Шри-Ланка: президент өлкөдөн чыгып кетти, демонстранттар премьердин резиденциясын басып алышты

Published

Шри-Ланканын президенти Готабай Раджапакса шаршембиге чейин кызматтан кетем деген убадасын аткарбады. Анын ордуна премьер-министр Ранил Викрамасингхты мамлекет башчынын милдетин аткаруучу кылып дайындады. Ал өз кезегинде армияга өлкөдө конституциялык тартипти орнотууну буйруду. Бийликке нааразы болгон демонстранттар аскер менен полициянын тосконуна карабай, аны резиденциясына кирип барышты.

Шри-Ланкада бир топ күндөн бери басылбай жаткан массалык каршылык акциялары президентти өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур кылды. Шейшембиде Раджапакса жубайы жана кайтарган адамдары менен аскердик учакка отуруп, Мальдивке кеткени кабарланды. Өткөн ишембиде бийликке нааразы болгон адамдар анын резиденциясына кирип баргандан кийин президенттин кайда экени белгисиз болуп жаткан.

Би-Би-Сиге жакын булактар билдиргендей, Шри-Ланкадан президенттин бир тууганы, мурдагы финансы министри Базил Раджапакса да чыгып кетти.

Шаршембиде парламенттин спикери президент Готабай Раджапакса өзүнүн отставкасы жөнүндө расмий билдирүү жасайт деп жарыялаган. Өлкөнүн жаңы президентин шайлоо 20-июлга белгиленип жаткан.

Бирок премьер-министр Викрамасингх телекөрсөтүүдөн элге кайрылуу жасап, каршылык акциясына чогулгандарды өзүнүн кеңсесинен жана башка мамлекеттк мекемелерден чыгып кетүүгө чакырып, аларды «фашисттер» деп атады.

 "Биз өзүбүздүн конституциябызды айрып салбайбыз. Биз фашисттерге бийликти басып алууга жол бере албайбыз. Биздин демократияга фашисттик коркунучту жок кылышыбыз керек»,-деди премьер-министр.

Каршылык акциясына чогулгандар эми Раджапакса президенттин милдетин аткаруучу кылып дайындаган премьер-министрдин отставкасын талап кылып башташты.

Шаршембиде активисттер аскердин тосконуна карабай, премьер-министрдин кеңсесин да ээлеп алышты. Полиция көз бууган газ колдонду, бирок демонстранттар баш ийген жок.

Акыры активисттер резиденциянын дарбазасын талкалап, ичкери кирп барышты.

Президенттин отставкасы өлкөдө бийликтин вакуумуна алып барышы мүмкүн. Өлкөнү чырмаган финансылык кризистен чыгыш үчүн өлкөгө иштеп турган өкмөт керек.

Жергиликтүү саясатчылар улуттук ишенимдеги жаңы өкмөт түзүү керектигин айтып жатышат, бирок алар биригип жатканынын эч кандай белгиси көрүнбөйт. Ошондой эле саясий күчтөрдүн чечимин эл кабыл алабы, бул өзүнчө маселе.  

Конституцияга ылайык, президент отставкага кеткенде, анын милдетин премьер-министр аткарып калышы керек. Премьер-министр президенттин парламенттеги орун басары дагы болуп саналат.

Бирок Ранил Викрамасингх  элде колдоосу жок саясатчы. Ишембиде каршылык акциясына чыккандар анын жеке менчик резиденциясын дагы өттөп салышты.

Ал биримдиктин өкмөтү түзүлсө өзү отставкага кетерин билдирди, бирок конкреттүү мөөнөттү айткан жок.  

Эксперттер убактылуу президенттин кызматына эң биринчи талапкер катары парламенттин спикерин айтып жатышат. Бирок ал дагы Раджапаксанын кишиси, эл ичинде көп колдоосу жок.

Шри-Ланка эгемендикти алгандан бери эң оор финансылык кризиске кептелди - күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баасы асман чапчып, инфляция 50%га жетти. Кризис башталгандан бери тоок жана эттин баасы 4 эсе кымбаттады, анын кесепетинен эл азыраак тоё тамактанбай калды. Тамак бышыруу чоң маселеге айланды. Жадагалса борбор калаада да отунга өтүүгө аргасыз болушкан. Анткени керосин баарына жетпейт, ал үчүн аягы көрунбөгөн кезекке туруу керек.

Күйүүчү май коомдук транспорт жада калса тез жардам унааларына да жетишсиз. Июнь айында бийлик эки аптага жарандарга күйүүчү май сатууга чектөө киргизген, бирок бул жаңы нааразычылыктарга жана баалардын мындан да кымбатташына алып келген. Май куюучу жайларды армия жана полиция кайтарат.

Ошол эле учурда мамлекеттин чет өлкөдөн күйүүчү май сатып алууга каражаты жок. Дары-дармектер жетишсиз, ал эми саламаттык сактоо системасы коллапстын алдында турат. Мектептер жабык, көптөгөн жарандар ресурстарды үнөмдөө үчүн үйлөрүнөн иштеп жатышат. (КС)