Орус аскери Харьковго үстөкө-босток сокку урууда

Published

Джонатан Бил, Би-Би-Синин коргонуу жаатындагы кабарчысы

Орус аскери өткөн аптада Украинанын түндүк-чыгышындагы чек арасын кесип өткөн учурда, президент Путин азырынча Украинанын экинчи ири шаары Харьковду басып алуу ниети жоктугун билдирген болчу. Орусия аймакка басып киргенден бери Харьковдун тегерегине тынбай чабуул жасалууда.

Путин Кытайга жасаган сапары учурунда орус аскери чек арадагы аймагын коргоо максатында чабуулга өткөнүн белгилеген эле. Би-Би-Синин коргонуу жаатындагы кабарчысы согуш талаасына барып келди.

Липцы кыштагынын чети, орустар жакындап калышты.

Украин позициясына жасалган ракеталык чабуулдан өрт дүрт этти.

Бизге тезинен бункерге жашынгыла деп айтышты.

Кошумча жардамга келген украин күчтөрү мында баш калкалоодо.

Бир жума мурда булар фронттун башка жерлеринде согушуп жаткан эле.

Андрей мага абал чыңалып, тез өзгөрүп жатат деп айтты.

Жоокерлер дрондон байкоо салып, кыжаалат болуп кийинки чабуулду күтүп жатышат.

Андрей мага кетиш керектигин айтты.

Анткени, алар душман күчтөрүнүн жылып келе жатканын көрүштү.

Алар артиллериялык сокку урууга багыт берип жатышат. Алар бизге "кеткиле, бул аймак кооптуу" дешти, биз кетүүнү чечтик.

Фронттон ыраактагы талаа госпиталында дарыгерлер жарадар болгон Викторду карап жатышат. Миномет жарылганда анын манжаларын жулуп кеткен.

Ал башка жоокерлер менен бирге орустардын бир нече чабуулунун мизин майтарууга катышты.

Буларда курал да, адам саны да аз эле.

"Аларда эмне кааласа баары бар, бизде согушууга эч нерсе жок. Бирок биз колдон келгенин жасап жатабыз",- дейт Андрей.

Украина ок-дары жетишпей кыйналып жатат, бирок президент Зеленский учурда бул көйгөй чечилип жатканын айтууда.

Волчанск шаарынын четиндеги артиллериялык топ совет доорунан калган эски танкалар үчүн снаряддардын кезектеги партиясын алышты.

Орусия бул жаңы чабуулун баштаганда, Украина Харьков облусунун башка чегинен аскер тартып келүү менен фронтту кармап турат. Бул жоокерлерге жаңы милдет коюлду.

Алар орустардын чек арадан ушунчалык оңой өтүп келгенине нааразы болууда.

“Биз кандайдыр бир коргонуу жасап, көбүрөөк адам өмүрүн, айылдарды алсак болмок. Эми кайрадан ал жерлер үчүн согушуш керек. Көбүрөөк ресурс кетет. Биз жыгач жана бетонду колдонсок болмок. Эми ал жерди кайтарып алуу үчүн снаряд жана адамдарды ишке салышыбыз зарыл",-дейт Михайло аттуу жоокер.

Харьковду коргой турган чептер жасалган, бирок бул коргонуу сызыгы чек арадан бир топ алыс, орус артиллериясы жетпей турган жакта курулган.

Ал абалды өзгөртө албайт.

Андан ары чыгышта орустар күч алып жаткан жерде Украина кошумча коргонуу чептерин куруп жатат. Бул мындан да артка чегинүү керек болорун моюнга алуу.

Бирок орус тилкелерине ушунчалык жакын жерде окоп казуу оор жана кооптуу – аны биз өз көзүбүз менен көрдүк.

Орустардын бомба таштаган дрондору үстүбүздөн учуп, буталарды издеп жатканда, бизге кайрадан "жашынгыла!" деп айтышты.

Ал өтүп кеткенде жеңилдегениң дароо сезилет.

Бул согушта жашынуу кыйын болуп баратат --- душман ар бир кыймылыңды карап турат.