Жогорку Кеңеш баш мыйзамдын жаңы долбоорун кандай бекитишти билбей жатат

Published

Кыргызстанда Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо кезеги парламентке келди. Эки күндөн бери депутаттар конституциялык кеңешме даярдап берген долбоорду карап жатат. Бул долбоорго адегенде депутаттар өздөрү демилгечи болгон, бирок азыр аны кантип кабыл алыш керек, өзгөртсө болобу деген укуктук-процедуралык маселелерге барып такалып, бейшембидеги жалпы жыйынына чогулбай да калды.

Октябрдагы массалык тополоңдон бийлик алмашып, январда жаңы президент шайлангандан кийин саясий элита эми конституциялык реформаны баштады. Конституциялык кеңеш баш мыйзамдын долбоорун даярдап, Жогорку Кеңешке бергенине он күндөн ашты. Долбоор парламенттин сайтына бакыйып талкууга коюлду. Конституциянын жаңы долбоорун караганга депутаттардын чолоосу жаңы эле тийди. Бирок депутаттар өздөрүнүн алымча-кошумчасын киргизсе болобу деген маселеге барып такалды. Депутат Каныбек Иманалиев жаңы долбоорду регламент боюнча тармактык комитеттерде кароого өтүүнү сунуш кылды.

Январдагы референдумда эл президенттик башкарууну тандагандан кийин да, мурда да Садыр Жапаров аткаруу бийлигинин жоопкерчилигин өзү көтөрө турганын билдирип жатты. Ошол себептүү жаңы долбоордун концепциясы президенттик башкаруу түрүнө негизделди. Долбоор боюнча премьер-министр кызматы жоюлат, өкмөт менен президенттин аппараты биригет, аны президент өзү башкарат. Бирок министрлер кабинетин президенттин аппарат жетекчиси башкарат. Бирок бул экөөнүн иш табияты эки башка дешет. Дал ушул маселеде депутаттардын пикирлери ар башка чыгууда.

"Импичмент мүмкүн эмес"

Бийликти тең бөлүштүрүү качан болбосун, кай жерде болбосун оңой-олтоң чечилген маселе эмес. Азыр дагы президент менен парламенттин ортосундагы бийликти тең салмак бөлүштүрүү талкуудан башы чыкпай аткан убагы.

Жергиликтүү эксперттердин айтымында, Кыргызстанды буга чейин башкарган президенттер жоопкерчилик көтөрбөй, өкмөттү садага чаап алмаштырып башкарып келди. Алардын үчөөн бийликтен кубалап кетиришке туура келди. Ошондуктан президент өзү жүргүзгөн саясатка бардык жоопкерчиликти көтөрсүн деп атышат, бирок ал ажыдаарга айланып кетпеш үчүн анын тизгигнин тартып кое турган күч болуш керек Жогорку Кеңеште. Долбоор боюнча президентке импичментти парламент депутаттардын үчтөн экисинен кем эмес санда гана жарыялай алат. Буга президент өзү дайындаган баш прокурордун макулдугу жана Конституциялык соттун корутундусу керек. Депутат Евгения Строкова жаңы долбоорду "монархиянын конституциясы" деп атады. Ал эми Аида Касмалиева президентке импичмент кылуу такыр мүмкүн эмес дейт:

"Биринчиден депутаттардын жарымы макул болуш керек (туурасы - үчтөн экиси-ред). Баш прокурор менен Конституциялык соттун корутундусу керек. бул такыр эле мүмкүн эмес. Мындай шартта алганда, реалдуулукту алганда. Эгерде жанагы баланс болбосо, импичмент такыр мүмкүн эмес".

Кыргызстандын азыркы Конституциясында анын жаңы долбоорун кабыл алуунун жол жобосу көрсөтүлгөн эмес. Ага алымча-кошумча киргизүү тартиби гана көрсөтүлгөн. Ошондуктан болуп жаткан талкуу, берилген сунуштар парламенттин регламентине туура келеби деген өзүнчө суроо жаралды.

Ошол себептүү, балким, жаңы долбоорду кандай кабыл алуунун мыйзамдык тартибин тактап ала элек болгон үчүн бүгүн парламент жалпы жыйынга чогулбай калгандай.