"Эң объективдүү". Путин орус шайлоосун мактады, АКШ демократиясын сындады

    • Author, Пол Кирби
    • Role, BBC News
  • Published

Влдаимир Путин президенттик бешинчи мөөнөткө шайлоого баягыдай эле Кремль тандаган үч атаандаш менен барды.

Шайлоо комиссиясы шайлоочулардын 87% ага добуш бергенин билдиргенде, Путин Россиянын демократиясы Батыштын көп өлкөлөрүнө караганда ачык-айкын деп мактады.

Чынында бул шайлоодо оппозициядан бир дагы талапкерге катышууга жол берилген жок.

Путинди катуу сындап келген маркум Алексей Навальныйдын жактоочулары символикалык каршылык акцияларын өткөрүштү

Алардын «Путинге каршы чак түш» демилгеси Россиянын көп шаарларында, анын ичинде Москва менен Санкт-Петербургда, чет өлкөлөрдөгү орус элчиликтеринин алдында шайлоочулардын узун кезегин пайда кылды, бирок ал шайлоо жыйынтыгына таасир эте алган жок.

"ОВД-Инфо" мониторинг тобу кеминде 80 россиялык камалганын кабарлады. Жума күнү кээ бир шайлоо участкаларында урнага сыя төгүү сыяктуу инциденттер болду.

Батыш өлкөлөрү өз кезегинде добуш берүү эркин жана акыйкат болгон жок деген билдирүү менен чыгышууда.

Германия авторитардык башкаруучу убагындагы «псевдо шайлоо» болду деп атап, аны цензурага, репрессияга жана зомбулукка гана таянат деп сындады.

Улуу Британиянын тышкы иштер министри лорд Кэмерон «Украинанын аймагындагы шайлоону мыйзамсыз» деп айыптады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский «россиялык диктатор жаңы шайлоонун имитациясын жасады» деп айтты.

Навальныйдын союздашы, өткөн аптада Литвада катуу сабалган Леонид Волковдун айтымында «Путинге жазылган пайыздар чындыкка таптакыр жакындабайт».

Россиялыктарда добуш берүүгө үч күн берилди, ал эми Украинанын Россия оккупациялап алган аймагында анда да көп убакыт болду.

Жекшембиде оккупацияланган Бердянск шаарында шайлоо комиссиясынын бир мүчөсү киши колдуу болуп өлгөнү, ал эми россиячыл коллаборационисттер куралдуу аскердин коштоосунда урналарды көтөрүп алып үймө-үй кыдырганы кабарланды.

Катуу көзөмөлдөгү орустун мамлекеттик телеканалдарында шайлоонун жыйынтыгын триумф деп жар салышууда.

"Бул Владимир Путинге болгон колдоонун жана биримдиктин болуп көрбөгөндөй деңгээли»,-деди катуу толкунданып алган бир кабарчы. «Бул батыш өлкөлөрүнө өзүнчө белги".

Путиндин өзү кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатканда көбүрөөк сабырдуу болду, бирок Россиядагы президенттик шайлоо өнөктүгүн АКШга караганда кыйла мыкты деп мактады. Россияда онлайн-добуш берүүгө сегиз миллион шайлоочу катышканын мисал тартты.

Андан мурда Путин бир клавишаны басып добуш берип жатканын видеого тартып чыгарышкан эле.

«Бул ачык-айкын жана эң объективдүү»,-деди ал. - Бул АКШдагыдай почтадан добуш берүү эмес… андай добушту он долларга сатып алса болот».

Көз каранды эмес «Добуш» байкоочу уюмуна добуш берүүгө байкоо жүргүзүүгө тыюу салышты, бирок шайлоодо ар кандай мыйзам бузуулар, мамлекеттик сектордун кызматкерлерине кысым көрсөтүп добуш берүүгө мажбурлаган учурлар катталды.

Путин камакта өлгөн оппозицияык саясатчы Навальныйдын атын биринчи жолу атады. Навальныйды Путин өлтүрттү деген айыптоолор көп айтылып жатканда аны төгүндөөнүн бир аракети катарында орус президенти Навальныйды Батышта камактагы башка бирөөнө алмашуу жөнүндө сунуш жана ой болгонун айта кетти.

«Мен буга макулмун дедим, бирок, тилекке каршы, ушундай окуя болуп кетти. Эмне кылабыз, жашоо ушундай экен».

Юлия Навальная Берлинде Россиянын элчилигинин алдындагы алты саатка созулган кезекти каршылык добуш берүү өнөктүгү деп атады. Ал өзүнүн шайлоо бюллетенине маркум күйөөсүнүн атын жазып добуш бергенин айтып, келгендерге, ага колдоо сөзүн айткандарга ыраазылык билдирди.

Лондондо каршы добу берген шайлоочулардын бири кезекте жети сааттан ашык турганын билдирди.

Вашингтондогу активистка жана юрист Любовь Соболь каршы добуш берүү Кремлдин шайлоосуна таасир этпейт, бирок «бул тилектештик, символ да маанилүү» деди.

Президенттик шайлоо Россияда эч качан теңчилик шартында өткөн эмес. Кремль саясий системаны, массалык маалымат каражаттарын жана шайлоо катуу көзөмөлдө кармайт.

Коммунисттик партиянын талапкери Николай Харитонов төрт пайыздан көбүрөөк алды, ал эми калган эки талапкер анда да аз добуш алышты.

Алардын бири дагы олуттуу талапкер болгон жок, Харитонов ал түгүл «Жеңишке жетүү үчүн эл-журттун биримдигин бекемдеп жатат» деп Путинди мактап чыкты. (КС)