'Бизге айтылгандардын баары калп болду': Орусия жакыр чет элдиктерди алдап, Украинадагы согушка салып жатабы?

Mohammed Asfan's wife and child hold a picture of him

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мохаммед Асфандын артында аялы жана эки жашка чыга элек эки баласы калды.
    • Author, Гурприт Сингх Чавла, Балла Сатиш, Олег Болдырев
    • Role, BBC Punjabi, BBC Telugu & BBC Russian
  • Published

Мохаммед Асфан Индиянын түштүгүндөгү Хайдарабад шаарынан Орусияга жөнөгөндө үй-бүлөсүнүн үмүтүн жана кыялын өзү менен кошо алып жүргөн.

Кийим-кече дүкөнүнүн менеджери ал жакта «аскердик жардамчы» болуп иштейм деп ойлогон.

Ал YouTube сайтынан айына 100 000 индиялык рупий (1 207 доллар) айлык акы төлөнүүчү жумушка убада кылган постту көргөн. Ал жерде айтылгандай ал алты айдан кийин туруктуу жашаган жерине ээ болмок.

Анын бир тууганы Имран Пенжабидеги Би-Би-Си кабарчысына: "Ал Украинадагы согуш майданына жөнөтүлбөйт, болгону армиянын штабында жардамчы катары гана иштемек" - деди.

Анын айтымында, Асфан аларга Украинанын чек арасынан телефон чалып, анын паспортун тартып алышканын жана аны согушууга мажбурлап жатышканын айткан.

Имран эки айдан ашык убакыт бою бир тууганынан эч нерсе уккан жок. Индиянын Орусиядагы элчилигине телефон чалып, Асфан тууралуу сураганда, анын курман болгонун айтышкан.

"Эгер агам каза болсо, анын сөөгүн тез арада бул жакка алып келиш керек. Атам менен анын аялы баары тынчсызданып жатышат", - деди Имран.

Асфандын артында аялы жана эки жашка чыга элек эки баласы калды.

Армияда "жардамчы" болуп иштейм деп Орусияга кеткен кеминде эки индиялык жигит жакында фронтто согушуп жатып каза болгонун алардын үй-бүлөсү билдирди.

Ушундай эле YouTube'дагы жумушка алуу видеосу 23 жаштагы саймачы Хемил Мангукияны декабрда Орусияга азгырып келген.

"Хемилге армияда жардамчы болуп иштей турганын жана үч ай окута турганын айтышкан", - деди анын атасы Ашвин Индиянын батышындагы Гуджарат штатынан.

Бирок Орусияга жеткенден кийин ал согушууга машыгып жатканын түшүндү», - дейт ал.

"Адам сатуунун чоң тармагы"

Индия жакында эле жаштарды жумушка орноштуруу убадасы менен Орусияга азгырган, ал эми иш жүзүндө Украинадагы согушка салган "ири адам сатуу тармагынын" бетин ачканын жарыялады.

Борбордук тергөө бюросу билдиргендей, ушул убакка чейин бул схема боюнча 35тей киши Орусияга жөнөтүлгөн.

Тышкы иштер министрлиги индиялыктардын согушка алданып калган ар бир иши Москва менен "катуу каралып" жатканын билдирди.

Men in army uniforms, their faces are blurred
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Социалдык тармактарда тараган бир видеодо жети киши Индия өкмөтүнөн мекенине кайтуу үчүн жардам сурап кайрылышууда.

Соцтармактарда алардын оор абалын чагылдырган бир катар видеолор тарап жатат.

Ушул айда бөлүшүлгөн билдирүүлөрдүн биринде жети кишиден турган топ Индия өкмөтүнөн мекенине кайтууга жардам сурап, Орусияга туристтик виза менен барышканын, бирок азыр анын армиясында кызмат кылууга аргасыз болуп жатышканын айтышты.

Гагандип Сингх — кайрылуу жасаган адамдардын бири

Апасы Балвиндер Каурдун айтымында, уулуна орус армиясында кызмат өтөш керектиги же 10 жылга эркинен ажыратылары айтылган.

"Уулубуздан кандайдыр бир билдирүү же телефон чалуу келет деп түн бир оокумга чейин күтөбүз" деди ал Би-Би-Синин Панжабидеги кабарчысына. "Аларды Украинадагы согушка жөнөтүп жатканын айтат, баарыбыз абдан кыжаалат болдук".

Башка панжабилик үй-бүлөлөр Би-Би-Сиге алардын балдары Орусияга жеткенге чейин Дубайга туристтик виза менен барышканын же Беларуска барышканын, ушинтип алдамчылыкка кабылганын айтышты.

Эркектерди агенттер кантип алдап, чоң маяна убада кылып, согуш талаасына жөнөтүшкөнүн түшүндүргөн видеолору алардын көбүнесе тук-тук айдаган же чай сатуучу болуп иштеген үй-бүлөлөрүн дүрбөлөңгө салды.

Жабырлануучулар жана үй-бүлөлөр агенттер бир нече ай армияда кызмат өтөгөндөн кийин орус паспортун убада кылып, сапар үчүн 300 000 рупий (3 621 доллар) талап кылганын айтышууда.

Кеминде 254 чет элдик каза болду

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Украинадагы согушта өлгөндөрдүн же жарадарлардын так санын айтпаганда да, Орусия жалпысынан 350 миң жоокеринен ажырады деп эсептейт.

Би-би-синин орус кызматы 46 678 жоокер курман болгонун ырастады. Бул контекст орус куралдуу күчтөрү эмне үчүн кошумча күчтөр үчүн чет элдиктерге көбүрөөк кайрылып жатканын түшүндүрөт.

2022-жылы Коргоо министрлиги менен кеминде бир жылдык келишим түзүп, алты ай согушкан чет өлкөлүктөргө жашап туруу уруксат кагазын албастан же Орусияда акыркы беш жылда жашоо талабына карабастан орус атуулдугун алууга уруксат берилген.

Январда президент Путин процедураны дагы жөнөкөйлөткөн жаңы жарлыкка кол койгон.

Чет элдик согушкерлердин көбү экономикалык мигранттар, алардын көбү Борбор Азия республикаларынан, биринчи кезекте Өзбекстандан, Тажикстандан жана Кыргызстандан келишет.

Орусия тарабында согушкан чет элдиктердин арасында Куба, Непал, Индия, Сирия, Ирак, Сербия, Ооганстан, Сомали, Шри-Ланка жана Малайзиянын жарандары да бар. Алардын жалпы саны миңге жетет деп болжолдонууда.

Би-би-синин орус кызматы билдиргендей 2023-жылдын декабрынын аягына чейин орус армиясынын катарында согушкан кеминде 254 чет элдик каза болгон.

Декабрда Непал Орусиядан непалдык жалданма аскерлерди Украинадагы согушта каза тапкандан кийин кайтарууну суранган.

Катмандунун полициясы билдиргендей, аткезчилер Орусияга туристтик виза менен кирүү үчүн ар бир кишиден 9 миң долларга чейин талап кылышкан.

Migrants in tent

Сүрөттүн булагы, GOVERNOR OF MURMANSK/TELEGRAM

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Визаларынын мөөнөтү өтүп кеткендиктен Финляндия чек арасынын орус тарабында кармалган мигранттардын айрымдары Украина менен чек арадагы лагерлерге көчүрүлдү.

Би-би-синин орус кызматы Орусияда виза режимин бузган мигранттар да коркунучта экенин аныктады.

Былтыр ноябрда Орусиянын Финляндия менен чек арасында иммиграция мыйзамдарын бузган чет элдиктер кармалгандан бир нече күн өткөндөн кийин, Украина менен чек арадагы аскер лагерине көчүрүлгөн.

Авад (аты өзгөртүлдү) Сомалиден жана жашы кырктар чамасында.

Ал ноябрдын орто ченинде камакка алынып, 2000 рубль (22 доллар) айып пул төлөп, депортацияга чейин камакка алынган, бул туура визасы жок адамдар үчүн стандарттык процедура.

Анын айтымында, депортацияга чейинки борбордо кармалып турганда, ага кеминде он чакты камактагылар менен бирге аскерий өкүлдөр келип кайрылышкан.

Анын айтымында, алардын бардыгына «мамлекетке жумуш кылуу» сунушталган.

Авад орус армиясына жазылуу үчүн алданып калганына бекем ишенет. Анын чындыгы ага айтылган сунушту толук түшүнбөгөндүгүндө турат.

«Жок дедим, эмнеге кол койгонумду билбейм, менин тилимде жазылган эмес», - деди ал. - Мен жоокер эмесмин, башпаанек издеген адаммын".

"Бизге Украинанын чек арасы жана согушу жок эле, окутабыз, жакшы айлык беребиз жана кам көрөбүз дешип, бир жылдык келишим тууралуу гана айтышкан. Көрсө, бизге айтылгандардын баары жалган экен".

Алар автобус менен Украина чек арасына жакын жердеги аскерий лагерге жеткирилген. Нааразылык акциясынан кийин айрымдар үчүн коркунуч басаңдады. Авад азыр Орусиядан башпаанек сурап жаткан маалда кеминде бир мигрант депортацияланды.

Ал дагы деле депортацияга чейин камакта жана анын сот отуруму боло турган күн белгилене элек.

Би-Би-Си Орусиянын ички иштер министрлигине чет элдик камактагыларга аларды бошотуу үчүн армия келишими «сунушталган» билдирүүлөр боюнча түшүндүрмө сурап кайрылган, бирок эч кандай жооп алган эмес. (МА)