You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Россияда Инстаграмга пикир жазган студент он жылга соттолууда
- Author, Стив Розенберг
- Role, Би-Би-Синин Россиядагы кабарчысы, Архангельск
- Published
Университеттин студенти Олеся Кривцова көп сабактардан калды. Себеби 20 жаштагы кыз үй камагында отурат. Анын бутуна электрондук белги салынган. Полиция анын ар бир кадамын аңдып турат.
Анын жазыгы эмне дейсизби? Олеся социалдык тармакта согушка каршы өзүнүн ой-пикирлерин жазганы үчүн кармалган. Алардын бири өткөн жылы Россия менен аннексияланган Крымды бириктирип турган көпүрө жардырылганда жазылган.
«Мен Instagram'га көпүрөнүн окуясын жазгам, — дейт Олеся Би-Би-Сиге, — украиндер бул окуяга кандай кубанып жатканы тууралуу болчу».
Ал ошондой эле курбусунун согуш тууралуу пикирин бөлүшкөн.
Ошондон кийин бейкапар жашоосуна бүлүк түштү.
«Мен апам менен телефондо сүйлөшүп жаткам» - дейт Олеся. - Аңгыча эле сырткы эшик ачылып, толтура милиция кирип келди. Менин телефонумду тартып алышып, полго жат деп мага кыйкырышты».
Олесяга терроризмге жан тартты жана Россиянын куралдуу күчтөрдүн жаманатты кылды деген айыптар тагылды. Ал бул беренелер боюнча он жылга чейин түрмөгө кесилип кетиши мүмкүн.
«Мен Интернетте бир нерсе жазып койгон адам ушунча узак мөөнөткө түрмөгө кесилет деп ойлогон эмесмин»— дейт Олеся. «Мен Россияда аша чапкан көп эле сот окуяларын окугам, бирок аларга көңүл бурбай эле өзүмдүн ой-пикиримди жаза бергем».
Архангельскидеги Түндүк федералдык университетинин студенти Россиядагы террористтер менен экстремисттердин расмий тизмесине киргизилди.
«Мени мектепти канга боегон кылмышкерлер жана «Ислам мамлекети» тобу менен бир тизмеге киргизишкенде бул келесоолук деп ойлодум", — деп эскерет Олеся.
Үй камагынын талабы боюнча ага телефондо сүйлөшүүгө жана интернетке киргенге болбойт.
Олесянын оң бутуна белги чегилген - анда Россиянын президенти Владимир Путин жөргөмүштүн образында тартылган, астында «чоң байкең сени карап турат» деген жазуу бар.
Бирок Олесянын окуясында аны чоң байкеси эмес, өзү менен эле чогуу окуган курсташтары аңдып, айгак болушкан.
«Курбум мага чатта мен жөнүндө жазылгандарды көрсөттү, — дейт Олеся, — менин атайын операцияга каршы экеним жөнүндө жазылыптыр. Бул чатта көбүнчө тарых факультетинин студенттери экен. Алар мен тууралуу бийликке билдирүү керекпи-жокпу, ошону талкуулашыптыр."
Би-Би-Си ошол чаттагы талкуунун үзүндүлөрүн жарыялайбыз.
Андагы бир пикирде Олесяны «патриоттук духту түшүргөн жана экстремисттик мүнөздөгү чагымчыл пикир" жазганы үчүн айыпташкан. «Согуш убагында мындай кылган болбойт. Муну бүчүр кезинде жок кылыш керек».
«Келгиле, аны ашкере кылалы. Атайын кызматтар акесин таанытсын».
"Бузукунун бетин ачуу — патриоттун милдети», — деп жазат башкасы.
Кийин сотто кылмыштын күбөлөрүнүн тизмесин окуганда Олеся студенттик чаттардагы ысымдарды тааныды.
Кремль Украинада «атайын согуштук операция» (Россиянын коңшу өлкөгө кол салуусун атайын ушул термин менен айтышат) баштаганына бир жыл болду. Кол салуудан бир нече аптадан кийин Путин Россиянын калкына кайрылып, «чыныгы патриотторду бузукулар менен чыккынчылардан бөлүп кароого чакырык жасаган».
Ошондон бери бүт Россияда согушка каршы болгондордун үстүнөн советтик жолойдогу билдирмелер түшүп жатат. Анын ичинде мугалимдерине айгак чыккан студенттер, чогуу иштегендерин карматкан жумушчулар бар.
Кол салууну ачык айыптоо, башка бирөөнүн пикирин колдоп бөлүшүү опурталдуу иш. Россиянын бийликтери элден Украинага кол салууну кыңк этпей колдоого алууну талап кылышууда. Эгер колдобосоң, анда жок дегенде оозуңузду басып отурушуң керек. Эгер тилиңди тарта албасаң, анда башкача ойлонуп, башкача сүйлөгөндөр үчүн жазалоочу мыйзамдар бар. Анын ичинде «куралдуу күчтөр» жөнүндө жалган маалымат таратууга жана «армияны жаманатты кылууга» тыюу салган мыйзамдар бар.
Украинада өлтүрүлгөн орус жоокеринин калдайган портрети Архангелскиде тогуз кабаттуу үй тараптан карап турат, анын алдында «жоокер болуу - түбөлүк жашоо» деген жазуу бар.
Патриоттук чакырыктар максатына жетип жаткандай. Архангелскинин көчөлөрүндө согушка каршы сүйлөгөндүгү үчүн соттолуп жазаланып жаткандарга жан тарткан адамдар көрүнбөйт.
«Биздин армияны жаманатты кылып же жалган маалымат таратып жаткандар - акылы жоктор», — дейт Константин. «Аларды согушка жибериш көргүлүктү көрсөтүш керек».
Патриоттук, пропагандисттик ураан-чакырыктар бүт Россия боюнча жайнап чыгууда.
«Мен атайын операцияны сындагандарды жаман көрөм»,-дейт Екатерина.
Бирок социалдык тармакта бир пикир жазып койгон үчүн чоң мөөнөткө түрмөгө кесүү аша чапкандык эмеспи?
«Адамдар мээси болсо ойлонуш керек», — дейт Екатерина. «Алар бул өлкөдө жашап, анын нанын жеп, жакшылыгын көрүп жаткандан кийин, эгер патриот болсо, анда мыйзамдарды аткарышы керек».
Ошол биз жолуккан күнү Олесяга үйүнөн чыкканга уруксат беришти. Бирок сотко барганга гана чыгарышты. Коргоочулары анын кыймылына салынган чектөөнү алып салууга сотторду көндүргөнгө аракет кылууда. (КС)