You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Саткындарды жазалагыла". Орусияда “тоголок арыз” жазгандар көбөйдү
- Author, Амалия Затари
- Role, Би-Би-Си Орус кызматы
- Published
СССР доорунда коңшулардын, кесиптештердин же чоочун эле адамдардын үстүнөн тоголок арыз жазуу же "чагым кылуу" көнүмүш адат болгон. Ал эми орус бийлиги Украинадагы согушту сындагандарга катуу чара көрүп жатканда, азыркы учурда жеке кек алууну же саясий идеологияны карманган адамдар арыз жазуу адатын кайрадан жандантууда.
"Чоң-атам мага кантип тоголок арыз жазууну үйрөткөн, ал өзү дагы арызчыл болгон," - дейт, өзүн Анна Коробкова деп тааныштырган Аял. Ал Орусиянын ири шаарларынын биринде жашаарын билдирип, бирок кайсыл шаар экенин айтуудан баш тартты.
Аялдын айтымында анын чоң атасы Сталиндин тушунда советтик атайын кызматтын анонимдүү информатору болгон. Ал кезде тоголок арыз жазуу күнүмдүк жашоонун бир бөлүгү эле, ал эми Анна чоң атасынын жолун жолдоодо. Учурда ал аял Украинадагы согушту сындагандардын үстүнөн арызданып келет. СССР доорунда коңшулардын, кесиптештердин же чоочун эле адамдардын үстүнөн тоголок арыз жазуу же "чагым кылуу" көнүмүш адат болгон. Ал эми орус бийлиги Украинадагы согушту сындагандарга катуу чара көрүп жатканда, азыркы учурда жеке кек алууну же саясий идеологияны карманган адамдар арыз жазуу адатын кайрадан жандантууда.
Такай арыз жазарын моюнуна алган аял
Орусия Украинага толук масштабдуу согуш ачкандан бери Коробкова 1,397 арыз жазганын билдирди. Анын айтымында ал жазган "чагымдын" арты менен адамдар айыпка жыгылып, иштен айдалып, чет элдик агенттер деп аталган.
"Мен андай кылганыма өкүнбөйм. Эгерде алар менин арызымдын айынан жазага тартылса мен кубанам."
Жаңы цензура мыйзамдары 2022-жылдын февралында Орусия Украинага басып киргенден көп өтпөй эле киргизилген. Ошондон бери Коробкова бош убактысынын көбүн интернетте өткөрүп, көп учурда адамдардын үстүнөн "орус армиясын дискредитациялаганы" үчүн арызданып келет. Андай кылмыш үчүн 50 000 рублга чейин (535 доллар) айып пул салуу же эки жолудан ашык жасалса, беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Коробкова мени менен сүйлөшүүдө абдан этият болуп, электрондук почта аркылуу гана байланышат. Ал жүзүн көрсөткүсү келбейт жана өздүгүн тастыктоочу документин берүүдөн баш тартты. Анын айтымында, буга аны өлтүрөбүз деген көптөгөн коркутуулардын келип жатканы жана анын жеке маалыматы хакердик чабуулга кабылып же уурдалып кетиши мүмкүн деп кооптонгону себеп болууда.
Коробкова эки шылтоо менен өз мекендештерине "чагым кылып" жаткандай. Биринчиден, ал Орусияга Украинаны жеңүүгө жардам берип жатканын айтат. Экинчиден, мындай жол менен ал өзүнүн каржылык абалын коргоп жатам деп ойлойт. Ал жалгыз турат жана гуманитардык илимдер боюнча жарым күн мугалим болуп иштеп, топтогон акчасына таянып жашайт. Бирок Коробкова эгер согушта Украина жеңип кетсе, Орусия репарация төлөп калышы мүмкүн дейт. Андай абал бүтүндөй өлкөнүн жана анда жашагандардын финансылык абалына терс таасирин тийгизет деп чочулайт.
"Атайын аскердик операцияга каршы чыгып жаткандын баары менин жыргалчылыгымдын душмандары," деп түшүндүрөт ал. Аннанын айытымында Украинанын жеңиши анын утулганын билдирет.
"Мен бардык каражатымдан кол жууп, толук күн иштешим керек болот," - дейт ал.
Жаңы цензура мыйзамдары киргизилгенден бери армиянын беделин түшүргөн адамдарга каршы 8 миңден ашуун иш козголгонун көз карандысыз орусиялык укук коргоо уюму ОВД-Инфо билдирди.
Үстүнөн арыз түшкөн адамдар
Коробкова көбүнчө массалык маалымат каражаттарына сүйлөгөн адамдардын, өзгөчө Би-Би-Си сыяктуу эл аралык медиага чыккандардын үстүнөн арыз жазат. Коробкова арызданган адамдардын бири - антрополог Александра Архипова.
"Ал менин үстүмдөн жети жолу арызданды" дейт Архипова. "Чагым жазуу - бул анын бийлик менен мамиле кылуу жолу. Ал муну өзүнүн миссиясы деп эсептейт.
"Ал өз жумушун тапкандай. Анын айыптоолору далай эксперттердин оозун жапты", - деп кошумчалайт азыр бозгунда жүргөн Архипова. Ал Коробкованын иш-аракеттери май айында орус мамлекети тарабынан ага "чет элдик агент" деген ат коюуга түрткү болушу мүмкүн деп эсептейт.
"Коробкова үстүнөн арызданган менин досторум азыр маалымат каражаттарына комментарий берүүдөн баш тартышууда. Демек, ал өз ишин ийгиликтүү аткарды деп айтууга болот. Миссия ишке ашты."
Москвалык Татьяна Червенко аттуу мугалим да Коробкованын бутасына айланган.
2022-жылдын сентябрында Россияда патриотизм сабактары киргизилгенде, Червенко анын ордуна математикадан сабак берүүнү чечкен. Ал бул тууралуу өкмөт тарабынан жабылып, азыр Нидерландияда жайгашкан Орусиянын акыркы көз карандысыз "ТВ Дождь" телеканалына айтып берген.
Жыйынтыгында анын телемаегин көргөн Коробкова Червенконун үстүнөн анын иш берүүчүсүнө, Москванын билим берүү башкармалыгына жана Орусиянын балдар укуктары боюнча комиссарына арызданган.
Андан соң, 2022-жылдын декабрында Червенко кызматынан бошотулган.
Коробкова жасаган иш-аракеттери үчүн өкүнбөйт, тескерисинче, сыймыктануу менен ал үстүнөн арызданган адамдарынын аты-жөнүн жана алар кандай жазаларга тартылганы тууралуу тизмесин топтоп жүрөт.
Анна Коробкованын ырасташынча, анын арыздануусунан кийин алты адам жумушунан бошотулуп, 15 адам административдик жоопкерчиликке тартылып, айыпка жыгылган.
Коробкова мамлекеттин душманы деп эсептеген адамдарды бутага алганын ырастаганы менен, башка адамдар Би-Би-Сиге Орусияда жеке өч алуулар үчүн да айыптоолор колдонулуп жатканын айтышкан.
Түрмөгө түшүп, эркиндикти эңсегенде
Ярослав Левченко Орусиянын алыскы чыгышындагы Камчатка жарым аралындагы балыкчы. Аталган арал вулкандык пейзаждары жана укмуштуудай жапайы жаратылышы менен эле эмес, аскерлердин көп санда жайгашканы менен да белгилүү.
Бул аймакта көп адамдар, алардын ичинде Левченконун кесиптештери да Путинди колдошот,.
2023-жылдын февраль айында Левченконун кемеси бир айлык балык уулоо сапарынан кийин Камчатка портуна келип токтогон. Анын айтымында, бир балыкчы ага алкоголдук ичимдик сунуштап, ал андан баш тарткан. Левченко берки киши ага кек сактап жүргөн деп эсептейт. Алар уруша кетишкен. Левченко бирөө анын башына бөтөлкө менен чапканын, кийин ооруканада ойгонгонун эстейт.
Левченконун айтымында, ал ооруканадан чыгып полиция бөлүмүнө арыз жазганы барганда, анын өзүнүн үстүнөн - кол салуу үчүн эмес, согушка каршы көз карашта болгону үчүн арыз түшкөнүн угуп үрөйү учкан. Ярославдын айтымында, полиция анын кесиптешине кылмыш ишин козгоо үчүн жетиштүү далилдер жок экенин айткан.
Андан соң Левченко 13-июлда камакка алынган. Би-Би-Сиге келип түшкөн сот документтерине ылайык, ал терроризмди актаган деп айыпталган. Ал өзү учурда абакта айыптоолорду четке кагып, сот процессин күтүп отурат.
Левченко Би-Би-Сиге өзүнүн окуясын адвокаты менен берип жиберген кат аркылуу гана айтып бере алат. "Тергөөчүлөр мени башка моряктарга физикалык күч колдонгон ... Орусия Федерациясына каршы согуштук аракеттерге катышуу ниетин билдирген деп айтышууда", - деп жазат Левченко.
Левченконун достору анын үстүнөн арыздануу полициянын көңүлүн ага кол салуудан жана кемеде спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салынган фактыдан башка жакка буруу деп ойлошорун мага айтышты.
"Мен жөн гана үйгө кайткым келет," - дейт Левченко.
Ал ошондой эле досуна жазган катын Би-Би-Си менен бөлүшкөн: "Асман менин түрмөдөгү камерамдан, бир нече катар темир торлордун арасынан араң эле көрүнөт. Мындайга чыдаш кыйын."
"Бүтпөгөн айыптоолор"
Орус полициясы согуш башталгандан бери тоголок арыздар толуп калганын моюнга алды. Расмий өкүлдөр анонимдүү түрдө Би-Би-Сиге "армияны дискретизациялоо боюнча толгон-токтой айыптоолорду" иликтөөгө жана кайра карап чыгууга көп убакыт коротуп жатышканын айтышты.
"Адамдар кимдир-бирөөнү "атайын аскердик операцияга" каршы айыптоо үчүн такай шылтоо издеп жатышат. Бирок, чындап эле бир олуттуу маселе чыкса, аны иликтеген киши жок. Бардыгы бир кемпирдин Украинанын желегине окшогон терезе пардасын текшерүүгө кеткен болот," - деп билдирди жакында отставкага чыккан полиция кызматкери Би-Би-Сиге.
Президент Путиндин "саткындарды жазалагыла" деп кайра-кайра айткан чакырыктарынан улам жана Украинадагы согуштун жакын арада бүтөрү белгисиз болуп турган чакта, Коробкова өңдүү арызчылар өз мекендештеринин үстүнөн чагым кылууну токтото турган оюу жок сыяктуу.
"Мен тоголок арыздарды жаза берем. Азыр жумуш көп," - деп жазат ал Би-Би-Сиге электрондук катында.