Коронавирус: абактар тууралуу ачык маалымат жок

    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Укук коргоочулар абактарда коронавирус бар деп шек санап, ачык маалымат берилбегенин сындап жатышат. Жакында эле тергөө абагында иштеген бир кызматкерден коронавирус табылганы расмий кабарланган. Бирок Жаза аткаруу кызматы муну четке кагууда.

Жабык жайлардагы жеңил жаза алгандар менен жашы өтүп калгандарды, оорулууларды бошотуу талаптары коюлуп келүүдө.

Абактардын баарында карантин жарыяланган. Кармалып тургандардын жакындары жана башка адамдар кабыл алынбай турганы эскертилген.

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары өкмөттөргө кайрылып, коронавирус жуктуруу коркунучунан улам, жашы өтүп калгандарды, оорулууларды жана жазасы жеңилдерди бошотууга чакырган.

"Көп мамлекеттерде мындай жайлар толуп калган жана зарыл гигиена менен ден соолукту сактоого шарттар жок", - деген БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет.

Ушундай эле мазмундагы билдирүүнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму таратып, "абактарда аралыктак сактоо мүмкүнчүлүгү жок" экенин белгилеген.

Кыргызстандагы "Кыйноого каршы коалиция" жазгандай, убактылуу тергөө абактарында коронавирустун тароо коркунучу бар. Анткени тергөө иштери уланып жатат.

"Бизге №1 тергөө абагындагылардын туугандарынан дене табы көтөрүлүп жатат деген көп маалымат түшүп жатат. Биз да, туугандары да кирбегенден кийин чыныгы абал кандай экенин билбей жатабыз. Жаза аткаруу кызматы маалыматты жетиштүү бербей жатат", - деди коалициянын аткаруучу директору Индира Саутова.

"Кыйноого каршы коалиция" жабык жайлардагы бардык эле жарандар коронавирусту жуктуруу коркунучундагы топ деп эсептейт. Анткени бул жайлардагы адамдардын иммунитети түшкөн, медициналык тейлөө сырттагыдай эмес. Мындай жерде башка вирустар да тез жайылат деп саналат.

Тергөө абагында вирус болгонбу же жокпу?

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги №1 тергөө абагында бир кызматкерден коронавирус тастыкталганын билдирди.

Бирок Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси министрликти такталган маалыматты таратууга чакырып, өз кезегинде дары-дармек, анализдин тести менен толук камсыздабайт деп министрликти сындады.

Жаза аткаруу кызматы тараткан маалыматка ылайык, коронавируска шектелген аял канцелярияда гана иштеп, камактагылар менен байланышта болгон эмес. Аны менен байланышта болду деп, 13 киши обсервацияга жаткырылганы айтылган. Алар тууралуу да азырынча маалымат жок.

Аталган мамлекеттик мекеменин кызматкеринен анализдин жыйынтыгы менен эки жолу вирусту тастыкталган. Үчүнчүсү терс чыкканын айткан.

"Жабык жайлардагы дарыгерлер Саламаттык сактоо министрлигине карабайт. Өзүнүн жетекчилигинин буйругуна баш ийип жатканын түшүнүп жатабыз. Бирок башкы дарыгери кенен маалымат беришин күтөбүз", - деп кошумчалады Саутова.

"Кой-Таш" окуясына байланыштуу камалган мурдагы президенттин күзөтчүсүнөн коронавирустун белгилери байкалып жатканын, текшерүүгө муктаж экенин жактоочулары жазды.

Укук коргоочулар тиешелүү мамлекеттик органдарга тергөө абагына кирип, мониторинг жүрүгүзүп чыгуу үчүн кайрылышкан.

Индира Саутова 13-майда түштөн кийин №1 тергөө абагына киришкенин кабарлады.

"Кыйноолорду алдын алуу" улуттук борбордун өкүлдөрүн бир күн мурда аталган тергөө жайына киргизбей койгонун маалымат каражаттары жазды.

Ал тапта өлкө боюнча 3000ден ашык кишиге мунапыс берилип жатат. Бул боюнча мыйзамга президент 8-майда кол койду. Сот мындай ишти алты айга чейин карай алат.

"Процедура боюнча атайын комиссия кылмыштын кайсы курамы мунапыска жатары боюнча тизме түзөт. Аны сот чечет. Мунапыс колдонулгандарга айып тагылгандар менен катар соттолуп жаткандар да кирет", - деп белгиледи Саутова.

Өлкө боюнча тергөө абагында кармалгандардын саны 1800дөн ашык. Ал эми жалпы абактагылардын саны 9500дөн өйдө.