You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
2024-жылы Украинадагы согушка таасир эте турган беш жагдай
- Author, Халина Корба, Катерина Хинкулова
- Role, Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы
- Published
Эки жылга жакын убакыт бою дүйнөлүк жаңылыктардын күн тартибинде үстөмдүк кылган Украинадагы ири масштабдуу согуш 2024-жылы да уланат.
Мында 2024-жылы бул согушка таасир эте турган беш фактор тууралуу сөз кылабыз.
Акча
2022-жылдын февралында масштабдуу кол салуу башталганда Украинанын Орусияга туруштук бере алгандыгы көпчүлүктү таң калтырды жана өлкөнүн эл аралык өнөктөштөрүнүн дагы курал-жарак бере башташынын себептеринин бири болду.
2024-жылы мындай абал өзгөрүшү мүмкүн, анткени эки жардам пакети берилбей токтоп турат.
АКШда Украинага жардам Конгресс аркылуу добушка коюлушу керек жана башка чыгашалар боюнча республикачылар менен демократтардын ортосундагы талкууга байланган. 61 миллиард долларлык согуштук пакет январдын башына чейин кайра каралбайт.
ЕБде 55 миллиард долларлык каржылык келишим да Евробиримдиктин мүчөлөрүнүн бири Венгрия менен жалпы биримдиктин ортосундагы чыңалган сүйлөшүүлөргө байланыштуу. Венгрия Евробиримдиктин башка өлкөлөрүнөн айырмаланып иш жүзүндө Орусия тарапка өттү жана Украинага жардамдын биротоло токтотулушун каалайт.
Куралдар
Тышкы жардамдын кечиктирилиши Украин армиясын курал-жарак менен камсыздоо мүмкүнчүлүгүн жайлатып, Киевдин кооптонуусун жана Москванын өзүнө болгон ишенимин арттырууда.
Жыл аягындагы пресс-конференциясында Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөсүнүн аскерий комплекси күчтөнүп баратканын, ал эми Киевдин Батыштын эсебинен "акы төлөбөй жүрүүсү" жакында бүтүшү мүмкүн экенин айтты.
Президент Владимир Зеленский жылдын аягында ММКлар менен болгон маегинде абал оор экенин моюнга алды, бирок аскердик жардам маселеси тез арада чечилет жана Украина бул согушта өтө маанилүүлүгүн далилдеген дрондорду чыгарууну көбөйтө алат деген үмүтүн билдирди.
Ноябрда Евробиримдик Украинага 2024-жылдын мартына чейин 155 миллиметрлик бир миллион снаряд жеткирүү максатын аткара албай турганын билдирген. Президент Зеленский Украинанын контр-чабуулунун эрте ишке ашпай калганынын себептеринин бири курал-жарактын жетишсиздиги экенин айткан. Жакында Би-Би-Сиге берген интервьюсунда украин аскерлери снаряддарды үнөмдөп жатышканын айтышты.
Ок-дарылар аз болсо, украиндер позицияларын жана көптөгөн жерлерин таштап кетүүгө аргасыз болушу мүмкүн. Учурда Орусия Украинанын 17% аймагын көзөмөлдөйт.
Украинанын эсебинде, согуш анын экономикасына 150 миллиард доллар зыян келтирди. 2024-жылы армияга 43,2 миллиард доллар сарптамакчы. Россиянын аскердик бюджети рекорддук 112 миллиард долларды түзөт.
Адамдар
Жоокерлердин жетиштүү болбой жатканы эки тарапка тең кыйынчылык жаратат. 2022-жылдын февраль айына чейин Украинанын калкы 44 миллиондун тегерегинде болгон.
Алты миллион украиналык өлкөдөн чыгып кеткени менен алардын көбү кайтып келгени болжолдонууда. Орус оккупациясынан жана тынымсыз кол салуулардан улам дагы жүз миңдеген адамдар өлкө ичинде жер которушту. Миңдеген жайкын тургундар курман болду.
Жаңы күчтөрдү алып келүү жана даярдоо кыйын болот. Согуштук абалга ылайык, Украина 18 жаштан 60 жашка чейинки эркектерге өлкөдөн чыгууга тыюу салды. Жакында Украинанын коргоо министри Рустэм Умеров Киев чет өлкөдө жашаган украиналык эркектерди аскердик кызматка келүүнү талап кылышы мүмкүн деп билдирди. Согуш курагындагы жүз миңдеген украиналык эркектер чет өлкөлөрдө жашап жатышат. Эстония буга чейин армияга жарактуу, учурда Эстонияда жашап жаткан украин жарандарын Киевге армияга чакырууга жардам берерин билдирген.
Орусиянын расмий түрдө 144 миллионго жакын калкы жана кыйла чоң армиясы болсо да, анын эки жылга жакын согуштагы жоготуулары эбегейсиз болду. Аскердик эксперттер жана жоокерлер өздөрү "душман огуна салып берген" согуш ыкмасы жөнүндө айтышкан.
Орусиянын эң мыкты даярдалган аскерлеринин көбү, мисалы, элиталык десантчылар жана аба күчтөрүнүн экипаждары жок кылынды, алардын машыгуусу кымбатка турат жана көп жылдарды талап кылат.
Украинага кол салуу башталып, жалпы мобилизация жарыялангандан кийин бир миллионго жакын орусиялык өлкөдөн чыгып кеткени болжолдонууда. Орус бийликтери өз армиясын толуктоо үчүн абактагыларды жана документи жок мигранттарды тартууга өттү.
Аскердик жоготууларды эч бир тарап толук ачыктай элек, бирок украин тарапта эң аз дегенде он миңдеген адам өлгөнү болжолдонууда.
Ал эми Орусия тарапты айтсак, Би-Би-Синин Орус кызматы 2023-жылдын декабрынын аягында 40 миңден ашуун набыт болгон аскер кызматкерлеринин тизмесин түздү.
АКШнын чалгын кызматы жакында орусиялык жоготуулар, өлгөндөр же жарадар болгондор 315,000 кишини түзүшү мүмкүн деген маалыматтарды ачыктады.
Украинадан чарчоо
Киевди эң көп тынчсыздандырган нерсе - "Украинадан чарчоо." Бул дегени өнөктөш катары эсептелген өлкөлөрдүн калкынын тилектештигинин жана колдоосунун азайышы.
Нидерландия менен Словакиядагы акыркы шайлоолор буга чейин эле колдоонун азайышына алып келген. Словакия Украинага ири жардам пакетин токтотту, ал эми Нидерландия көптөн бери убада кылынган F-16 учактарын жөнөтпөй калышы мүмкүн.
АКШда 2024-жылдын ноябрына белгиленген шайлоо менен Дональд Трамптын Ак үйгө кайтып келиши Украина менен Орусияга карата саясаттын олуттуу өзгөрүшүнө алып келиши ыктымал.
Америкадагы сурамжылоолор көрсөткөндөй, Вашингтон Украинага ашыкча жардам берип жатат деп эсептегендердин саны 21%дан 41%га өскөн. Евробиримдикте 27 өлкөнүн сегизинде Украинага жардам көрсөтүүгө каршы болгондор Украинаны колдогондорго караганда көбүрөөк.
Украина да, Орусия да жаңы жылда глобалдык түштүктөн колдоо издөөнү улантат. Салттуу түрдө Жакынкы Чыгыштын, Латын Америкасынын жана Африканын көптөгөн өлкөлөрү АКШга каршы туруп, Москва менен достук мамиледе болушкан. Толук масштабдуу кол салуу башталгандан бери Орусия өз позициясын бекемдөөгө аракет кылып, Украина болсо таасирин арттырууга тырышты.
Акыркы 12 айда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Африкага төрт жолу барып, анын алкагында 14 өлкөгө сапар жасады. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба ошол эле мезгилде Африкага эки жолу барып, тогуз өлкөдө болуп келди.
Украина Африкадагы Орусиянын таасирине каршы күрөшөт. Кээ бир өлкөлөрдө Москванын пропагандасы жана Вагнердин жалданма тобу Орусиянын таасирин күчөтүү үчүн эффективдүү курал боло алган.
Акыркы оюн
"Бул согуш кантип бүтөт?" деген суроого көптөгөн саясатчылар жана эксперттер жооп берүүгө аракет кылып келишет.
Украина орус оккупациясынан толук бошотулуп, эл аралык коомчулук тааныган чек араларга кайтып келгенде гана бул жаңжалга чекит коё турганын айтууда. Киев Орусия менен компромисске баруу Москванын гана эмес, дүйнөнүн калган бөлүктөрүндө дагы башкалардын бөтөн аймактарды басып алуусуна түрткү берерин эскертет. Орусия Батыш менен ири конфликтте экенин жана күрөштү чечкиндүү түрдө уланта берерин айтууда.
Бул согуштун 2024-жылы бүтүшү күмөн. Согуш тилкеси эч бир жакка жылбачудай. Украинада мындан ары да жоготуулар жана күн сайын өлүм жана кыйроо коркунучу кала берет. Ал эми Орусия үчүн согуш мындан ары да изоляция жана экономикалык кыйынчылыктар менен коштолот.
Газа конфликти чечилбей жаткандыктан жана башка жаңжалдардын очогу пайда болуу коркунучу менен, бул согуш 2022-жылы дүйнөлүк саясий тартипке жана дүйнөлүк экономикага тийгизген таасиринин масштабына карабастан, башка өлкөлөр үчүн көңүлдүн сыртында калышы ыктымал. (ДО)