деп окутушкан.

Чан Кайшинин килейген эстелиги дале Тайпейдин борборунда турат. Бирок анын тайвандыктарды Кытайдын жарандарына айлантуу демилгеси ишке ашкан эмес.

Бүгүнкү күнү мындагылардын 70 пайызы өздөрүн тайвандыкпыз деп эсептешет.

Алардын бири - 86 жаштагы Жон Чен. Ал Тайвандын көз карандысыздыгын колдоп, он жыл отурган.

Чан Кайшинин башкаруусуна каршы чыккан 140 миңдей тайвандык камакка алынган.

Жон өзүн дайыма тайвандыкмын деп эсептегенин жана абакта олтуруп кайра чыйралганын айтат:

“Мен өзүмдү кытай деп эсептебейм. Тайван кубаттуу өлкө, бирок Кытайдын коммунисттик партиясынын таасиринен улам биз көз карандысыздыкка жете албай келебиз. Мен ошентип эсептейм.”

Тайванда шайлоонун алдында жергиликтүү тургундар үчүн "Кытай менен кандай алакада болуш керек" деген беймаза суроо маанилүү болуп турат.

Бүгүнкү күнү эч ким, жадакалса Чан Кайншинин эски Улуттук партиясы да Кытай менен биригүүгө үгүттөбөйт.

“Ооба, мен тайвандыкмын, бирок менин ата-бабаларым кытайлык. Биздин каныбыз бир,”-дейт бул аял.

- Биригүү тууралуу эмне дейсиз?

- “Биз жакшы алакада болсок дейм. Чогуу акча тапсак болот.”

Тайван Кытайдан бир топ өзгөчөлөнөт. Өлкөдө ондогон саясий партиялар бар жана шайлоолор жандуураак өтөт.

Жарандар каалаган талапкерине добуш бере алышат. Жашоосун өздөрү тандашат жана көпчүлүгү өзгөрүүнү каалашпайт. (КС)