You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Россияда СССРдегидей "тоголок арыз" көбөйдүбү?
Наталия Зотова
1930-жылдарда да, согуштан кийинки СССРде да кошуналарың же кесиптештериң сенин үстүңдөн тоголок азыр жазып же “чагым кылып” коёт деген коркуу советтик реалдуулуктун бир бөлүгү болгон. Учурда саясий чагымдар Орусиянын коомдук турмушуна кайтып келди.
Көп учурда ошондой тоголок арыздан кийин согушка каршы билдирүү жасагандарга иштер козголууда. Би-Би-Си 1930-жылдардагы каралоолорду азыркылар менен салыштырып, орустар эмне үчүн андай тоголок арыздарды жазышканы тууралуу тарыхчы жана антрополог менен маектешти.
41 жаштагы москвалык өтүкчү Александр Колгушкин 1935-жылы контрреволюциячыл үгүт иштери үчүн 58-берененин негизинде камакка алынган. Анын кылмыш иши коммуналдык батирдеги эки кошунасынын жазган арызынан башталат, алардын бири Колгушкиндин аялы Варваранын жакын тууганы болгон. Коңшулары Василий Шипилов менен Иван Карцев өтүкчүнүн үйүнө “теги помещик адам менен байланышы бар жарандардын” конокко келгенинен “контрреволюциялык ишмердүүлүктү” көрүшкөн.
“Биз, Шипилов жана Карцев жогорудагы адамдардын бардыгы тыңчылык менен алектенип, өз мекенине чыккынчылык кылып жатышат дей ойлойбуз. Мен, Шипилов, Колгушкиндер менен чогуу жашайм, ан-сезимдүү жумушчу катары мен үчүн Колгушкиндерге таптык душмандардын конокко келүүсүн көрүү жагымсыз, мен аларды жек көрөм”, - деп жазат Колгушкиндин жубайынын аталаш тууганы НКВДга жазган арызында.
Кошуналары Колгушкин өз сөзүндө Совет өкмөтүн жемелеген деп да жазышкан: “Азыр, тактап айтканда, Совет бийлигинин тушунда жашоо баарына кыйын болду. Тапкан акчасы нанга араң жетет, көбү нанга да жетпей ачка отурушат. Мурдабы, эски бийликтин тушунда баары башкача болчу”, - деп анын сөзүн кайра айтып беришкен.
Кармалган адам өзү сурак учурунда муну четке каккан, ал кошунасы Иван Карцев менен батирдеги антисанитариялык абалдан улам чырдашканын айткан: ал аябай балит жашайт деп, Колгушкиндер балдары үйдөгү кирден улам ооруп калабы деп кооптонуп жатышкан. .
Ал эми өтүкчүнүн жубайы Варвара Колгушкина сурак учурунда аталаш тууганы аны коркутканын айткан: “Күйөөм кармалгандан кийин Шипилов дароо өз ара макулдашуу боюнча ар кайсы бөлмөгө бөлүнүп кетүүнү сунуштады, антпесе ал мени башка жолдор менен үйдөн кууп чыгам деп коркута баштады”.
Эки кошуна мамлекеттин репрессиялык системасын үчүнчүсүн батирден кууп чыгуу үчүн колдонуп жатканы 1930-жылдардын сотуна да айкын болгон. Соттук териштирүүдө Колгушкин акталып чыккан. Соттун аныктамасында мындай деп айтылат: “Шипилов Колгушкиндин бөлмөсүн ээлеп алууга аракет кылган” жана Шипилов менен Карцевге кылмыш ишин козгоо сунуш кылынган.
Бул адаттан тыш көрүнүш, анткени бир бөлмөнү бошотуу үчүн кошунасынын үстүнөн тоголок арыз жазуу ошол жылдары көп кездешкен жана көбүнесе өз максатына жеткен.
“Мемориал” (бийлик адегенде бул уюмду чет элдик агент деп таанып, кийин жоюп салган, азыр анын негиздөөчүлөрүнүн бири Олег Орлов соттолуп жатат) уюмунун кызматкери Сергей Бондаренконун айтымында, сталиндик репрессияларды изилдөөчүлөр көргөн өкүмдөрдун ичинен 1930-жылдарда саясий негизде акталгандардын саны өтө аз болгон.
Бирок ал азыркы Россиядагы кылмыш иштери боюнча акталгандардын санынан дале болсо көп: акталгандар учурда бир пайызга да жетпейт.
Бирок, бүгүнкү реалдуулуктан айырмаланып, 1930-жылдары адамдарды соттор гана жазага тартчу эмес. НКВДнын “үчүлтүктөрү” (тройка) жана НКВДнын Өзгөчө жыйыны да соттоо укугуна ээ болгон: Сталиндин бийлигинин жылдарында алар өлүм жазасына өкүм чыгарышкан.
Тоголок арыздын түрлөрү: жеке пайда, өч алуу, душмандарды ашкерелөө
“(Не)занимательная антропология” аттуу телеграм каналынын автору, антрополог Александра Архипова (орус бийлиги тарабынан “чет элдик агенттердин” реестрине киргизилген) тоголок арыздарды пайданын түрү боюнча классификациялоону сунуштайт.
Материалдык пайда: мисалы, Шипилов, Карцевдерге окшоп бошогон бөлмөгө ээ болуу. Бирок азыркы Россияда жеке менчик укугу корголгон, демек турак-жайды оңой эле өзүңө жаздыра албайсың. Ошондуктан, учурдагы тоголок арызчылар башка бир пайдага үмүт артышат. "Ал, компанияда же университетте кайсыл бир адамдын кызматын ээлеп алуу болбошу мүмкүн, бирок арыз жазган киши берилгендигин көрсөтөт, бул менен ал же анын мекемеси кошумча артыкчылыктарды алат дегенди билдирет", - дейт Мемориалдын кызматкери Алексей Макаров.
Архипова тоголок арыздын пайдасы материалдык гана эмес, эмоционалдык да болушу мүмкүн деп эсептейт: кимдир бирөө менен эсептешүү, кылмышкерди жазалоо, жеке чыр-чатакта мамлекеттик саясатты колдонуу. Бул мотив совет эли учун да, азыркы орустар учун да иштеп келген.
Антрополог мындай учурду 2022-жылдын августунда Севастополдо (аннексияланган Крымда) тапкан. Волейбол сүйүүчүлөрү суунун жээгинде уруша кетишкен: алардын бири Украинаны колдоп сүйлөп, эртеси колуна сары жана көк резина тагып волейбол ойногону келген. Башка оюнчулар ал символиканы чечип салууну талап кылганда, берки баш тарткан, алар аны мекендин чыккынчысы деп аташкан, берки ачууланып, Орусия менен болгон согушта Украинага жардам берүү үчүн бардыгын жасайм деп жооп берген. Андан соң жаңжалдын үч катышуучусу анын үстүнөн органдарга арызданышкан.
Ал эми мындан 80 жыл мурун, 1941-жылдын сентябрында металлург Иван Федоров 10 жылга лагерге кесилип, үй-бүлөсүнө кайтып келген эмес. Ал айткан сөздөрү үчүн камалган. НКВДга арызды анын кесиптеши, бир аз мурда армияга чакырылган жумушчу мындай деп жазган: Гитлер СССРге кол салган учур. “Ал жумушчулардын алдында мыскылдагансып “мына биздин коргоочубуз келди!” деп сүйлөдү – арызда адамдын таарынычы көрүнүп турат. - Анан (аскерде) кандай тамактанып жатасыңар деп сурады. Тамактары жакшы деп айтсам, ал болсо мага силерге жумасына бир жолу эле тамак бериш керек, анткени Кызыл Армия начар согушуп, шаарларды немистерге алдырып жатат деп жооп берди.”
Бул айыптоо менен жоокер өзү үчүн эч нерсе уткан жок, бирок ызасы үчүн өч алды.
Иште дагы бир тоголок арыз бар — заводдун кызматкеринен. Ал Федоровдун үстүнөн жеке таарынычтан эмес, көбүрөөк идеологиялык көз караштан улам арыз жазган. Бул антрополог Архипова “моралдык” пайда деп атаган тоголок арыз жазуунун үчүнчү себеби: душмандын бетин ачуу, мамлекетти жалаа жапкандардан коргоо.
Дал ушундай тоголок арызчы “чет элдик агент” деп таанылган маалымат каражаттарына интервью бергени үчүн Архипованын өзүнө каршы арыз жазган. Антрополог аны менен байланышканда, ал: “Мен акы албаган, профессионал арызчымын (...) Атайын аскердик операция башталган бир жыл ичинде, мен 764 тоголок арызды электрондук түрдө жөнөттүм" деп билдирген. Аялдын айтымында, ал YouTube каналдарынан "Дождь", “Немис толкуну” (Deutsche Welle), "Радио Свобода", "Настоящее время" (бул басылмалар Россияда “чет элдик агенттер” катары таанылган) чыгарган бардык видеолорду көрүп чыгат жана аларга интервью бергендердин үстүнөн даттанып арыз жазат. Бул аялдын мындай аракетинде таптакыр жеке кызыкчылык же жеке өч алуу жок.
Мындай адамдардын пикиринде мамлекет эч качан туура эмес иш кылбайт, деп ишенет Макаров, демек мамлекетти сындагандар – жалаа жапкандар. Андан тышкары, башкалардын алардын көз карашына каршы келген пикирин жактырышпайт. “Алардын дүйнө тууралуу өзүнүн түшүнүгү бар, андыктан, ошол тушунүктү солкулдатчу адамдардан кутулууга аракет кылышат. Антпесе, суроо бере баштайсың, мамлекеттин ишмердүүлүгүнө шек келтиресиң, ал эми андай кылуу - кооптуу”, - дейт Мемориалдын кызматкери.
1941-жылы жайында слесарь Федоров менен сүйлөшүп жатып заводдун жумушчусу немистерди кара мүртөз деген. Федоров анын бул сөзүнө: “Эмне учун алар кара мүртөз, биз эмне алардан жакшыракбызбы? Биздин орустар аларга жетпейт, алар абдан маданияттуу эл.” деп жооп берген. Аял ушуга нааразы болуп “керектүү” жерге үстүнөн арыз жазган. Федоров камакка алынган. Ал тергөөчүгө революцияга чейин Ораниенбаум шаарында (азыр Санкт-Петербургдун бир бөлүгү) немистер менен чогуу окуганын, ошондон кийин аларга жан тартып калганын түшүндүргөн. “Немис эч качан тамекинин бүчөгүн туш келди ыргытпайт”, - деген ал.
Бул түшүндүрмөлөр аны күнөөлүү деп тапкан өкүмдөн куткарып калган жок, Федоров лагерлерде дайынсыз жок болгон: анын кантип өлгөнүн жана кайда көмүлгөнүн эч ким билбейт.
Россиялыктар азыр деле жеке сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен тоголок арыз жазышат, алар жеке өздөрү эч нерсеге таарынбашы мүмкүн – жөн гана маек учурунда алардын дүйнө тууралуу түшүнүгү жабыркап калышы ыктымал. 2023-жылдын май айында пермдик 20 жаштагы Глеб Сахаров шаардын паркында баратса, ага пенсионер Александр Никонов келип, китебин сатып алууну сунуштаган.
Сүйлөшкөндөн кийин Сахаров полицияга арыз жазган: анын айтымында, Никонов ага “Россия Федерациясы үчүнчү дүйнөлүк согушту баштады, Украинанын аймагын басып алды” деп айткан. Жаш жигиттин айтымында, пенсионер “Орусия тууралуу чындыкты айтып жаткан оппозиционерлердин сөзүн угууну, ошондой эле Украинада жүрүп жаткан согушта карапайым тургундар курман болуп жатканын, ал да өлтүрүлүшү мүмкүн экенин” айткан. Андан кийин 82 жаштагы Никоновго армияны дискредитациялоо боюнча административдик протокол түзүлгөн - бул Орусияда согушка каршы чыккандарга тагылган белгилүү берене.
Укук коргоочу Артем Файзулин сотто Никоновдун жактоочусу болгон: ал паркта жеке сүйлөшүү болгонун, армияны жаманатты кылуу үчүн ачык, коомчулукка билдирүү болуш керек экенин айткан. Ушул менен ал сот Мокрушинди ынандыра алган. “Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Никонов А.П. болуп жаткан окуялар боюнча жеке көз карашын билдирди, аны коомго ачык билдирүү катары кароого болбойт”, - деп айтылат соттун чечиминде. Кылмыштын курамы жок болгондуктан иш кыскартылган.
Ал эми 2023-жылдын жай айларында Екатеринбургдун тургундары “патриоттук максатта” Орусиянын желегинин түсүнө окшотуп отургузулган гүлзардан казылып алынган гүлдөр үчүн чагым арыз жазышкан. Бул да ачык эле душмандарды издөө: гүлдөрдү эч кандай идеологиялык негизи жок эле казып кеткен болушу мүмкүн, бирок ал негизди адамдар өздөрү ойлоп табышат.
Алексей Макаров тоголок арыз жазуу үчүн дагы бир себеп бар дейт – ал өзү үчүн коркуу. “Учурдагы мыйзамдар жана ал мыйзамдардын колдонулушу түшүнүксүз. Мындай туруксуз кырдаалда адам азыркы тапта мыйзамга каршы келген нерсеге туш болгондо, ойлонуп калат: “Барып айтып койгонум жакшы, антпесе, мен эч кандай реакция кылбасам, ошол ишке шериктеш болуп калбаймынбы? Эгерде мен өзүмдү мамлекеттин колдоочусу катары көрсөтсөм, бул мени оорчулуктардан куткарат, анткени ар бир адам кылтакка илинип калышы мүмкүн”, - деп, “Мемориалдын” кызматкери алардын логикасын түшүндүрөт. "Тоголок арызчы башка адамдын үстүнөн арыз жазып, өзүнүн берилгендигин да билдирет."
Архипова СССРде азыркы Россиядан айырмаланып, билип туруп арыз жазбай коюу беренеси болгонун эскерет. Куугунтуктан кутулуунун бирден-бир жолу болсо, кээде арыз жазган адамдага каршы арыз жазуу болгон. Башкача айтканда, өзү үчүн коркуу учурдагы орустарга караганда, совет элинде алда канча күчтүү болгон.
Тоголок арыз жазганга сыймыктануу
Александра Архипова совет учурундагы тоголок арыз жазуу менен азыркынын ортосундагы маанилүү айырманы байкайт. Ал кезде тоголок арызчылар же толугу менен анонимдүү болушкан, же арыз берген адамдын аты-жөнүн тергөөчүлөр менен сот гана билишчү, коомчулук билген эмес. Азыр арызчынын өзү тоголок арызы тууралуу эл алдында айтып жүрөт.
Маселен, актёрлор Данила Козловский менен Лия Ахеджакованын жана “Проект” (көп өтпөй басылма ылайыксыз уюм катары таанылган) басылмасына каршы арыз жазган коомдук ишмер Виталий Бородин өзүнүн ишмердүүлүгү менен сыймыктанып, ар жерге интервью берип жүрөт. Региондордон баштап Думада отурган көптөгөн депутаттар тоголок арыздарды жазышып, бул тууралуу өздөрүнүн телеграмм каналдарында аткарылган иш катары отчет беришет.
“Мемориалдын” кызматкерлерине каршы козголгон кылмыш ишинин негизинде “Россия ардагерлери” уюмунун тоголок арыздары жатат. Алар да бул ишке катыштыгы бар экенин сыймыктануу менен айтып келишет.
Ошол сыяктуу эле, “Зов народа” кыймылы салтанаттуу түрдө “Вконтактедеги” өз баракчасына Face (чыныгы аты Иван Дремин) аттуу рэперге каршы жазган арызын жарыялады. Согушка жана орус бийлигине каршы оюн ачык билдирген музыкант-"чет элдик агент" 1-сентябрда “Ничего хорошего” аттуу жаңы альбомун чыгарды. Ошол эле күнү анын үстүнөн ыкчам түрдө Тергөө комитетине, Федералдык коопсуздук кызматына (ФСБ) жана Башкы прокуратурага арызданышкан.
"Бул аялдын кебетеси суук, ал Мизулинага окшош.” - деп ырдайт Дремин ырынын биринчи сабында. Бул Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесин жана Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинин 5.61. беренесин бузуп жатат”, - деп жазышат алар тоголок катында, алар бул сөздөрдөн бийлик өкүлүн мазактоону көрүшкөн. Ал эми “Мен Кремлге молотов ыргытуу үчүн Россияга кайтып келем” деген сапта “патриоттор” экстремизмге ачык чакырууну көрүшкөн (РФнын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси).
"Иван Дремин атайын аскердик операция башталгандан кийин Орусиядан чыгып кеткен, ошол учурдан тартып ал антироссиялык иш-аракеттерди ачык эле жүргүзүп, Европада украиндер жана Орусиядан качкандар үчүн концерттерди берип, Украинаны колдоп чыккан", - деп, даттануунусун салмактуурак кылуу үчүн активисттер рэпердин күнөөлөрүн тизмектешет.
“Учурда семантикалык өзгөрүү болуп жатат: “тоголок арыз жазуу” деген сөз өзүнүн терс маанисин жоготуп баратат”, - деп белгилейт антрополог Архипова. Адамдардын аң-сезиминде тоголок арыз жазуу, кардарга багытталган маданиятта нормалдуу көрүнүш болгон даттанууга окшоп баратат дейт ал. Арыздануучу өзүн “сөз ташуучу” эмес, алданган кардар катары сезет, өзүн туура кылып жатам деп эсептейт.
"Сиз Икеадан текче сатып алдыңыз дейли, аны үйгө келип орнотом десеңиз узундугу туура келбей калды, анда сиз дароо Икеага жазасыз, арызданасыз, туурабы? Эгерде ал жактан реакция болбосо, анда Фейсбукка пост жазып, ошол жерге Икеаны белгилейсиз”, – деп мисал келтирет Архипова. "Мына ушул адат эми адамдарга да колдонулууда."
Азыр мындай даттануулар үчүн – интернет-дүкөндөрдөгүдөй кылып – мамлекеттик мекемелер да каналдарды ачып коюшкан. Мисалы, 2022-жылдын 15-мартында Тергөө комитети тарабынан ыкчам байланыш каналы ачылган.
Архипова ошондой эле эмне үчүн арызчылардын бала кездеги “сөз ташыган жаман” деген түшүнүгү азыр иштебей жатканын түшүндүрөт.
"Сөз ташуу, арыздануу жакшы эмес - бул бирок сиз "өз" деп эсептеген адамдарга тиешелүү", - деп түшүндүрөт ал. Ал эми согушка жана бийликтин иш-аракеттерине каршы чыккандарды, карама-каршы көз караштагы жарандарды “өз” деп эсептөө кыйын. Орус коомунда эмпатия салттуу түрдө төмөн, деп кошумчалайт ал: адамдар өзүнүн жакын чөйрөсүнөн, үй-бүлөсүнөн жана досторунан тышкары, башка бирөөнүн кызыкчылыгын коргоого даяр эмес жана “өз” эместерди түшүнүүгө да аракет кылышпайт.
Ал эми “Мемориалдын” кызматкери Алексей Макаров үч доордун: 1930-жылдар, совет доорунун соңку жылдары жана бүгүнкү күндүн ортосунда ачык окшоштуктарды көрөт. Коңшуларынын үстүнөн бийликке арызданганды жакшы көргөндөр үчүн ошол кезде да, азыр да коомдо жагымдуу жагдай түзүлүп келет.
"Бул бардык нерсеге аралаша берген, ошону менен өзүнүн коомдук активдүүлүгүн көрсөткөн адамдын түрү. Дагы бир маселе, буга мамлекеттик бийлик кандай реакция кылат. Арызды таштанды челекке ыргытабы же иш козгойбу?” - деп билдирет ал.
Архипова болсо маселенин тамыры өзгөчө типтеги адамдарда эмес, коомдогу атмосферада деп эсептейт: “Адамдарда ушундай жүрүм-турум жаралган. Ар бир нерсеге арызданса болооруна депутаттар үлгү көрсөтүп, эл аларды ээрчий баштады. Коом адамдарды ушуга үйрөтөт, мындай жүрүм-турумга коом макул болуп жатат.” Бийлик ички душмандар жөнүндө сөз кылууну көнүмүш адатка айландырган – ошондуктан эл ошол душмандарды издей баштайт.
“Тилекке каршы, адамдардын эң жаман тарабын ачуу үчүн көп жылдык күч-аракет талап кылынбайт. Жазасыз калтыруу жана андай ишти кубаттоо жетиштүү. Ошондо керектүү абал тез эле түзүлөт", - деп жыйынтыктайт Алексей Макаров. (DО)