Пелосинин сапары: Кытайга кыр көрсөткөн Тайван

    • Author, Стивен МакДонелл
    • Role, BBC News, Пекин
  • Published

Эскалациянын эң биринчи коркунучу аны токтотуу кыйын экендигинде. Эми АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга баргандан кийин - бул Тайванга чейрек кылымда биринчи барып аткан америкалык эң чоң кызмат адамы - башкалар да анын жолун жолдоп чыгышпайбы?

Кытай өз кезегинде Тайванга жакын жерде чоң масштабдагы ири аскердик машыгуу өткөрүп баштады, бирок аны дагы кайта-кайта өткөргөнгө эмнеге болбосун? Кытай истребителдери аралга жакындап учкан сайын "нормалдуулуктун" жаңы стандарты түзүлүп атат. Кытайдын Элдик-боштондук армиясы эмдиги жолу мындан жакын барса эмне болот?

Пекиндин Тайван боюнча планы обочодо турбай, карым-катыш түзүү эле. Материктеги жаштар Кытай талашып аткан бул жикчил провинцияга барып келип атышат, ал эми Тайвандын ишканалары бүт Кытайдын аймагында иш алып барууда.

Бирок Кытайдын президенти Си Цзинпиндин каары күчөп, Тайбейге кысым мурдагыдан да катуу боло баштагандай.

Бийликтин жогорку эшелонунда милитаристтик тенденцияны жактагандар Пелосинин сапарын ичинен кудуңдап кабыл алды болуш керек. Анткени, Тайвандын айланасында аскердик оюндарды күчөтүш үчүн бул сонун шылтоо эмеспи. Кантсе дагы бул аралды күчкө салып басып алуучу күн акыры бир келет деп даярдык көрүлүп жатпайбы.

Балким, регионалдык туруктуулук үчүн эң чоң проблема - Тайван боюнча азыркы карманган жалпы позициянын жөн гана жымсалдоо экенинде. Бул чынында анткорлуктун эң чоң оюнуна окшойт.

Кытай азыркы учурда Тайванды өзүнүн аймагы деп санаган түр көрсөтүп келатат, бирок бул арал өзүнчө салык жыйнайт, өзүнчө өкмөтү бар, жарандарга өзүнүн паспортун берет, өзүнүн армиясы бар.

АКШ Тайванды көз каранды эмес мамлекет катары тааныбагандай түр көрсөткөнү менен, ага карабай жогорку технологиялык курал сатып атат. Маал-маалы менен жогорку кызматтагы саясатчысы расмий сапар болгон сыяктуу эле келип кетүүдө.

Демек, статус-квону кепилдеген бул шоу түккө турбайт.

Бирок дүйнө үчүн негизги коркунуч - Пекинде мына ушул кырдаалдын бузулушун каалагандар бар экенинде.

Ондогон жылдар бою Кытайдын коммунисттик партиясы көзөмөлдөгөн массалык маалымдоо каражаттары Тайванга карата канчалык катуу риторикада болуп келсе дагы, согуш идеясы анчалык жакын болгон эмес. Азыр андай эмес.

Көпчүлүк элдин оюн уксаңыз, президент Си бийликте турганда Тайванды басып алгысы келип жатат, ошону менен өлкөнү бириктирген лидер болуп өлбөс-өсчпөс даңкка ээ болот деген бекем ишенимде экенин билесиз.

Ал Кытай үчүн барган сайын баш оору жаратып жаткан Гонконгдун мөөнөтүнө жеткирбей эле тизгинин тартып койбодубу.

Президент Си бир нече айдан кийин ыйгарым укуктарынын тарыхый үчүнчү мөөнөтүнө өтө турган фактысы чынында кысымды көп деле жумшартпайт.

Эми ал Мао Цзедундан берки эки мөөнөт менен чектелген мурдагы лидерлерден айырмаланып, бийликте каалашынча кала бере турган болсо - анда аралды басып алууга шашуунун эмне кереги бар. Бирок күн сайын биз бул кооптуу чекке жакындап баратабыз жана тынчтыктан ошончолук алыстоодобуз.

Кытай пропагандасынын аскердик чечимге элдин колдоосун активдештирүүнү жактаган айрым бөлүгү чынында согуштун кесепети менен зыянын жеңил көрүп жаткандай.

Украинадагы конфликтти чагылдырууга катуу цензура коюлган шартта дагы, ал жакта болуп жаткандын чекесин көрүп турган кытайлар өзүнүн өлкөсү кандуу конфликтке аралашса эмне болорун ойлонушу керек.

Бирок улутчулдук - кубаттуу курал, жаңылыштык аларды бат эле ээлеп алышы мүмкүн.

Эгер Пекин Тайванга басып кирсе, мейли бүт армиясын салса дагы, ортодогу кысыктан өтүү абдан масштабдуу иш болот, андан кийин окопко бекинген, өзүнө ишенген, эркиндикти баалаган жана ал үчүн күрөшкөн душманга бет келет. Кытай армиясынын мээсине куюп, кол салууну актаган патриотизмге караганда бул маанилүү.

Мындай согуш узакка созулушу мүмкүн, Кытайды көп убакыт бою жек көрүндү кылып, экономикасын ойрондошу ыктымал. Кытайдын армиясы жеңген күндө да аралды басып алуу анда жашаган миллиондогон адамдардын кыжырын кайнатат.

Бул чоң алааматка алып келет, кытайдын баш калаасындагы акылдуу адамдар муну түшүнөт. (КС)